Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

"Кайгы оор, жара терең болду"


Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда, 14-июнь
Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда, 14-июнь

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү. Убактылуу өкмөттүн чечими менен Ош жана Жалал-Абаддагы кайгылуу окуялардан улам аза күтүү 16-июндан тарта 18-июнга дейре үч күнгө созулмакчы. Коогалуу аймакта акыркы эки күндө кырдаал салыштырмалуу турукташып, жаңжалдардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жүрүп жатат. Оор жагдай түзүлгөн шаарларга туш тараптан гуманитардык жардам жеткирилүүдө.

Чындыгында эле “Азаттыктын” ар кайсы булактарынан такталган маалыматтарына караганда, учурда Ош, Жалал-Абад аймактарында дээрлик 10-июнда башталган башаламандыктардын кесепеттерин иликтөө жана мындай коогалаңга жол бербөөнүн аргасын издөө көбүрөөк байкалууда. Бишкек коомчулугунун, чет өлкөлүк уюмдардын гуманитардык жардамдары алдыңкы күндөрдөгү чыңалууну басаңдады сыяктанат.

Анткен менен адам өмүрүн алган кагылышуулар мамлекет үчүн олуттуу сокку ургандыгын өткөөл президент Роза Отунбаева 15-июнда уюштурган маалымат жыйынында айтты. "Кайгы оор, жара терең болду. Биз бул жагдайдан эптеп чыгаарбыз" деди.

Оор жагдайдан чыгуунун жолдорунун бирин убактылуу өкмөт Орусиянын колдоосунан көрөт. Орусия мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун катчылары 14-июнда жыйын куруп, чечим кабыл алды. Ал чечимдердин так жандырмагы азыр ачыктала элек. Бирок маалымат жыйында айтылганга караганда, ЖККУ тынчтык орнотуучу күчтөрдү Кыргызстанга киргизбейт. Отунбаеванын айтымында жыйында "жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленип, бирок, тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү азырынча максатка ылайык эмес деп чечилди.

Отунбаеванын айтканына караганда, азыр жеке эле ЖККУ эмес, ЕККУ, БУУ Кыргызстанды кыйын кырдаалда көтөрүп атышат. Айрыкча качкындарга жардам көрсөтүүгө БУУнун Качкындар комиссарлыгы батыл киришти. Убактылуу өкмөт болсо алардан Өзбекстан тараптагы эле эмес, Кыргызстан тараптагы качкындарга да жардам көрсөтүүнү сурап жатат.

Азыр ар кайсы булактарда качкындардын саны 70 миңден ашып кеткендиги айтылып жатат. Өткөөл мезгилдин президенти качкындар 10-20 миңге аз деп болжоду. Анткен менен кагылышта өлгөндөрдүн саны расмий маалыматтагыдан алда-канча көп болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлиги өлгөндөрдүн саны 170тен ашып, жабыркагандар эки миңге жакындап калганын айтып атат. Адамдарды мүңкүрөткөн бул окуя эки улуттун ортосундагы жаңжалдын эмес, мамлекетти, бийликти алсыратууну көздөгөндөрдүн карасанатайлыгынан келип чыкты жана аларга жалдангандар кыргызстандыктардын далайын акчага аеосуз өлтүрүштү. "Бизде көп далилдер бар. Кармалгандары бар. Алар көрсөтмө берип жатышат" дейт Р. Отунбаева.

Кармалгандардын арасында көзгө атар мергендер, болгондо да чет өлкөлүктөр бар экендиги, азыркы өкмөттө иштеп жүргөн жергиликтүү деңгээлдеги айрым кызматкерлер, саясатчылар жаңжалга шыкакчы болгондугу айтылууда. Башаламандыкка кызыкдар тараптардын катарында бир катар топтор аталып жүрөт.

Ал эми Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Алмаз Атамбаев, Феликс Кулов өңдүү таасирдүү саясатчылардын акыркы билдирүүлөрүнө караганда Ош, Жалал-Абад окуяларынын артында тургандар – экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындары. Буга негиз катары Жаныш жана Максим Бакиевдердин телефон аркылуу элге ашкере болгон бузуку пландарын мисал катары келтирип жатышат. Бул аралыкта кандуу окуяга тиешеси бар деп эсептелип жаткандардын бири Максим Бакиевдин Британияда кармалганы кабарланды.

Өткөөл президент Отунбаева өлкөгө Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келип соттоо, 27-июнга белгиленген референдумду өткөрүү, ошондой эле өлкөгө тынчтыкты кайтаруу убактылуу өкмөттүн башкы максаттарынан экенин билдирди. Бул аралыкта Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндөгү сунушунан Беларус баш тартты.

"Азаттыктын" тасмасы:
Укук коргоочулар Кыргызстадагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүдө

Укук коргоочулар БУУга талап менен чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG