Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

М.Бакиев - АКШга, региондор - курултайга...


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эл арасында
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эл арасында

Кыргызстандын саясатында “жаз жарыш” күчүнө кирип баратат. Оппозиция 7-апрелде жер-жерлерде элдик бийликти орнотуу боюнча курултайларды белгиледи. Бийлик өкүлдөрү да элге чыгып, түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө.

Максим Бакиев
Расмий түрдө айтылбаган менен кыргыз-орус мамилесинин салкындоосу байкалууда. Анын дагы бир көрүнүшү катары Максим Бакиев тыш өлкөгө биринчи сапарын Кытайга жасашын, ал эми экинчисинде АКШга баратканын атасак болот. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев 8-апрелде Вашингтондо болот.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Борбордук агенттикти мыйзамсыз орган катары баалап, анын башчысын Америкага чакырган АКШ өкмөтүн кескин сынга алды.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Ким МакДональд Максим Бакиевдин АКШга сапары тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстандын делегациясы АКШга жыл сайын боло турган эки тараптуу консультацияларга барат. Бул жолугушуу АКШ өкмөтү жалпы Борбор Азиядагы өлкөлөр менен өткөргөн жолугушуулардын бири. Буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен андай жолугушуулар болуп өткөн.

Кыргыз оппозициясы Кошмо Штаттардын мындай позициясын мурдатан эле сындап келип, соңунда таянычты Кремлге жасоого өттү. Орус жетекчилиги менен байланышты түзүү жана ишенимге кирүү үчүн БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев бир нече жолу Москвага барып келди. Анын натыйжасы катары орус маалымат каражаттарында Курманбек Бакиев, Максим Бакиев жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине карата кескин сын макала-маалыматтардын чыгышы аталууда.

Оппозиция сырттан таяныч табуу менен чектелип калбастан ички нааразылык потенциалды пайдаланууга күчүн үрөп жатат. Ошону менен бирге оппозиция катарында биригүү тенденциясы ачык байкалууда. Муну Чүй облусунда курултай өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун курамынан байкоого болот. Маселен, буга чейин тил табыша албай келген Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев курултайды биргелешип уюштурууну чечишти. Ал эмес акыркы мезгилде аярлап калган Иса Өмүркулов ачык күрөшкө бел байлап, Чүй облусунда курултайды уюштуруу боюнча топтун жетекчилигине келди.

Ал эми Азимбек Бекназаров, Дүйшөн Чотонов, Бөдөш Мамырова Талас, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырып келишти.

Премьер-министрдин Нарынга болгон сапары
29-мартта Нарында өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жергиликтүү калк менен жолугушуусу тескери натыйжа бергендей. Анткени нарындыктар жолугушуудан кийин 9 пункттан турган кайрылуу кабыл алып, президентке, өкмөткө, депутаттарга жолдошту. Андан сырткары алар 7-апрелде Нарында элдик курултай өткөрүүнү белгилеп жатат.

Бийлик өкүлдөрү да эл кыдырууда. Азыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым министрлер калк менен жолугушууларды өткөрүүдө.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев Ноокен районунда шайлоочулар менен жолугушканын билдирди:

- Төрт-беш ири жолугушуу болду. Эл негизинен таза суу, жер, сугат суу боюнча маселелерди көтөрдү. Электр энергия боюнча ал жакта элдер түшүнүк менен мамиле кылышууда. Муну мурда эле бөлүп-бөлүп көтөрүш керек эле, эми мындай болуп калыптыр, бул күндөр да өтөт деп, эл колдоп эле жакшы эле мамиле жасады, - деген Рашид Тагаев ал жолуккан калк оппозиция уюштурган курултайлар тууралуу сөз кылбаганын кошумчалады.

Бул арада көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуул уланды. 31-мартта “Форум” гезитин токтотуу тууралуу Октябрь райондук соту чечим чыгарса, 1-апрелде Финансы полициясы "Стан ТВ" маалымат каражатынын ишин текшерүүгө киришти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG