Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Чет өлкөлөрдөгү абактардан 221 кыргызстандык экстрадиция болду


Орусиянын түрмөлөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын түрмөлөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылга карай Орусиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык 1210 жаран бар.

Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 13-январь күнү Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Ал депутат Алтынбек Кылычбаевдин суроосуна жооп берип жатып, былтыр чет өлкөлөрдөгү абактардан 221 кыргызстандык мекенине экстрадицияланганын, учурда дагы 124 кыргыз жаранын экстрадициялоого сот чечими чыгып, этапты күтүп жатышканын кошумчалады.

Коңкубаеванын маалыматына караганда, 2024-жылы жалпы чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан 128 кыргызстандык экстрадицияланса, анын 118и Орусиядан алып келинген.

Депутат Алтынбек Кылычбаев Орусиянын абактарында көптөгөн кыргызстандык жарандар камалып отурганын, аларды Украинадагы согушка азгыруулар болуп жатканын айтып, айрымдары экстрадиция тууралуу өтүнүч келтиргени менен жооп ала албай жатканын сынга алды.

Үмүткан Коңкубаева чет өлкөлөрдө кылмыш кылганы үчүн айыпталып, камалган кыргызстандыктарды экстрадициялоо маселеси тез каралып, тез чечилүүчү маселе эмес экенин билдирди. Бул эл аралык процесс экенин белгилеген прокурор Орусиянын өзүндө сот иштери бир нече айга созулушу ыктымалдыгын эскертти.

Орусияда иштеп жүрүп, түрдүү себептер менен абакка түшкөн кыргызстандык мигранттардын ичинен Украинадагы согушка азгырылып, ал жакта набыт болгон жарандар арбын.

Орусия Украинанын аймагына толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери жүздөгөн борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. "Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.

Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. (ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG