Орусиянын Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь 13-январга караган түнү Таганрог шаарына кеминде жети украиналык дрон менен чабуул жасалганын билдирди.
Орусиялык ASTRA Telegram-каналы жергиликтүү тургундардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө таянып, аймактагы "Атлант Аэро" заводу жана Бериев атындагы авиациялык оңдоо заводу бутага алынган болушу мүмкүн экенин жазды. Жарыяланган видеолордон бул объектилерде ири өрт чыкканын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, "Атлант Аэро" ишканасы согуштук дрондор үчүн тетиктерди, башкаруу системаларын жана радиоэлектрондук комплекстерин чыгарат. Анын өндүрүшү, өзгөчө, "Орион" дрондорун иштеп чыгууга багытталган.
Таганрог шаарынын мэри Светлана Камбулова аба чабуулунун кесепетинен беш көп батирлүү үй, үч жеке турак жай, эки өнөр жай ишканасы жана алты машинеге зыян келтирилгенин тактады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Таганрогдогу "Атлант Аэро" заводуна сокку урулганын ырастады. Украин армиясы бул ишкананы буга чейин да бутага алган. Маалыматка ылайык, завод 2025-жылдын июнь жана ноябрь айларында да дрон чабуулуна кабылган.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 13-январга караган түнү 89 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украин армиясы Орусиядагы согушту колдогон, каржылаган аскердик жана башка жайларга сокку уруп келет.
Шерине