Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

Мисирге кадалган үмүт


Президент Барак Обаманын Мисирдин башкалаасында сүйлөй турган программалык сөзү Кошмо Штаттардын мусулман өлкөлөрү менен карым-катышынын жаңы багыттарын аныктай тургандыгы күн мурунтан эле болжолдонууда.

Барак Обаманын Каирде сүйлөнчү сөзүнө өзгөчө көңүл бурулуп, анын айланасында аркыл божомол-жоромолдордун жамырап чыгышына олуттуу дегидей негиз бар. Соңку жылдары Батыш менен мусулман дүйнөсүнүн мамиле-катыш салкын-суз тартып, айныксыз жүйөө катары аскердик аракеттер жүрүп калган. Эксперт Кадыр Маликовдун ырасташынча, АКШнын тышкы саясатында кандай өзгөрүү болору күтүлүп жаткан иш эле.

- Бирок да Барак Обама программалык билдирүүсүндө Мамлекеттик департаменттин калыптанып калган позициясынан чыга алабы? Себеп дегенде саясат менен сүрдымактар өтөле тереңге кетип калган болчу. Ортодо кош стандарттар түшүнүгү турат. Мисалы, “Жамандыктын жаасы” катары саналган өлкөлөр - Сирия, Ирандын айрым эксперттеринин айтуусунда, президент сөзүнө өзгөчө деле үмүт артышпайт.

Кошмо Штаттардын тышкы саясатына көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн ичи чыкпашынын себеп-жөнүн Кадыр Маликов АКШнын Жакынкы Чыгыш проблемаларына келгенде Израилди Кожосундай колдоп келатышына байланыштуу түшүндүрөт. Ошондон улам АКШнын калыптанып калган тышкы саясатынын тез арада кескин өзгөрүлүп кетиши деле кыйын. Анан да күтүлүп жаткан программалык сөздүн уңгусу барып-келип жалпы эле ислам менен башка диндердин, улуттук мамлекет боюнча мусулманчылык менен Батыш түшүнүктөрүнүн ортосундагы аңырайган ажырымдыкка барып такалат. К.Маликовдун айтуусунда, Барак Обама ошол ажырымдыкты азыноолок жоюуга көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов мындан эки жыл илгери Бишкекке иш сапары менен келген АКШ мурдагы Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Баучер менен жолугушуусунда Кошмо Штаттардын мусулмандарга карата саясатын өзгөртүү зарылдыгын сунуштаганын айтат.

- Барак Обаманын бийликке келгенден бери жасап аткан аракети ошол Ж.Буштун кетирген каталарын, айрыкча Американын мусулман өлкөлөрүнө карата саясатын, мусулман өлкөлөрүнүн АКШга көз карашын өзгөртүү аракеттери болууда. Бирок ал канчалык деңгээлде болот? Аны Кудай буюрса убакыт көрсөтөт.

Абдышүкүр Нарматов Палестин-Израил жаңжалы АКШнын кош стандарт саясаты жоюлган соң, анын мусулман өлкөлөрү менен Израилге эки ачакей мамилеси токтолгондон кийин жөнгө салынат, деп эсептейт.

- Адилеттүүлүк болмоюнча өзгөрбөйт. Сөз менен калбаш керек. Турмушта, иште адилеттүүлүккө бирдей көз караш керек,- дейт А.Нарматов.

АКШ президентинин мусулман өлкөлөрү менен мамиле-катышты жаңыртуу аракети кыргыз парламентинин мүчөсү Ажибай Калмаматовдун айтуусунда, өзүнүн оң жемишин бериши мүмкүн.

- Америка президентинин ислам өлкөлөрү менен мамиле түзүү аракети Европа континентиндеги башка өлкөлөргө да таасирин тийгизет. Себеби булар ислам дүйнөсүн, ислам мамлекеттеринин жалаң эле экстремист, террорчу эмес экенин, дин багыты таптакыр бөлөк экенин түшүнүү жолуна түшүп атышат, деп ойлойм.

Батыш менен мусулман өлкөлөрүнүн мамиле-катышы мындан ары кандай нукта, кандай багытта жүрүшүн аныктап алуу Кошмо Штаттардын кезектеги президенти Барак Обаманын алдындагы эң орчун милдеттердин бири болчу. Антишке мурунку президент тушунда Иракка ачылган уруш шылтоосунун жоопсуз калышы, чаарбаш талибандардан бошотулган Ооганстандын жөн-жай турмушка өтүшү узаргандан-узарып, уруш өртү ага танапташ Пакистанга өтүшү, Иран менен салкын-суз мамилесинин эмдигиче жибий электиги себеп болууда. Жакынкы Чыгыштагы дагы бир чалкеш маселе Палестин-Израил чатагынын жөнгө салынбай келатышын көпчүлүк мусулман өлкөлөрү АКШнын тышкы саясатына байланыштырышат.

XS
SM
MD
LG