Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Ала-Тоодо мөңгүлөр азайып баратат


Кыргызстандын сүрөтчүлөр жамааты жана “Мөңгү” фонду кыргыз мөңгүлөрүн сактап-коргоо боюнча кайрылуу менен чыкты. Жер шарынын глобалдык ысуусунан жана экологиялык булгануудан мөңгүлөр эрип баштады. Кыргыз мөңгүлөрүнүн Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң. Андыктан тоо-таштарды бузуп-жарууну токтотуу зарыл.

2002-жыл Кыргызстанда “Тоо жылы” болуп жарыяланып, Бишкекте эл аралык Биринчи Тоо саммити өткөн эле. Ошондо Кыргызстандын демилгеси менен ООН аркылуу атайын резолюция кабыл алынып, 11-декабрь бүткүл дүйнөдө эл аралык Тоо Күнү болуп белгиленип келатат.

ООНдун 2008-жылдын январындагы резолюциясы боюнча 2009-жылдын октябрында Бишкекте Экинчи глобалдык Тоо саммити өтмөкчү. Анда тамак-аш, климат жана өнүгүү кризистеринин маселелери каралат.

Кечээ жакында Нью-Йоркто өткөн ООНдун генералдык ассамблеясынын 63-сессиясына катышып келген академик, өлкө президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Асылбек Айдаралиев аталган сессияда дүйнөдө болуп жаткан кагылышуулардын 80 пайызы тоолуу аймактарда болуп жатканы жана бул тоо шарттарынын бузулушуна алып келип жатканы айтылганын белгиледи:

-Көңүл буруп көрсөңүздөр – мындай кагылышуулар Кашмирде, Тибетте, кечээ жакында согуш токтогон Непалда, Афганистанда, Колумбияда. Ал жердеги элдер тамак-аштын тартыштыгынан колдоруна мылтык алышууда. Андыктан ООНдун сессиясында мындай мамлекеттерге жардам берүү жагын кароо айтылды. Ал эми Кыргызстандын тоолоруна келсек, абал жакшы эмес. Ысык-Көлгө баратканда жакшылап карасаңыздар, сол жактагы тоолордо мөңгүлөр калбай калган. Жерлер да жайдак тартып баратат. Азыр дүйнөдө экологиялык абал оор. Кыргыз мөңгүлөрү жалпы Борбордук Азия мамлекеттерине азык болуп турган байлык. Мөңгү – суу, мөңгү – таза аба, мөңгү – бак-дарак, мөңгү – жарык, мөңгү – кыскасы жашоо.

Акциянын өтүшү менен кыргыз сүрөтчүлөрүнүн живопистик, графикалык, кол өнөрчүлүк эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдөгү ар бир эмгекте кыргыз Ала-Тоосунун, мөңгүлүү чокулардын ажайып көрүнүшү чагылган. Кыргыз тоосуна, мөңгүлүү чокуларга кайрылбаган бир да кыргыз сүрөткери жок. Андыктан кыргыз көркөм сүрөтүнүн 80 пайызын тоолор түзөт. Сүрөткерлердин айтымында – ак мөңгүлүү чокулардын өзү тургай, кагазга түшүрүлгөн элеси да көрөрманга эстетикалык ырахат берүү менен, көңүлүн көтөрүп саламаттыгына да оң таасирин тийгизет.

-Бала кезден тоолордо чоңоюп ойлочубуз да, мөңгүлүү чокулар ушул калыбынан жазбай түбөлүк тура берет деп...Көрсө андай эмес экен. Мөңгүлөрүбүз эрип жаткан турбайбы...Мөңгүлөрүбүздү жоготсок – багыбыз да жоголот, малыбыз да жоголот, өзүбүз да жоголобуз. Мөңгү бул – таза аба, таза дары суу экен. Токойлорду кыюуну токтотуш керек. Табиятка экологиялык жогорку билим менен, назик аео сезими менен карайлы. Ал эми көргөзмөдөгү эмгектерди биз сатыкка коюп жатабыз. Сатыктан түшкөн каражат “Мөңгү”долбоорун колдоого жумшалат. Мен ушул сүрөт эмгектерин сатып алгыла деп бизнесмендерге кайрылар элем. Алар сатып алуу менен, фонддун ишине чоң колдоо көрсөтүшөр эле,- дейт Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Курманов.

Мерцбахер атындагы “Мөңгү” коомдук-экологиялык фондунун президенти Үрүстөмбек Кабылбеков жакында жарык көргөн өзүнүн “Мөңгүлөр ден соолуктун булагы” аттуу китебинен үзүндү окуду:

Бул ыйык эл, калпактары мөңгүдөй,

Челип турган Айды, Көктү, жылдызды.

Кышкы тоолор – элечекчен энелер,

Капшытынан агып турган ырыскы...

“Мөңгү” фонду мындан ары төмөнкү долбоор менен иштемекчи:

Биринчиден Кыргызстандын бийиктиги 5 миң метрден өйдө турган 14 али аты жок чокусун ааламдын пайгамбарларынын ысымдары менен атоо жана “Кыргызстан тынчтыктын аймагы”, “Борбордук Азия согуштан тыш аймак” деген эл аралык акцияларды өткөрүү.

Экинчиден дүйнөлүк альпинисттердин слетун Кыргызстанда өткөрүү жана Кыргызстандын тоолорунда жаткан 40 тан ашык альпинисттин сөөктөрүн алып жерге жашыруу.

XS
SM
MD
LG