Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Өкмөт өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды


Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында дүйнөлүк кризистин өлкө экономикасынын бардык тармактарына таасири тийиши мүмкүндүгү, экономикалык реформа кыйынчылык менен алдыга жылып жатканы айтылды.

11-февралдагы өкмөттүн жыйынында экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров «2008-жылдагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн жыйынтыгы» тууралуу доклад жасап 2009-жыл Кыргызстан үчүн оңойго турбастыгын белгиледи:

- Мурда биз дүйнөлүк каржылык экономикалык кризис Кыргызстанга жана өзүнчө секторлорго кыйыр түрдө тийет деп айтып келгенбиз. Эми экономикалык кризис биздин экономиканын бардык тармактарына таасири тийиши мүмкүн. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсү коңшу мамлекеттер, Орусия менен Казакстанга байланыштуу болот.

Акылбек Жапаров белгилегендей, айрым бир божомолдорго караганда Орусия менен Казакстанда экономикалык кризис 2011-жылга чейин уланышы күтүлүүдө. Ал ошондой эле экономикалык өнүктүрүү министрлиги ички дүң продуктунун өсүшү үчүн: базалык, пессимистик жана оптимисттик үч болжолду сунуштап жатканын белгиледи. Анын айтымында, базалык боюнча ИДП өсүүсү 4,2 пайызга, пессимистик вариант 1,5 пайыз, оптимисттик сценарий боюнча 6,8 пайызды түзөт.

Премьер-министр Игорь Чудинов өлкөнүн экономикалык өнүгүүгө карата жасалып жаткан реформа аябагандай кыйынчылыктар менен алдыга жылып жатканын белгилеп, мамлекеттик мекемелердин айрым жетекчилери чыгарылган мыйзамдарды, президенттин жарлыктарын окубастыгын айтты.

Өкмөт башчы ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен мамлекеттик архитектуралык курулуштун шалаакылыгынан өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорлор араңдан зорго ишке ашырылганын билдирди:

- Мамлекеттик бийликтин органдары реформа, мыйзам аракеттери, жарлыктар алардын структураларында таркатылбайт деген ой менен эле жүрүшөт. Көпчүлүк министрликтер менен ведмостволордун жетекчилери ишкердик базаны укуктук нормативдик жактан жагымдуу шарт түзүү мыйзамын өздөрүнө тиешеси жок деп эсептешет.

Игорь Чудинов мыйзам актыларды, жарлыктарды убагында аткарбаган министрликтин, ведомостволордун жетекчилери жоопкерчиликке тартыларын эскертип, алардын ишине президент Курманбек Бакиевдин катышуусундагы инвестициялык кеңеште баа берилерин белгиледи.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев болсо дүйнөлүк кризистин кесепеттери Кыргызстанга тие баштагынын, аны токтотууга экономика министрлиги иштеп чыккан алдыдагы үч жылга эсептелген стратегиялык программанын чама-чаркы жетерине күмөндүгүн билдирди.

- Өзүбүздө курулуштун дээрлик бардыгы токтоп калды. Жумушсуздук күч ала баштады. Күнүмдүк турмушта керектелүүчү товарлар кымбаттап жатат. Банктар апрелге чейин кредит берүүнү токтотуп койду. Алардын бардыгы кредит берүүдө 30 пайыздан жогору шартты коюп жатат. Мунун бары дүйнөлүк каржылык кризистин тийгизген таасири. Чынында бул процесс жүрүп жатат да.

Сарыбаев экономикалык кризис күч алып турган кезде өлкөнүн экономикасын бир калыпта кармап туруу үчүн Орусиянын Кыргызстанга бере турган 300 млн. доллар каражаты кээ бир маселелерди чечкенге гана убактылуу жардам берерин баса белгилеп, кризистин кесепеттерин алдын ала айтуу кыйын экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG