Алла-Таала куранды ушул түнү түшүргөн! Демек, ислам дини үчүн анын орду эбегейсиз зор.
Ал эми ушул кадыр түндө уктабай Жаратканга ибадат кылып чыккан мусулмандар үчүн сооп да эбегейсиз экендигине коомдук ишмер, Ош шаарынын тургуну Иманберди Жалилов токтолуп өттү:
- Бейишке Раян деген эң бийик дарбаза аркылуу кирүүгө ушул кадыр түндөгү ибадаттар негиз берет. Кадыр түн тоскондорго ошол бир түндүн өзүндө 1000 айлык, башкача айтканда, 83 жыл 4 айлык ибадатка тете сооп берилет Жараткандан.
Кадыр түндү түрдүү мусулман агымдары түрдүүчө белгилешет. Орозонун 23-24-түндөрүн кадыр туткан топтор да бар. Коомдук ишмер Иманберди Жалилов орозо айынын үчүнчү он күндүгүн толук кадыр түн катары белгилеген да жаңылыштык болбостугун эскертет.
Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов кайчы пикирлерди моюнга алуу менен, эмне үчүн көпчүлүк мусулмандар орозонун 27-түнүн кадыр түн деп эсептешерине токтолду:
- Пайгамбар кадыр түндү орозонун акыркы он күндүгүнөн издегиле. Болгондо да так күндөрүнөн деп эскерткен. Курандын Кадыр сүрөөсүндө “Кадыр түн” деген сөз катары менен үч жолу айтылат. Арабча тогуз тамгадан турат бул сөз. Тогузду үчкө көбөйтсө - 27. Ошон үчүн аалымдар орозонун 27 күнүнө караган түн – кадыр түн деп ырасташкан.
Дин аалымларынын бир даары ошол Кадыр сүрөөсүндө “Кадыр түн” деген сөз – 27-сөз болгондуктан да 27-түндү кадыр тутушарын эскерте кетели.
Ырас, Кыргызстанда мусулмандардын баарысы эле кадыр түндү тосо беришпейт. Бишкек шаар тургуну Дамира Жаналиева, маселен, буга чейин тосуп көрбөгөндүгүн, бул жолу тосууга да чактысы жоктугун айтат.
Кадыр түндө Жараткандан айрыкча эмнени сураныш керек деген суроо менен кайрылгандар көп. Учурунда Мухаммед пайгамбардан анын өмүрлүк жолдошу Айша апа да ушул нерсени сураптыр. Ошондо пайгамбар: “ Оо, Жараткан, сен кечиримдүүсүң! Биринчи кезекте менин билип-билбей жасаган күнөөлөрүмдү кечире көр деп сурангын!” – деп айткан экен.
Кадыр түнү уктабай Жаратканга ибадат кылып чыккан мусулман 83 жылдан ашык убакыт ибадат кылганчалык сооп табат.