Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

И. Эрмеков: ажылыктын жолун аткаруу адамдан көз каранды


Бүгүн миллиондогон мусулмандар арасында кыргызстандыктар да шайтанга таш атышат.
Бүгүн миллиондогон мусулмандар арасында кыргызстандыктар да шайтанга таш атышат.

Ажылык зыяратка биринчи жолу барган кыргызстандык Ибрагим Эрмеков таасирлери менен бөлүшүп, Мекеден “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Ажыга биринчи жолу барыпсыз, кандай таасир алып, эмнени сезип жатасыз?

И. Эрмеков: Кудайга шүгүр, Алланын чакыруусу менен ажыга биринчи жолу келдик. Таасирлерибиз эң жакшы.

“Азаттык”: Ден-соолугуңуз жакшы элеби? Сауд Арапстанда азыр ысык болсо керек? Ал жактын тамагы сиңип жатабы?

И. Эрмеков: Кудайга шүгүр, ден-соолуктарыбыз эң жакшы. Бул жерде аба ырайы жылуу. Бардык ыңгайлуулуктар бар экен. Баардык шарттарды түзүшүптүр. Баардык ибадаттарды аткарууга толук шарттар бар.

“Азаттык”: Кыргызстанды сагындыңыздарбы?

И. Эрмеков: Ооба. Кыргызстанды кайсы убак болсо да сагынабыз да. Ал өзүбүздүн мекенибиз эмеспи.

“Азаттык”: Ибрагим мырза, азыр ажыга кээ бирлери турист катары, же эл менен кошо жөн гана Мекени кызык көрүп баргандар бар, көпчүлүгү мусулмандардын негизги парзын аткаруу үчүн барышат. Сиз кандай максатта бардыңыз?

И. Эрмеков: Биз өзүбүздүн ыйык парзыбызды, ажылык парзыбызды аткаруу үчүн келдик.

“Азаттык”: Ажылык сапар көп каражатты талап кылары белгилүү. Сиз каражат жагын кантип чечтиңиз, балким туугандарыңыз жардам бергендир?

И. Эрмеков: Каражат жагынан туугандарым жардам берди, балам жардам берди.

“Азаттык”: Акыркы убакта ажылыктын баркы деле кетип жатат дегендей пикирлер айтылып жүрөт. Буга мисал катары ажыга барып келип деле, анын жолунан тайган, ылайык эмес иштерге аралашкан адамдарды, керек болсо төбөсү көрүнүп калган саясатчылар менен ишмерлерди келтиришет. Бул эмнеден кабар берет?

И. Эрмеков: Бул адамдын өзүнөн кабар берет. Кээ бирөөлөр ошондой максатта да келиши мүмкүн.

“Азаттык”: Азыр кайсы жердесиздер?

И. Эрмеков: Азыр Муздалифа өрөөнүндө Муздалифа вахвасын аткарып жатабыз. Бир канча минуталардан кийин сааркы намазга турабыз.

“Азаттык”: Бүгүн Курман айт күнү зыяраттын кандай жөрөлгөлөрү болот?

И. Эрмеков: Муздалифада ибадаттарды аткарып, сааркы намазды окугандан кийин бул жерден шайтанга ыргытуучу таштарды теребиз. Күн чыккандан баштап чоң шайтанга таш ыргытуу ибадатын аткарабыз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат, зыяратыңыздар кабыл болсун.
XS
SM
MD
LG