Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Чек арадагы үрөй учурган зомбулук


Сүрөө-Таш айылы чек араны бойлой жайгашкан
Сүрөө-Таш айылы чек араны бойлой жайгашкан

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын Сүрөө-Таш айылына куралчан кирип, жергиликтүү калктын үйлөрүн тинтип, сөгүп-сагып, уруп-сабап кетишти.

Сүрөө-Таш айылындагы кыргыз чек арачылары
«Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун директору Изатилла Рахматуллаевдин айтуусунда, чек арадагы чатак боюнча сүрөөташтыктар жана бир катар бейөкмөт уюмдар кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылуу жолдошту, бирок өтүнүчтөр жоопсуз бойдон калууда.

Кыргызстандын Кара-Суу районуна караштуу Сүрөө-Таш айылында үч миң киши жашайт. Аталган айылдын тургуну, Сүрөө-Таштагы аялдар кеңешинин төрайымы Малика Абдуллаева укук коргоочунун кебин төмөнкүчө ырастады.

- Акыркы мезгилде биздин айылда жашоо өтө кыйындады. Эмнеге дегенде Өзбекстандын аскерлери кыргыз жергесинде беймарал жойлоп жүрүшөт. А түгүл үйүбүздү аңтарып-теңтерип, азык-түлүктөрдү же башка товарларыбызды сурабай-этпей тартып алышат. Малыбызды да көз көрүнөө айдап кетишет. Кокус каршылык көрсөтүп, тил кайрысаң, автоматын такап «атам!» деп коркутушат. Биз өкүл жөнөтүп, өзүбүздүн чек арачыларды чакырып турабыз. Тилекке каршы, алар жетип келгиче, өзбекстандык жоокерлер бизди каалашынча кордогонго үлгүрүшөт.

Малика Абдуллаева жердештери айласы куруганда тынч аймакка көчүрүүнү бийликтен талап кылып жатышкандыгын ачыктады.

Өзүн Жахангир деп тааныштырган жигиттин эсебинде жогорудагы окуя биринчиси эмес:

- Чек ара тилкесинде зордук-зомбулук коштогон окуялар көп кайталанууда. Жакында Кыргызстандын Сүрөө-Таш кыштагына Өзбекстандын төрт аскери кирип, бир жердешибизди себепсиз өлөөрчө сабап ташташты. Тууган-уруктары, айылдаштары жалдыраганына карабастан, жаралуу жигитти жүктөп барып, Анжиян ооруканасына жаткырып коюшту. Мекендешибиздин кийинки тагдыры туурасында Өзбекстан эч нерсе дей элек.

Kыргыз-өзбек чек арасын бөлгөн дубал, Сүрөө-Таш айылы
Жахангирдин айтымында, өзбек чек арачыларынын чектен ашкан жоруктары тыйылбаса, сүрөө-таштыктар бир күнү аларга катуу сокку урууну болжолдошууда.

Кыргыз Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, Сүрөө-Таштагы тинтүүлөр туурасында кабары жоктугун айтып, шарп оорусуна байланыштуу Өзбекстан чек арасын жабык абалда кармоону улантып жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, Сүрөө-Таш окуясын териштирүү боюнча комиссиянын төрагасы Абдысатар Шаятов Өзбекстан тарап аскерлеринин баскынчылыгын мойнуна албай жаткандыгын белгиледи.

Бийликтин өкүлү Абдысатар Шаятовдун божомолунда, чек ара көйгөйү жакынкы жылдары жөнгө салынбаса, коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын тирешүүсү чоң чатакка айланышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG