Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

“Тал-терек көрсөң кыйбай жүр...”


Таласта акыркы учурларда массалык түрдө теректер кыйыла баштады. “Азаттыкка” айрым жергиликтүү тургундар “теректерди кыйып сатууда азыркы бийлик өкүлдөрү мурдагы бийликтей эле коррупцияга аралашып, өз кызыкчылыктарына пайда табууда” деген нааразылык менен кайрылышты.

Адистердин айтымында, Талас жери саздак болгондуктан Талас өрөөнү боюнча жол жээктерде, айыл ичинде жана Талас шаарында теректер 1950-жылдары көп тигилип, бүгүнкү учурда алардын алды 5-6 кубметрге жеткен.

Бир терек бир суткада канча бир тонна сууну өзүнө тартып, саздактан сактайт. Бирок акыркы 10 жылдан бери ар кандай шылтоо менен теректер абдан көп кыйылып келүүдө.

Ушул айдын башынан тарта өзгөчө Талас шаарынын ичинде теректер кескин кыйылып жатканы байкалууда. Талас шаарынын тургуну Жылдыз Алыбаева апрель айындагы ыңкылаптан кийин келген жаңы бийлик мурдагы бийлик башчылардын коррупциялык иштерин улантып, теректерди мурдагыдан да эки эсе көп кыя баштады деген пикирде. Шаар тургунун айтымында, жергиликтүү бийлик курулуш иштерине жараксыз, кулайын деген теректерди кыйбастан, жаш, мүчөсү түз теректерди кыйганы - бул жерде коррупциянын орун алганынан кабар берет:

- Жаш теректер кыйылып жатат. Бул теректер менен ким иш жүргүзүп жатат, башында ким турат? Элге бул табышмак бойдон калууда. Кыйылсын дегендердики кыйылбайт. Жакшынакай болуп турган, коопсуз абал түзбөгөн кара жыгачтар кыйылууда.

Жылдыз Алыбаева теректердин кескин кыйылганынан улам жер астындагы суулар көтөрүлүп, тамдардын боорун ным баса баштаганын кошумчалай кетти.

Талас шаарындагы Оторбаев көчөсүндөгү №1 орто мекептин спорт аянтчасынын жанындагы жаңыдан кыйылган теректердин жанына барып, кыйып жаткан адамдарды сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Эмненин негизинде бул теректерди кыйып жатасыңар?

- "Аварийный" деп чечим чыгып, ошол боюнча бизди жалдаган, кыйып жатабыз.

“Азаттык”: Мэрия жалдаса келишим барбы? Кайсы фирма, эмне болгон ишкананын атынан иштеп жатасыңар?

- Фирма эмес, жөн гана жалданма ишчилербиз, алар бизди жалдап жатат.

“Азаттык”: Атыңыз ким?

- Атымдын, фамилиямдын эмне кереги бар? Бизди жалдап жатат.

Теректи кыйып жаткандар Мэриянын 2009-жылдын 18-сентябрда чыгарылган токтомун көрсөтүштү. Алар да ушул жылдын жаз мезгилинен тарта облустук администрация тарабынан теректерди кыйууга тыйуу салынган мораторий жарыяланганын укпаганын кошумчалашты.

Учурунда бейөкмөт уюмду жетектеп, экологиялык багытта иш алып барып, “теректер кескин кыйылып жатат” деп айтып жүргөн, ал эми азыр Талас шаарынын мэринин милдетин аркалап жаткан Сирен Шейшенов “былтыркы жылдагы токтомдун күчү бар, теректер мыйзамдуу кыйылып жатат” деп, теректер картайып, кооптуу жагдай жаратканын белгиледи.

- 40-50 жаштан кийин теректин өмүрү өтүп калат. Бул экологиялык жактан такталган нерсе. Анткенден кийин биз өзүнүн өлчөмү, чени менен комиссиянын негизинде теректерди кыйууга укуктуубуз.

“Азаттык”: Демек теректер сиздин учуруңузга келип картайган экен да?

- Ошондой болсо керек, негизи туура айтып жатасыз.

Талас аймактык Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Токой жана экологиялык система бөлүмүнүн башчысы Султан Ибраимов да теректердин кыйылышын туура деп эсептейт. Анын айтымында, теректер картайып, шамалдан кулай баштаганына 10 жылдан ашты.

- Талас шаарында өзү экологиялык тилге алганда жер кыртышы өтө жакын, айрым жерде 15 сантиметрден 40 сантиметрге чейинки аралыкта. Кыртыштан тамыр нары кетпей жайылат. 2000-жылдары бир эле күндө катуу шамалда 10 чакты факылар болгон.

Бул боюнча атайын адистер менен байланышып, акыркы бир жылда Талас жергесинде канча терек кыйылган тууралуу так маалымат ала алган жокпуз. Жада калса айрым кыйылган теректерге Мэриянын буйругун да таба алышпай, ар кандай шылтоолорду айтышып, “тигиде болсо керек, мында болсо керек” деп бири бирине шылтап жатышты.

Убактылуу бийлик өкүлдөрү жакын арада бул башаламандык жойула турганын ырастоодо.
XS
SM
MD
LG