Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Ажыга эми Кыргызстандын авиакомпаниялары алпарат


Ажыга барчуларды эми толук бойдон Кыргызстандын авиакомпаниялары түз Саударабстанга алпарат.

Ажыга барчуларды толук бойдон Кыргызстандан Саударабстанга учак менен алпаруу да, ага толук бойдон Кыргызстандын авиакомпанияларынын кызматынан пайдалануу да – көп жылдардан бери ишке ашпай келаткан көйгөйлөрдөн болчу.

Андыктан маалымат жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев быйыл зыяратчыларды Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан түз Саудиянын Жидда жан Медина шаарларына учуруууга мүмкүндүк болуп атканын айтты.

Жарандык авиация департаментинин деректири Александр Настаев сөздү мындайча улантты:

- Саударабстандын мамлекеттик бийлиги быйыл зыяратчыларды Кыргызстандын учактары менен алпарууга уруксат берди. Тактап айтсак, “Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Кыргызтрансавиа” жана “Манас эйр” ошол каттамдарды аткарат. Биздин мерчемибиз боюнча, 15 каттам Оштон, 4 каттам Бишкектен жөнөйт.

Учурда дүйнөнү дүрбөлөңгө салып аткан жугуштуу ооруларга каршы эмдөө ажыга аттанчуларга аябай зарыл. Бирок, эмдөө иштери Саударабстанда эмес, ушу Кыргызстанда жасалышы керек дейт Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Сабыржан Абдикаримов:

- Дүйнө жүзү боюнча жанагы чочко сасык тумоосу катталып атат. Ошол оору жугуп калбасын үчүн эмдөөнү кеминде сапарга чыгаардан 15 күн мурда алуулары керек. Болбосо тигил жакта вирус жугуп калышы мүмкүн. Ага кошумча миниңгит, кептөөр, безгек ооруларына каршы да эмделишип, биз тараптан тааным кагаз (сертификат) алышат. Ошондон кийин анан виза ачылыш керек аларга.

Сабыржан Абдикаримов ажы сапарындагыларды медициналык камсыздоо быйыл жылдагыдан алда канча артыкча болорун да кошумчалады.

Ал эми ажылыкты уюштуруу иштери быйыл дагы муфтияттын мойнунда. Өткөн жылы 33 ажы башчы дайындалса, быйыл ажы башчылык тааным кагазы 48 адамга берилген, алардын көпчүлүгү расмий дин кызматкерлери. Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун айтуусунда, быйл ажылыктын баасы өткөн жылдагыдай – 2400 америка доллары 1500 сом.

Андан кийин муфтий Мураталы-ажы Жуманов маалымат жыйынынын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып ажы башчылык тааным кагазы барларга гана кайрылгыла, автобус менен арзан алпарабыз дегендерге азгырылбагыла тааризинде кеңеш айтты.

Бул жагдайдагы Бишкек шаар тургуну Турат Элебаевдин пикири:

- Мындай нерсе жылда эле айтылат. Бирок, жылда эле арзанына качырып автобус-машина менен кеткендер, Казакстандын визасы менен кеткендер болот.

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи учак каттамы

5-ноябрь күнү сапарга чыгат.

XS
SM
MD
LG