Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

«Таблиг Жамаатка» жол жабык, даабатчылар тарагыла!


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны «Таблиг Жамаат» диний кыймылын мыйзамдан тыш деп таануу жөнүндө Жогорку Сотко сунуш жөнөтүү чечимин жактырды.

Жыйын катышуучулары өлүм жазасын колдонуу зарылдыгын да талкуулашты.

“Таблиг Жамаат” диний кыймылын мыйзамдан тыш деп сот чечими менен ырастоону өтүнүп, дин иштери боюнча агенттик, коопсуздук кеңеш катчылыгы Жогорку Cотко сунуш жөнөткөн. А бирок мыйзам тартиби боюнча андай сунуш, өтүнүч Башкы прокуратурага жөнөтүлүшү керектигин Элмурза Сатыбалдиев түшүндүрүп берди.

- Жогорку Кеңеш да бере албайт. Эмнени айтып жатасыз? Мүмкүн маалымат үчүн жөнөткөндүр. Жабуу жөнүндө доо-арыз берилиши керек. Отуруп алып эле “передали, передали, каякка передали?”

Жыл башынан бери диний кыймылдын ишине тыюу салуунун мыйзамдык жөрөлгөлөрү так аткарылбагандыктын кесепетинен маселе бир жаңсыл чечилбей, асманда асылып турат. Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров “Таблиг Жамаатка” коңшу өлкөлөрдө тыюу салынганын айтып, бирок да ушу кезге чейин Кыргызстанда канча мечит, сыйынуу жайлары бардыгы жөнүндө так маалымат ала албай жатышканын билдирди.

- Камчы жетишпейт ачык айтканда! Хороший бир камчы жетишпейт башка чапканга! Ушуну ойлонуңуздар. ДУМК, особенно силер ойлонуңуздар!- деп эскертти А.Мадумаров.

Жыйын катышуучуларын чын эле ойлонткон маселе диний-экстремисттик уюмдун 4 адамы камакка алынса алар абакта жөн жатпай 200 кишини өздөрүнө тартып, идеясына буруп алышары болду. Бул жагдайдан чыгуунун биртоп жолдору да айтылды. Айрымдар диний жикчилдер үчүн өзүнчө абак жайларын куруп, башкалардан бөлүп коюуну сунуш кылышса, башкалары салттуу диндин артыкчылыгын сыпаттаган адабияттарды камактагыларга таратуу туура болорун айтып чыгышты. Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары Сабырбек Курманалиев отургандардын көңүлүн дагы бир маселеге бурду.

- Дагы бир ыкчам жайылып бараткан диний агым Исламга чакырган даабатчылардын аракети болууда. Азыр даабатчылардын катарында канча киши бардыгын так билиш мүмкүн эмес. Даабатчылар көбөйүп баратышат. Анын үстүнө даабатчылардын ишине байкоо салуу да кыйын. Алар 3 күндөн 4 айга чейин үйүн таштап даабатчылыкка чыгып кетишет. Кээде четке чыгышат.

Коопсуздук кеңеш жыйынында дагы бир маселе - өлүм жазасын калтыруу сунушу айтылды. Аны Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов менен Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров колдоп чыгышты.

- Менимче, бүгүн оозеки чечим кабыл алып, Коопсуздук кеңеш, Адилет министрлиги, башка укукчулар бул маселени иликтеп көрүп, мүмкүн айрым кылмыштар боюнча өлүм жазасын киргизүү керек,- деп айтты Мурат Суталинов.- Мүмкүн көпчүлүк алдында өлтүрүү керек. Эки-үч күн өткөндөн кийин, менин оюмча, мамлекетте тартип орнойт.


Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров да өлүм жазасын орнотуу маселесин такай айтып келатканын ырастап, Кыргызстан азырынча бай өлкөлөрдүн жосунуна өтпөшү керектигине басым жасады.

- Курсагыбыз тойсун. Кийимибиз бүтүн болсун! Анан демократияга ойной береличи. Бардык жагыбыз жыртык, анан демократия менен ойной беребиз.

Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев эмнеликтен “Таблиг Жамаат” кыймылына тыюу салынып жатканын момундайча түшүндүрдү.

- Алар исламдын чыныгы баалуулуктары деген калканч менен исламга мүнөздүү болбогон башка бир саясат жүргүзүп жатышат. Мисалы, кийимдин кийилиши, сырткы келбеттин көрүнүшү, намаз окуганга да өздөрүнүн көз караштарын таңуулап жатышат. Айылдарды кыдырып, үйлөрдү кыдырып элди намазга чакырганда өздөрүнүн пикирлерин таңуулап жатышат. Мунун баары биздин элдин менталитетине, каада-салтына туура келбейт.

Кыргызстан диний башкармалыгынын муфтийинин орунбасары Мамбетасан Ибраевдин айтуусунда, ислам динин кармангандардын арасынан билбегендер жаман жакка барышы мүмкүн.

- Бирок эми биздин Кыргызстанда андай нерселер болуп жатат, деген ойдо эмесмин. Кандай терс көрүнүштөр? Аны көрбөгөндөн, билбегенден кийин. Бул негизи бизге белгилүү болушу керек болчу.

К.Осмоналиев Кыргызстанда 60 медресе, 8 институт, 1 университет Ислам динин окутуп жатканын маалымдап, кийинки кездери кыргыз жаштарынын арасында башка диндерге өтүү тенденциясы күчөп кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG