Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Мухиттин ары жагындагы ишкердик сыры


Бишкекте өткөн кыргыз-америкалык экономикалык жыйында ишкердик жүргүзүүнүн эреже-талаптары жайында кеп болду.

Форумда Кошмо Штаттар менен Кыргызстан ортосунда буга чейинки экономикалык карым-катышты өнүктүрүүнүн ачылбай келе жаткан мүмкүнчүлүктөрү козголду.

Чоң жыйынга Кыргызстанга келчү инвестициялар, технологиялык жаңылыктар жана экономиканы өнүктүрүү милдетин аркалаган жаңы борбордук агенттиктин жетекчиси, президент К.Бакиевдин уулу Максим Бакиев жаңы кызматка дайындалган кийинки олуттуу сөзүн кыргыз-америкалык ишкерлер жыйын катышуучуларынын алдында жайды.

- Биздеги потенциалды кыйла активдүү пайдалануу зарыл. Бул үчүн биздин агенттик түзүлгөн. Бул иште өзүбүздүн оңор эмес ролубузду да көрүп турабыз. Биздин келаткан инвестицияга жеке же мамлекеттик ишкердикке тоскоолдук кылчу жагдайлардын баарын жок кылуу ишкердик жүргүзүүгө шарт түзүү боюнча баркыбызды көтөрөт.

Президенттин сүйгүнчүк уулу кагаздагы сөзүн окуп бүтүп-бүтпөй сыртка чыгууга ашыкты.

Андан соң жыйын катышуучулары Кошмо Штаттардын соода министрлигинин эларалык ишкердик боюнча адистери менен кыргызстандык бизнесчилер ортосунда пикир алышуу жүрдү. Тыныгуу учурунда “Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевди сөзгө тартып, талкууланып жаткан маселе тууралу пикирин сурадык. Анын айтуусунда, америкалык тараптын максаты - аяк-башы көрүнбөй чалкып жаткан америкалык базардын эреже-талаптары тууралуу маалымат берүү гана, калганы кыргыз ишкерлеринин ыкчылдыгына, аракетине, мээнеткечтигине байланыштуу.

- Эгерде биз Америкадан бизге керектүү жабдууларды, аспаптарды, ишкердикти өнүктүрүүгө, аны жайылтууга шарт түзчү жабдууларды алып келсек ошондон деле пайда көрөбүз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк. Ал жакка болсо тендерден тышкары өзүбүздүн тейлөө кызматыбызды, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүбүздү, башка жерлерге тарата турган, Америкадан алып келип, бу чөлкөмдөгү башка жерлерге тарата турган, диструбицияга мүмкүнчүлүк түзчү мүмкүнчүлүктөрүбүз да толтура.

Кошмо Штаттардын соода министрлигинин Борбор Азия, Кавказ чөлкөмдөрү боюнча башкармалыктын жетекчиси Даника Старкстын ырасташынча, дүйнөлүк базарда табигый, экологиялык таза продукттун күнү тууп турган кези.

- Алар базарда кымбатка бааланат. Албетт, ташып жеткирүү бираз кыйын. Анткен менен Кыргызстандын жана Американын чоң базарларынын ортосунда тоскоолдуктар болбошу керек. Экономика кызыкчылыктар менен коштолуп, географиялык маселелерге карабай, байланыш-катнаштын жолу ачык болушу абзел.

Ушул эле ойду америкалык адвокат Ларри Янгер да ырастады. Анын пикиринде, жыйында ортодогу олуттуу дегидей проблемалар талкууланышы керек.

- Сиздер өзүңүздөр мамлекеттик кийлигишүүдөн жеке менчиктин сакталышына кызыкдар болушуңуздар керек. Менимче АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ортодогу ишкердик мамиле-катыш тууралуу пикир алышууну дагы улантат болуш керек. Бул жыйында ортолук проблемалар жөнүндө ачык сөз болот го, деп ишенем.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн ириде Кошмо Штаттарда бизнеске түзүлгөн шарт, мыйзамдык эреже-талаптардын тактыгы маанилүү.

- Жөн эле мисал, өзгөчө бул буюмду ороп, ташып берүү. Албетте, бул түйшүгү түмөн жумуш. Көп каражатты талап кылат,- дейт Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Алтын алма” жоопкречилиги чектүү коомдун жетекчиси Вячеслав Стрельников.

Алдагыдай ишкердик долбоор менен мухиттин ары жагындагы кыйыры кең базарга чыгууга куштар ишкерлер арбын. Бишкектеги жыйында алыска кетчү жолго кантип чыгуунун кам-чому айтылды.

XS
SM
MD
LG