Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Т. Какчекеев: К. Ташиевдин үйүндөгү окуя кокустук


Токтогул Какчекеев, саясат таануучу.
Токтогул Какчекеев, саясат таануучу.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин үйүндөгү окуяны кокустук катары баалайт.

“Азаттык”: Акыркы маалыматка караганда, Коопсуздук кызматынын 4-5 өкүлү чындап эле Камчыбек Ташиевдин үйү жакта болуп, бирок таптакыр башка оперативдүү иштер менен жүрүшкөн экен. Бирок буга "атажуртчулар" ынанбай жатышат. Жаңжал эмнеден тутанышы мүмкүн?

Т. Какчакеев: “Ата-Журт” партиясынын жетекчилери ынанбай жатканын себеби да бар. Анткени бүгүнкү күндө алар прессада өтө сынга алынып жатат. Ал сындарга ылайык, бир четинен "атажуртчулар" Бакиевдин кызматкерлери деген сөздөр чыгып атат. Экинчи жагынан, улутчулдук сезимдерди күчөтүп жатат деген сөздөр да айтылууда. Ошондуктан бүгүнкү күндө алар ар бир нерсеге нааразычылык менен көз салып жатканы көрүнүп жатат.

Бул окуя 23-октябрда болгон экен. Андан кийин президент Роза Отунбаева күч органдарынын баарына тапшырма бериптир. Ишти аягына чыгаруу Аскердик прокуратурага Айбек Турганбаевге тапшырылган экен. Ал кишинин сөзү боюнча ошол окуя болгон жерде 4-5 киши жүргөн экен. К. Ташиевге эч кандай тиешеси жок бөлөк адамдардын үстүнөн операция жүрүп жаткан экен. Бирок ага карабай 4-5 адамдын колундагы куралын жана китепчелерин К. Ташиевдин үйүндө турган адамдар тартып алып, жаңжал салган деген азыр ой чыгып жатат. Менин оюмча, мунун баары кокустуктан. Бири-бирине негизсиз доомат койгондуктан болуп жатат.

“Азаттык”: Мына “атажуртчулар” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев ушул окуядан кийин кызматта калышына моралдык укугу жок деп кызматтан кетишин талап кылышууда. Ошол жерде бул кызматтын кызматкерлерине таандык 3 тапанча, бир кызматтык күбөлүк калып калган экен. Чынында эле бул окуя К. ДҮйшөбаевдин кетишине негиз болуп турабы?

Т. Какчекеев: Чынында тапанчасын, күбөлүгүн алдырып койду деген сөз ошол Ташиевдин сакчылары туура эмес иш жасагандыктан келип чыгууда. Алар бөлөк тапшырма боюнча кызматта жүргөн адамдарга кол салып, курал-жарагын тартып алгандай болуп жатат. Ошондуктан муну шашпай текшерип аягына чыгыш керек. Дүйшөбаевди да иштен кетсин деген сөз да туура эмес. Анткени мындай окуялар ошол эле Ташиевдин башынан өткөн нерсе. Ошондуктан “менин көзүмдү тазалаганы жатат, мага куралдуу күч менен одоно иш жасап жатат”, деген сөздөрдүн баары туура эмес. Бул көптүрмө сөздөр болуп жатат. Мунун кереги жок.

Шайлоодон өткөндөн кийин баары тең аягында ишке барышат, депутат болушат. Муну президент да айтып жатат, элдин баары айтып жатат. Ошондуктан муну саясатташтырып, элди бири-бирине тукура бергендин кереги жок.

“Ата-Журттун” кечээки митингисинде “биз азыр токтото турабыз, анан Роза Отунбаева жооп бергенден кийин биз өзүбүздүн ишибизди жасайбыз”, деген сөз мамлекеттик коопсуздукка жана коомчулукка коркунуч туудурат. Саясатчылар мындай ойду айтуудан алыс болушубуз керек жана бири-бирибизге жаманчылык кылбай, бири-бирибизди жамандабай, бири-бирибизди коркутпашыбыз керек. Мамлекет суверендүү кыргыз мамлекети болуп эсептелет. Ал ар бир адамдын алачыгы же сарайы эмес. Бири-бирибизди сыйлап, мамлекеттик Конституцияны карманыш керек деген ойдомун.

“Азаттык”: Токтогул мырза, эми Коопсуздук кызматындагы кадр саясаты тууралуу сүйлөшсөк. Азыр бул жаатта бир топ сындар айтылып жүрөт. Алсак, жыйырма жылдан бери бул мекемени өздөрүнөн чыккан эмес, четтен келген эле кадрлар башкарууда деп айтышат. Кадр маселеси азыркыдай окуяларга канчалык негиз болушу мүмкүн?

Т. Какчакеев: Мындай сөздөрдүн да жолу бар. Анткени Акаев да, Бакиев да, азыркы Убактылуу өкмөт да атайын кызмат боюнча маалыматы аз. Булардын мүмкүнчүлүгүн жана мамлекетке кылган кызматынын деңгээлин, анын баркын да билишпейт. Ал жерге өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын коюулуп жаткандыгы бул биздин саясатта көрүнүп калган.

Мен Ташиевдин иши боюнча тергөө Айбек Турганбаевдин колуна түшкөнүнө ыраазы болуп жатам. Анткени бул адам аскерде кызмат өткөн жана өтө терең, өтө белгилүү юристтердин бир болуп эсептелет. Кыргызстанда эмес КМШ мамлекеттери арасында терроризм, экстремизм жана бөлөк иштер боюнча бул киши белгилүү болуп калган. Ошондуктан Ташиевдин иши оңунан чыгып, мындайча айтканда чара көрүлөт жана баары тең аныкталат деген ойдомун.

Жанагы кадр маселесине келсек, бул чыныда эле соода болуп калган. Азыр болсо партиялардын гана өкүлдөрү ишке туруш керек болуп калды. Ал эми атайын жогорку окуу жайларды бүткөн, тажрыйбалары чоң адамдар азыр сыртта калды. Анткени алардын же акчасы жок, же партияда жок.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG