2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата Орусия жана мурдагы союздук республикалар боюнча “Адабият жана окуу” жылы болуп жарыяланган. Чет өлкөлөрдөн аталган иш-чарага катышуу үчүн жүздөн ашык конок чакырылды.
Бүгүн Бишкекте мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында ишин баштаган “Айтматов жана бүгүнкү учур” эл аралык Форуму “Маданият – азыркы учурдун эпицентри” аттуу пленардык жыйын менен ачылып, андан кийин массалык маалымат каражаттары үчүн пресс-конференция менен уланат.
Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтымында аталган иш чаранын мамлекеттер аралык маданий байланыштарды жакшыртууда жана ички маданий маселелерди чечүүдө мааниси чоң:
- Форумда бүгүнкү учурдун адабиятка, маданиятка, билим берүүгө тиешелүү маанилүү маселелер, китеп окууну жалпы адамзаттык дөөлөткө айлантуу сыяктуу маселелер каралат. Катышуучулар ошондой эле бүгүнкү дүйнөлүк адабий процесске да бааларын беришет.
Форумдун жүрүшүндө “Чыңгыз Айтматовдун жана башка улуттардын классиктеринин чыгармачылыгы – шериктеш өлкөлөрдүн жалпы байлыгы” жана “Чыңгыз Айтматов улуттар аралык классиканын генийи” деп аталган тегерек үстөл жыйындары өтөт. Жыйындын өтүшүнө кыскача маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышев токтолду:
- Мурдагы союздук республикалардын баарынан жана башка чет өлкөлөрдөн адабият, маданият ишмерлери, белгилүү окумуштуулар келишти. Кыргызстандан да белгилүү инсандар катышат. Аталган Форумда адабиятка, маданиятка тиешелүү бир топ маселелер боюнча жандуу пикир алышуулар болот деп ишенем.
Форумдун иши 26-февралда Ата-Бейит көрүстөнүндөгү Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюп, куран окуу менен башталат. Андан кийин Форумдун катышуучулары Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз-славян университетинин студенттери менен жолугушат.
Мына ушул “Айтматов жана бүгүнкү учур” аттуу эл аралык жыйындын алкагында “Маданият” аттуу мамлекеттик басманын ачылышы да күтүлүүдө. Мындай басманы ачуунун максатын Мамасалы Апышев төмөнкүчө белгиледи:
- Улуттук маданияттын, адабияттын эң мыкты үлгүлөрүн сактап калууда болуп жатат мамлекеттик басманы ачуудагы башкы максат. Антпесе жеке басмалар көбүнчө коммерциялык багытта өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарында иштеп жатышпайбы. Андыктан улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн басманы ачуу зарыл болуп калды.
Филология илимдеринин доктору профессор Кадыралы Коңкобаевдин пикиринде мамлекеттик мындай басманын ачылышы зарыл болчу:
- Кийинки убакта Кыргызстандын жеке басмаларынан кандай гана китептер чыкпай жатат. Аларга көз салган эч ким жок. Жеке басмалар фирма катары каттоодон өтүп эле, автор эмнени берсе ошону чыгарып жатат. Же ал китептердин көбүндө адабий талап сакталса, же басма-полиграфиялык талаптарга жооп берсе... Мамлекет мамлекеттик басманы ача электе деле, ошол жеке басмаларга көзөмөл жүргүзүшү керек эле.
Бүгүн мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында “Айтматов жана бүгүнкү учур” аттуу эл аралык Форум ишин баштады. Форумдун алкагында “Маданият” аттуу мамлекеттик басманын ачылышы да күтүлүүдө.