Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

К. Загибаев: Сот адилет өтөрүнө ишенбейм


Апрель окуясында бийликтин аткан огунан курман болгондорго эстелик
Апрель окуясында бийликтин аткан огунан курман болгондорго эстелик

Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жактоочуларынын бири Кайрат Загибаев элге ок аткан бир да снайпер кармалган жок деп эсептейт.

- Кайрат мырза, сиздин кээ бир кесиптештериңиз, айыпталып жаткандардын адвокаттары сотту Спорт сарайында өткөрүү зарылчылыгы жок деген пикирин айтып жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

- Мен аларга кошулбайм. Мен жана мен жактап жаткан офицерлердин деле пикири – сот кайсы жерде болсо деле баары бир. Бизге сотту мыйзам чегинде, адилет өткөрсө кайсы жерде өткөрсө да макулбуз. Убадалар берилип атат, адвокаттардын жана айыпталуучулардын коопсуздугун сактап беребиз деген. Эми Бишкекте мындай чоң процессттерди өткөрө турган кенен зал жок, ошондуктан, соттун иштегенине жакшыраак шарт түзүү үчүн ошол Спорт сарайын тандап алышкан болуу керек. Бул жерде кимдир бирөөнүн укугун тебелөө жок деп ойлойм.

- Бул жерде соттолуучулар менен алардын жактоочулары – сиздердин коопсуздугуңуздар тууралуу да сөз болуп жаткансыйт. Анткени сизге деле белгилүү болсо керек, июнь коогалаңы боюнча соттук иштер кандай өтүп жатканы?..

- Биз сотко чейин апрель окуясында каза болгон балдардын туугандары менен жолугуп, аларга маалымат берели деп атабыз. Анткени убактылуу өкмөттүн кээ бир кызматкерлери, тергеген Башкы прокуратура, мекеме аралык тергөө тобунун кызматкерлери, Азимбек Бекназаров баш болуп, жабырлануучуларга туура эмес маалымат беришкен. «Биз мына снайперлерди кармадык, алар «Альфанын» балдары» деп туура эмес маалыматтарды беришкен. Ошондуктан жабырлануучуларды да түшүнүүгө болот. Алар балдары кайтыш болгондон кийин ызасы бар. Ошол себептен биз аларга чыныгы иштин жөнүн айтып, туура маалымат берели, сотто баарыбыз тартипти сактайлы деп айталы деп атабыз. Анткени биздин балдардын биринин да күнөөсү жок, алардын куралдары баары баллистикалык текшерүүдөн өткөн, экспертиза аныктаган жок алардын киши өлтүргөнүн.

- Жыйырма тогуз кишинин үсүнөн соттук териштирүү башталат экен, алардын ичинде «Альфа» жана мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлери, алар менен кошо эле мурдагы бир катар жогорку денгээлдеги аткаминерлер да бар экен. Булардын баарын бир процесске киргизип, соттоого мүмкүнчүлүк кандай? Бул өтө эле чоң процесс болчудай…

- Мындай чоң процесстер боло берет. Бирок ушуга бир аз шарт түзүп берсе, сотко эч кандай кысым болбосо иш боло берет. Прокурор, адвокаттар деле иштей берет. Бирок биздин коопсуздугубузду кээ бир катуу чиренген кызматкерлер сактай турган болсо, анда баары тескерисинче болушу мүмкүн. Аларды сотко жолотпой айдап чыгуу керек.

- Бул соттук жараянга канча адвокат катышып жатасыздар?

- Жыйырма тогуз адамдын отуздан ашык адвокаты бар. Ошонун баары катышат го деп ойлойм.

- Ушул сот мурдагы бийликтердин тушундагы соттордон айырмаланып, адилет болот деген ишеничиңиз барбы?

- Мен ишенбейм. Анткени бул саясий буйрутма болуп жатат. Азыркы бийлик жабырлануучу тарапка революция маалында каза болгон балдардын ата-энелерине, үй-бүлөлөрүнө туура эмес маалымат берип, «кылмышкерлерди кармадык, таптык» деп атышат. Чындыгында бир да снайпер кармалган жок. Мен өзүм «Ооганчылар биримдигинин» төрага орун басарымын, июнь окуясында бийлик бизди суранып, Ошто кызматта болдук. Ошондуктан, июнь окуясында да адамдарды атып өлтүргөн чыныгы кара мүртөздөр кармалган жок. Ал эми мен жактап жаткан балдардын биринин да күнөөсү жок, анткени ал экспертиза тарабынан тастыкталган жок.


-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG