Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

Жаштар таштандыларга каршы!


Жаштар таштандылар менен күрөшүүнүн жаңы жолун ойлоп табышууда. Алар ыргытыла турган буюм-тайымдарга экинчи өмүр берүүнү үйрөнүп, шаарды таза кармоого чакырык ташташты.

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалы мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Таштандыга мүмкүнчүлүк бер!” деген аталышта сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүлөрү 11-февралда аныкталды.

И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин лицейинини окуучусу Нурсултан Кубатбеков жана ал жетектеген “Эл-Эко” жаштардын кыймылы бул сынакта өздөрүнүн бир канча плакаттары менен жеңүүчү аталышты. Алар өздөрүнүн эмгектеринде тазалыкты колго албаса, шаар таштандынын “алдында” калышы ыктымал деген чочулоосун билдиришкен.

Сынактын жеңүүчүсү Нурсултан Кубатбеков буларды айтат:

- Бишкекке ким келбесин, туристтер болобу, айылдан келгендер болобу борбордук аянтка чогулушат. Аянты да кооздоп берди. Бул жерде эмне жесе эле, таштандыны ушул жерге таштап кетишет. Бул биздин, кыргыздын бетине таштагандай эле болот да. Келечекте бирден таштанды таштай берсек ушундай болуп, таштандыга көмүлүп калабыз деген көз карашты, ойду айткыбыз келген.

Жакын арада жаштардын “Эл-эко” кыймылы маалыматтык иш-чараны баштаганы турат. Алар дал ушул экологияны булгабай, таштандыларды тазалоо иштери боюнча бүт университеттерди кыдырып, маалымат таратышмакчы. Нурсултандын айтымында, алар бул ишти ыктыярчы катары жасап жатышат.

11-класстын окуучусу Айгерим Иманкулова пластикалык эшик, терезелердин кыркындыларынан органайзер жасаган. Ал бул оригиналдуу жана пайдалуу эмгеги үчүн таштандыга экинчи өмүр берүү сынагынан 3-орунга татыды.

Айгеримге
бул идея агасынын иштеген жерине барганда пайда болгон. Айгеримдин агасы эшик-терезе жасаган фирмада иштейт:

- Мен эшик, терезелерден ашкан, кыркындылардан эле ушундай кагаз, калем, өчургүч сала турган буюм жасап койдум. Биз таштандыларды көчөгө ыргытабыз. Аны таштабай эле органайзер жасап, мектепке, иштеген жерге, окуган үстөлгө коюп койсо да болот.

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалынын иликтөөсү боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда таштандылардын 1 пайызы гана кайра иштетилет, калганы шаардык таштандылар жайында өрттөлөт экен. Адистер бул ден соолукка терс таасирин тийгизерин, ошол себептен таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу зарылдыгын белгилеп келишет.

Сынакты уюштуруучуларынын бири, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис Ильязов Мирбек эгер улуулар да өспүрүмдөр сыяктуу ойлонсо анда шаар биртоп таза болмок деген ойдо.

- Таштанды дегенде чоң кишилердин көзүнө жагымсыз, жаман нерселер ойго келет эмеспи. Ал эми өспүрүмдөр жакшы буюмдарды жасап коюшкан.

Жалпысынан сынакка 150дөй эмгек келип түшкөн. Өзгөчө жана пайдалуу буюмдарды жасаган, плакаттарды тарткан жеңүүчүлөр 300 евро жана диплом алышты.

Арасынан өтө жөнөкөй, бирок пайдалуу бумдарды, алсак ошол эле желим бөтөлкөдөн, ширеңкенин кабыгынан, ваза, балдар үчүн оюнчуктар, сувенир, роботторду табууга болот.

Өспүрүмдөрдун колунан жаралган бул буюмдар бир чети үйдү кооздоп берсе, экинчиден таштандылардын аз болушуна шарт түзөт. Бирок сынактын “катылган” максаты - бул маселени мамлекет жетекчилерине балдардын көз карашы менен жеткирүү болгон. Ал эми өкмөт бул маселени кандай өңүттө чечерин убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG