Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Калк казынага кол салгандарды жазага тартууну каалайт


Мурдагы бийликтин коррупциялык системасына каршы болгон эл Таласта көтөрүлүп чыккан. 6-апрель, 2010-жыл
Мурдагы бийликтин коррупциялык системасына каршы болгон эл Таласта көтөрүлүп чыккан. 6-апрель, 2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар Убактылуу өкмөт мыйзамдуулукту сактап, мамлекеттин казынасына кол салган коррупциялашкан чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну сунуштап, өлкөнүн түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө кайчы пикирлерин билдиришти.

Укук коргоочу Качкын Булатов "Азаттыктын" студиясында.
Укук коргоочу Качкын Булатов:
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин кармалганы тууралуу бардык массалык маалымат каржаттары жазып чыгышты.

Мурда Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев түштүк коогалаңына тиешеси бар делип кармалган. Эми буларды да бир-эки ай сурап, тергөө жүргүзгөндөн кийин “үй камагына” деп бошотуп жиберебесе болду. Себеби Убактылуу өкмөт бул маселеге өтө кайдыгер карап жатат.

Эгерде мамлекеттик кылмыш кылган адамдар ушинтип эле үй камагына чыгарылып, изин суутуп кете турган болсо анда элдин кыжырын келтирип, азыркы бийликке азуусун көрсөтүшөт. Буга чейин Үсөн Сыдыков, Искак Масалиев, Мүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Т.Турдумамбетов кармалышпады беле. Аларды да орустар айтмакчы “разводить” этип бошотуп жиберишти деген кеп чыкты эл арасында.

2005-жылы да Н.Танаевди, Жайсаңбаевди, Пакты, Адил Тойгонбаевди жана башка казынага кол салган чиновниктерди “камайбыз, жеген акчаларын кустурабыз” деп коомчулуктун бүйүрүн кызытып, убакыт өткөндөн кийин бошотуп жиберишпеди беле.

Анан да Ош, Жалал-Абад окуясына шылтап Максим Бакиев, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов, Марат Бакиев, Сапарбек Балкыбековду кармоо иштери улам унутулуп баратат. Эгерде Убактылуу өкмөт мыйзамдын чегинде иш алып барып, жогорудагыларды жоопко тартпаса, анда алар өздөрү эл алдында жооп берип калышат.

Базар-Коргондон Төрөкан Алимов: 2005-2010-жылдары тарыхый ыңкылаптын катышуучусу, белгилүү саясатчы, аксакалыбыз Топчубек Тургуналиев апрелде Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Кыргызстандын айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине башчы болду. Бирок Т.Тургуналиев кесиби боюнча токой чарбасына ылайыктуу адам эмес. Кыргызда жакшы бир макал бар "чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" деген. Саясат - бул тилинен чаң чыгып сүйлөөнү каалайт. Токой- бул эгүүнү, кайың-талды көбөйтүүнү каалайт. Ошондуктан токой чарбасына кесипкөй адамдар келип, Топчуке өзүнө ылайыктуу ишке өткөнү туура деп эсептейм.

Коомдук ишмер Бердибек Жумабаев: Мен өлкөнүн түштүгүнө чет мамлекеттен полиция күчтөрүн киргизүүгө каршымын. Анткени кыргыздын тилин, каада-салт, мүнөзүн билбей туруп, сырттан келип биздин күч органдарын үйрөтөт дегенге каршымын. Биз, кыргызстандыктар, буга чейин да армия киргизүүгө каршы болуп келгенбиз. Эми полициясы болобу, башкасы болобу киргизүүгө каршыбыз. Эгерде байкоочулар болсо мейли, аларга уруксат. Эгерде Убактылуу өкмөт күчүбүз жетпейт деп иш уюштуруучулугун көрсөтө албай, башка күчтөр керек дей турган болсо, анда биз, “Кыргыз эл биримдиги” кыймылы, өзүбүз элдик кошуун даярдайбыз.

Юстициянын генерал-майору, эксперт Кубатбек Кожоналиев: Бизди эл аралык уюмдар бир тармактуу тергөө, маалымат жүргүзүп, башка улуттардын укугун бузуп атасыңар деп күнөөлөп келатышпайбы. Алар кеңешчи катары кирип атпайбы. Ошолордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалансак биздин укук коргоо органдарынын иштери, жүргүзүп аткан териштирүүлөрү, менимче, эл аралык деңгээлде таанымал болмок.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG