Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

К.Сайназаров: “Жаңы конуштардагы турмуш аябай оор”


7-апрелде ыңкылапта жаштар олуттуу роль ойногон.
7-апрелде ыңкылапта жаштар олуттуу роль ойногон.

АКШ өкмөтү жаңы конуштагы жаштардын демилгелерин колдоп берди. Бишкектеги жаңы конуштар, андагы абал, жаштардын азыркы абалы тууралуу ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоорунун директору Кеңешбек Сайназаров маек курду.

- Кечээ билим берүү үчүн жаштарды колдоо долбоорунун жыйынтыктаган спорттук, билим берүү боюнча иш-чаралар болду. Сиздердин долбооруңуздардын зарылчылыгы эмнеде эле? Кандай максат койгонсуздар, ал максаттар ишке аштыбы?

Кеңешбек Сайназаров: Өзүңүздөр көргөндөй, 7-8-апрелдеги окуядан кийин келип чыккан долбоор деп айтсак болот. Себеби ал мезгилде көпчүлүк жаштар ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн таасиринде калып, алар ар кандай талап-тоноочулук иштерге барганын көрүштү.

Көпчүлүк элдер “биздин жаштар бүгүнкү күндө ушундай курал катары кабыл алынып, калыптанып калган турбайбы деп” айтышты. Биз болсо ошол долбоор аркылуу жаштарга билим берүүгө аракет кылып атабыз. 7-8-апрель окуяларында алар жаңы конуштардан келгени чын. Бирок алар өздөрүнүн конушун көтөрүүгө да мандемдери бар деп ошону көрсөтүү үчүн жасалган бир айлык долбоор болчу.

- Бир айдын аралыгында алар эмнеге үйрөнүштү?

Кеңешбек Сайназаров: Көпчүлүгү конфликттерди кантип жөнгө салыш керек, жарандык коом кантип түзүлүш керек, жарандык коомдогу институттардын ар биринин функциясы кандай болуш керек дегенди үйрөнүштү. Өздөрүнө керектүү жөндөмдөрдү ала турган практикалык семинарды өтүштү. Ошону менен эле биргеликте бош убакыттарында өздөрүнүн конуштарындагы социалдык объектилерди кайра жасап-түзөө боюнча иштешти.

- Бүгүн биздин «Азаттык+» жаштар берүүбүздө конуштардын жашоосунан алган берүү кеткен атат. Сиз жаңы конуштагы жаштарга кандай баа бересиз? Алар кимдер, эмне тууралуу кыялданышат, баарынан эмнеге муктаж?

Кеңешбек Сайназаров: Жаңы конуштагы жашоо аябай оор. Жаңы конуштардагы жаштар биздин бардык эле жаш жарандар сыяктуу эле өздөрүнүн кыялданган нерселери бар. Аларга мүмкүнчүлүктөр кеңейтип берсе эле, бийик-бийик жетишкендиктерге жетишет. Менимче бул эң негизги муктаждык. Жаңы конуш жаштарынын, айрыкча өспүрүмдөр арасында, акыркы олимпиадалык медалисттерибиз - Канат менен Руслан - аябай популярдуу. Негизги себебин сурасаң, жаштар "Канат менен Руслан экөө тең жаңы конуштардан эле чыккан мен окшогон балдар да" деп жооп беришет.

- Буга чейин эл аралык коомчулук, бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен конуштардагы жаштарды активдештирүү боюнча иш аракеттери жүрүп келатат. Жергиликтүү бийлик кандай чараларды көрүшү керек? Айталы жаңы конуштардын дээрлик көпчүлүгү массалык толундоолордон келип чыкпады беле, 90-жылдардын башы, 2005-жыл, Аксы окуялары, мына кечээ жакында эле апрель окуяларынан кийин да жер басып алуулар орун албадыбы. Жергиликтүү бийлик конуштардагы проблемаларды чечүү үчүн кандай чараларды көрүшү керек?

Кеңешбек Сайназаров: Конуштардын проблемасы бул биздеги болуп жаткан экономикалык-социалдык шарттарга байланыштуу деп айтат элем. Жаңы конуштар эмне үчүн пайда болду? Эгерде бизде мурункудай кичинекей шаарлар менен айылдарда жумуш менен камсыз кылуу, мүмкүнчүлүгү болгондо, жашоо деңгээли шаар менен айылдыкы бир аз болсо да теңдештирилгенде мындай нерсе чыкмак эмес. Ошондуктан айыл менен шаардын ортосунда жашоо деңгээли бир канча айырмалангандыктан элдин баары шаарга качты. Шаарга келгенден кийин батирлерде дайыма эле туралышпайт да. Анан мүмкүнчүлүгүнө жараша кичинекей үйлөрдү курганга туура келди.

Жергиликтүү өкмөт көбүнчө фасилитатор катары кызмат кылса. Алар мобилдүү болуп, коомчулуктан чыккан демилгелерди ишке ашыруу үчүн ар кандай булактарды тынымсыз изилдөөлөрү керек. Менимче борбордук өкмөттөн да, эл аралык уюмдардан да, бизнестен да жаңы конуштарды колдоого көп кызыгуу жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө жаңы конуштарга кошумча колдоо, каражат табуу анча деле оор эмес. Ал үчүн жергиликтүү өкмөт мобилдүү, менеджменттин заманбап талаптарын өз ишине колдоно алуу керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG