Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Коррупция Ак үйдөн кете элек


Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү тууралуу көп айтылганы менен, иш жүзүндө өтө аз аракет жасалат. Байкоочулардын белгилөөсү боюнча жең ичинен жеп-ичмей оорусунан Ак үй да арыла элек. .

Коррупциянын деңгээлин иликтөөчү эл аралык “Транспаренси интернешнл” уюмунун көрсөткүчүндө Кыргызстан коррупциядан таза өлкөлөрдүн арасында 2003-жылы 118-орунда турган, өткөн жылы бул көрсөткүч 150-орунду көрсөткөн. Өлкөнүн быйылкы ээлеген орду 166-орунда. Кечээ коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык күнгө карата уюштурулган тегерек үстөлдө коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаров аталган уюмдун байкоосу негизсиз, деген пикирин билдирди:

-Транспаренси интернешнл уюмунун коррупциянын Кыргызстандагы быйылкы деңгээл тууралуу көрсөткүчү жумшак айтканда, негизсиз. Кыргызстандын коррупция менен күрөшүүгө саясий эрки бар. Бизде коррупция менен күрөшүү үчүн бир катар мыйзамдар кабыл алынган, каржылык терроризмдин алдын алуу боюнча атайын каржылык чалгындоо кызматы түзүлгөн, мына жакындан бери Коомдук ордо кеңеш түзүлүп жатат.

Садыр Жапаровдун сөзүнө каяша катары сүйлөгөн Транспаренси интернешнл уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айгүл Акматжанованын белгилөөсү боюнча өлкөдө коррупция менен күрөшүү тууралуу көп айтылып жатканы менен, иш жүзүндө өтө аз аракеттер болуп жатат:

-Биздин уюмдун индекси Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Фридом хаус, Глобал инсайт сыяктуу бир катар эл аралык институттардын иликтөө докладдарына таянып, түзүлөт. Булардын иликтөөлөрүнө таянып аткан соң, бул көрсөткүчтү танууга негиз жок. Биз коррупция менен күрөшүү тууралуу көп сөздөр сүйлөгөнүбүз менен, өтө аз аракет жасайбыз.

Айгүл Акматжанова коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу үчүн эң ириде саясий эрк болушу керек, деп эсептейт.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев март ыңкылабынын ыкыбалы менен жаңы бийлик орногондон бери Кыргызстанда коррупция азайды, деп айтуудан тажабай келет. Президент Курманбек Бакиев жакында эле жең ичинен жеп-ичмей жогорку бийлик бутактарында жок, бирок саламаттык сактоо, билим берүү, тартип коргоо органдарындагы жең ичинен жеп-ичмейди азайта албай жатабыз, деген пикирин билдирген эле.

ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирген пикиринде кыргыз бийлиги

Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатынан кете элек.

башынан коррупцияланган, деп эсептейт:

-Биз жакшы билебиз. Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатынан кете элек. Мына коррупцияга баткан бийлик. Азыркы бийлик мурдагы бийлик коррупцияга батканы үчүн кулап калды, деп кайталаганды жакшы көрөт. Бирок ошол мурдагы бийликтин коррупцияланышкан кызматкерлеринин бирөө жоопко тартылдыбы? Жок. Он беш жылдан бери тоноп, тышкы карызга батырып койгондордун бирөө жоопко тартылдыбы? Тескерисинче мурдагы бийликтин тушунда коррупциянын схемасын түзүп, жеп-ичкендердин баары айланып келип эле азыр бийликте кайрадан жеп-ичмей бизнесин жасап отурушат.

Кыргыз коомчулугунда жең ичинен жеп-ичмей бардык тармактарда 3-4 жыл мурдагыга караганда 2-3 эселеп көбөйгөндүгүн белгиленип келет. ИИМ экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча бир ай ичинде эле 500 сомдон 500 долларга чейин пара алып кармалган мамлекеттик кызматкерлердин саны ондон ашкан. Бирок пара алуу коррупциянын чети гана, негизги жара бийликтин башкы бутактарында, сот системасында, бажы, салык тармактарында, тартип коргоо органдарында дешет байкоочулар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG