Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

“Альфанын” тагдыры шайлоодон кийин чечилет


7-апрелдеги ок атууларга катыштыгы болгон деген айып менен камакка алынган атайын даярдыктагы «Альфа» аскердик тобунун командири Алмазбек Жолдошалиев жана аталган топтун үй камагындагы жети аскеринин соту парламенттик шайлоодон кийин болот.

Анткен менен айрым серепчилер апрель окуяларынын негизги күнөкөрлөрү сот жообуна тартылбай, буйрук аткарган аскерлер күнөөлөнүп жатат деп коңгуроо кагышууда.

7-апрелдеги ыңкылапта ок атууларга катышкан, курал-жарактарды кароосуз калтырып кеткен деген айыптоолор менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына баш ийген атайын даярдыктагы «Альфа» тобунун сегиз мүчөсү камакка алынган.

25-августта Бишкек шаардык соту аталган аскердик бөлүктүн командири Алмаз Жолдошалиевди камакта кармоо чечимин чыгарган. Аны менен кошо айыпталып жаткан жети кызматкер үй камагына алынган.

Бишкекти каптаган кара түтүн
Кезегинде бул топту негиздеген "Альфа-Антитеррор" коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбековдун билдиришинче, "Альфа" тобунун сегиз мүчөсүнүн соту парламенттик шайлоодон кийин болоору күтүлүүдө. Ага чейин камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аскерлердин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылууну көздөп жатышат.

Артур Медетбеков аскерлердин канчалык деңгээлде күнөлүү экенин сот чечерин, бирок сотко чейин "Альфанын" мүчөлөрү негизсиз кармалып жаткандыгын айтат. 7-апрелде бул топтун мүчөлөрүнө тиешелүү курал-жарактардан эч кимге ок тийбегендиги экспертизадан кийин аныкталганын билдирет:

- Топтогулар "биз эгер күнөөбүз болсо биз жоопкерчиликти тартабыз. Мамлекет, элдин арасында жоопкерчиликти тартабыз" деп айтып жатышат. Бирок "силер 7-апрелде иштегенсиңер, силер автомат, снайпер менен жүргөнсүңөр" деп буларды азырынча кармап жатышат.

Күйүтү күчтүүлөрдүн талабы

Анткен менен "Мекен шейиттери" өңдүү бир катар кыймылдар 7-апрелдеги 86 адамдын өлүмүнө себепкер болгондорду таап, жазалоо талаптарын коюп келишет. Элге ок аткан деген айып менен жоопко тартылган "Альфа" аскердик бөлүгүнүн кармалган аскерлери туурасында маселени УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев өкмөттүн коопсуздук боюнча жыйынына чейин көтөрүп, топтун мүчөлөрүнүн тагдырын талкууга койгон. Өз кезегинде президент Роза Отунбаева элдин талаптарын орундатуу үчүн "Альфа" тобуна буйрук берген Мурат Суталиновду кармоо талабын койгон эле.

Талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, "Альфа" аскердик бөлүгүнүн аскерлери кармалышы элдин талабын аткаруудагы бир аракет болуп жатат:

- Мына азыр элдин баары догурунуп, "менин балам өлдү, менин балам эң чоң революционер болчу, ал министр болмок, өчүн алып бер, аларды камагыла" дегендиктен тигилерди камап жатышат. Бирок тигилер өзүнүн милдетин аткарып жаткандан кийин аларга эч ким кол көтөрүп сотко берүүгө укугу жок. "Альфа" болобу, жөнөкөй аскер болобу алар милдетүү, ыйгарым милдетүү иште турган.

Күч күчтүүнү тартат

"Альфа" аскердик тобу террорчулукка каршы күрөш жүргүзө турган топ катары 1992-жылы 27-октябрда УКМКнын алдында түзүлгөн. Бул топтун аскерлери психо-физиологиялык жактан мыкты даярдалып, өлкөдөгү маанилүү аскердик топ болуп саналат. Топтун аскерлери бир катар өлкөлөрдөн аскердик даярдыктан өтүп келген.

Мурдакы президент К. Бакиевдин бийлиги учурунда "Альфаны" УКМКнын башчысы Мурат Суталинов менен бирге көмүскө түрдө Марат Бакиев башкарып келгендиги туурасында божомолдор бар. Аталган топко УКМК тарабынан 7-апрель күнү «Форум» ишканасынын алдына чогулган элди токтотууга аракет кылган ички иштер кызматкерлерине көмөктөшүү буйругу берилген. Муну менен бирге топтун мүчөлөрү Ак үйдү коргоого да катышкан.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында, атайын даярдыктагы "Альфа" аскердик бөлүгүнүн сегиз мүчөсүнүн сот жообуна тартылышы күч тармактарындагы кызматкерлердин бийликке болгон ишенимин азайтышы мүмкүн:

- "Альфанын" адамдарынын бирөөнүн да тиешеси жок. Анткени расмий түрдө баллистикалык экспертиза боюнча "Альфанын" куралдарынан бир да ок чыгып адамды аткан жок. Эмне себеп менен аларды камап жатат? Мейли камасын… Бирок офицерлер, милиция болобу, коргоону болобу, погон тагынып жүргөндөрдүн бийликке ишеними жок болот.

Ошентип атайын даярдыктагы "Альфа" аскердик бөлүгүнүн сегиз мүчөсү сот жообуна тартылганы турат. 7-апрелдеги окуяларда күнөөсү бар деп, кылмыш иши козголгон мурдагы бийликтин Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов баштаган өкүлдөрүн жоопко тартууга болгон аракеттерден майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG