Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Газ “калыңы” ноябрда чечилет


Кыргызстан өзбек газын буга чейин миң куб метрин 145 доллардан алып келген болсо, жаңы жылдан бул баа 300 долларга чыгаары күтүлүүдө. Бирок бул тууралуу сүйлөшүүлөр азырынча аягына чыга элек.

Өлкөнүн Өнөр-жай, отун ресурстары жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков Кыргызстан өзбек газын кандай баада сатып алаары ноябрь айында, эки тараптуу келишимдерде белгилүү болорун айткан эле. Министрдин айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга 2009-жылдын биринчи кварталында Бишкек жылуулук боорборуна (ТЭЦ) дагы кошумча 150 млн. куб. метр газ берет. Бирок айрым адистер мамлекет тарабынан бааны арзандатуу максатында эч кандай аракеттер жасалбай жаткандыгын айтышууда. Суу-энергетика маселелелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетов “бул багытта улуттук саясат жоктуганан өзбектер каалагандай мамиле жасап жатат”,- деген ойдо.

- Газды арзанырак сатып алганга аракет кылсак болмок, бирок андай аракеттер биздин мамлекеттен чыккан жок. Ушундай аракетибиздин жоктугун билип туруп өзбектер каалагандай мамиле жасап жатат.

Жаратылыш газына болгон баа 1-январдан тартып жогорулай тургандыгын расмий бийлик жарыя салып келет. Эксперттер кыш кычырып турган маалда өзбек тарап газды бербей коюшу да ыктымал деп болжошууда:

- Газ арзандабайт. 1-январдан тартып колунан келгени газды доллар менен алганга даярданып, колунан келбегени отун-суу жыйнап, тезек терип даярданып жатышат. Бааны мындан да кымбаттатып газ жетишпей жатат, газ түтүктөрү кыш катуу болгондуктан тоңуп калды демей өзбек туугандардын дайыма жасап турган адаты. Андай болушу да мүмкүн, -дейт Б.Мамбетов.

Ал эми Өнөр-жай, отун ресурстары жана энергетика министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Онкудович Кыргызстан газсыз калбайт дейт:

- Азырынча өзбек тарап менен баа тууралуу так келишим түзүлө элек. 300 доллар же андан да арзан, же кымбат болуп да калышы ыктамал. Азырынча белгисиз. Бирок Кыргызстан газсыз калбайт.

Кыргыз тарап “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына берүү менен “көгүлтүр от” маселесин жеңилдетүүнү ойлонуп жатат. Бул тууралуу меморандумга да кол коюлган. Ага ылайык “Газпром” 75 пайыз акцияга ээлик кылып, “Кыргызгаздын” акцияларын дагы ала тургандыгы айтылууда. Базарбай Мамбетов “Эгерде бул ишке аша турган болсо “Газпром” Өзбекстандан газдын келишин стабилдештирип, баасын да ылдыйлатып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар”,-деген ойдо. Ал эми ишкер Өмүрбек Абдыракманов “бул чечим өлкөдөгү газ боюнча абалды эч кандай өзгөртпөйт”, - дейт:

- Тескерисинче, монополисттерге берип коюп жатпайбы. Ошондуктан Кыргызстан толугу менен көз карандысыздыгын жоготот. Антимонополдук мыйзамдарды эске алып, ”Газпромго” толугу менен беребй башка жолун да караш керек. Анын үстүнө “Газпром” жеке менчик эмес, Орусиянын мамлекеттик ишканасы.

Өмүрбек Абдыракманов ошондой эле кандай болгон шартта да түз сүйлөшкөн оң деген ойдо:

- “Газпром” эмес Кыргыз тарап Өзбекстан менен өзүнчө эле сүйлөшүп, канчага сатса ошончого алган оң. Өзүбүздүн кошуна менен сүйлөшө албасак, кайдагы ортомчуларды жалдабай.

Ал эми шаар тургундары бул маселени өз мүмкүнчүлүктөрүнө карап чечип келет. Көпчүлүгү газ деле ала албай калгандарын, азыркы газ баллондор аз гана убакытка жетип калгандыгына нааразы болгонун айтышат.

Шаар тургуну Гулбайра Абдраимова азыркы шартта акча газга эмес, көмүргө жетпей жатканына капа:

- Кышка даярдык кыйын эле болуп жатат. Көмүр ала албай жатабыз. Көмүргө болсо акча артпай калууда. Үйдүн тегерегиндеги бак-шакты куурап калды деп эле кыйып коюп жатабыз, башка эмне кылабыз. Газ болсо кымбат. Мурда бир кичинекей баллонду 15-20 күн колдонсок, азыр ошол эле көлөмдөгүнү 10-12 күн эле колдонуп калдык.

XS
SM
MD
LG