Жаңылыктар | 24.08.2025 | Жеңиш чокусунда калган альпинистти куткаруу токтотулду
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын ырастады. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган. Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келаткан. 12-августта Наговицинанын буту сынып, баса албай, 7 100 метр бийиктикте калган. Орусиялык басылмалар 12 күндөн бери -25 градус суук жерде жаткан альпинист каза болгонун жазышты.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 15, 2025
Жаңылктар | 15.10.2025 | Көк-Жардагы жерлерди ким мыйзамсыз саткан?
Шерине