Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Р. Отунбаева: Кыргызстандын Чеченстанга айланып калуу коркунучу бар


Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү жолугушуулар
Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү жолугушуулар

Президент Роза Отунбаева Ош облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери менен, ошондой эле массалык тополоң окуялардан катуу жапа чеккен айылдардын тургундары жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда эл ынтымакташып кризистен чыгып кетпесе, Кыргызстанды Чеченстанга айлануу коркунучу күтүп турганын эскертти.

Президент Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан чаралар, тополоңдо жабыркагандарга жардам берүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртуу жаатында бийликтин аракеттери туурасында маалымат берди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук маселелерине токтолгон Роза Отунбаева ЕККУнун түштүк аймагына киргизилчү куралсыз полиция тобун Кыргызстан каржылабай турганын, алар тартип коргоо кызматкерлерине кеңеш берип, абалга мониторинг жүргүзүү иши менен алектенерин белгиледи.

Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуу учурунда өлкө башчысы июнь айындагы түштүктөгү коогалаңды атайын комиссия иликтей баштаганын, бийликти бөлүүгө аракеттенген сырткы күчтөр дале бар экенин айтты:

Азыр биригип парламенттик шайлоого жетпесек чайналып отуруп калабыз. Анда Кыргызстан Чеченстанга айлынып калышы ыктымал. Партизандык согушка бир кадам калды,”- деди Р.Отунбаева.

Өз кезегинде жаштар ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгонун билдиришти. Жаштар кыймылынын лидери Сонун Жунусбаев жаштардын артында эч кандай саясий күч жок экенин, алар ЕККУ полиция күчтөрүнүн башка да өлкөлөргө киргизилген тажрыйбасынан чочулап жатышканын айтты.

Роза Отунбаева июнь айындагы коогалаңда жоголуп, дайыны чыкпай жаткандардын туугандары менен дагы жолугушту. Дайынсыз жоголгондордун туугандары тополоңдо каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту.

Роза Отунбаева өкмөттүн толук курамы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын белгиледи.

Жолугушууга президенттен сырткары вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.

XS
SM
MD
LG