Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

К.Ташиев тирешүү үчүн УККны айыптады


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

23-октябрда кечке жуук “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө жаңжал орун алып, асманга бир нече ирет ок атылды.

Ташиевдин сакчыларына 15 чакты адам кол салып качып кетүүгө үлгүргөн, бирок окуя болгон жерде алардын үч тапанчасы жана кызматтык күбөлүгү калган. Партия лидери муну саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырып, чагымчыл аракет үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптоодо. Бийлик өкүлдөрү окуяны териштирүү ошол замат башталганын, азырынча баа берүү эрте экенин айтышууда.

Окуя кандайча болду?

Күбөлөр белгисиз эки киши эртеден бери Камчыбек Ташиевдин үйүнүн айланасында акмалап жүргөнүн айтышат. Ташиевдин сакчылары алардын эмне кылып жүргөнүнө кызыкканда экөөнүн бирөө качып кеткен. Көп өтпөй 15 чакты бала топтолуп келип, эч кандай түшүндүрмө бербестен Ташиевдин сакчылары менен мушташа кеткен. Асманга бир нече ирет ок атылган. “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев муну кол салуу аракети деп баалап, саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды:

- Биринчиден, бул менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу деп айтып жатам. Экинчиден, алар мени уурдап кетүүнү же атып салууну көздөштү окшойт. Мен жакты каратып эки-үч жолу ок атышты. Кудай бар экен, ок тийген жок. Башыма тапанча менен урду эле колуму тосо калып, мына көрүп турасыз, колум жарылып калды.

Окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн белгисиз адамдарга тиешелүү 3 тапанча, бир нече ок дары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери майор Марат Садиевдин атына жазылган бир кызматтык күбөлүк табылган. Жаңжал орун алган жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери келип, дароо териштирүү иштерин баштады.

К.Дүйшөбаевдин кызматтан кетиши талап кылынды

Көп өтпөй Камчыбек Ташиевдин үйүнө ондогон партиялаштары чогулуп, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы окуя үчүн биринчи кезекте УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптап, аталган кызмат буга чейин да анын артынан аңдып жүргөнүн, түрдүүчө каралоолорду уюштуруп келгенин айтты. Ташиевди коштоп жүргөн “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Кеңешбек Дүйшөбаевди бүгүндөн калбай кызматтан кетиши керектигин билдирди:

- “Ата Журтка” чагымчыл иш уюштурулду. Муну мен ачык айтам. УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев сөзсүз кызматынан кетиши керек, же болбосо кызмат ордунан убактылуу четтетилиши зарыл.

УКМК: “Бул – Ташиевдин популисттик кадамы!”

Президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаев окуяны прокуратура кызматкерлери териштире баштаганын, азырынча кимдир бирөөгө күнөөнү оодара салуу туура эмес экендигин “Азаттыкка” билдирди. Каптагаев окуяга байланыштуу бүгүн тиешелүү кызматтар билдирүү жасарын белгиледи:

- Бул иш боюнча азыр прокуратура иштеп жатат. Бул окуя толук териштирилет. Бул жерде саясат көп болушу мүмкүн.

Администрация башчысы Эмилбек Каптагаев президент Роза Отунбаева бардык күч кызматтарына Камчыбек Ташиевдин үйүндө орун алган окуяны териштирүүнү тапшырганын кошумчалады.
Эмилбек Каптагаев

Ал эми УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Камчыбек Ташиевдин дооматын жалган жалаа катара баалап, аны окуяны ошол замат саясатташтырып, “популисттик мүнөзүн көрсөтүүдө” деп айыптады. Дүйшөбаев Ташиевдин үйү жайгашкан райондо УКМК кызматкерлери чын эле болгонун тастыктап, бирок алар баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү максатында барышканын, Ташиевге байланыштуу окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Кечки саат тогузда Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп жаткан чакта, имараттын сыртында 700гө чукул чымыр денелүү жигиттер топтолуп, алар Ташиев чыгып сүйлөгөндөн кийин гана тарап кетишти. “Ата Журттун” лидери эч кандай митингдерди өткөрүүгө, элди көтөрүүгө ниети жок экенин “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Ушул эле айда “Ата Журт” партиясынын Бишкектеги кеңсесине да кол салынган. Шайлоо алдында 7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учкандардын жакындары партиянын кеңсесине кирип келип, партиянын үгүт баракчаларын өрттөшкөн. Алар буга себеп интернетте пайда болгон тасма болгонун билдиришкен.

Тасмада Камчыбек Ташиевге окшош адам өлкө түштүгүндөгү кайсы бир жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөгөнү көрсөтүлгөн. Ташиев болсо дал ошол тасмага да, үйүндө орун алган жаңжалга да УКМК жетекчисинин тиешеси бардыгын айтты. Кеңешбек Дүйшөбаев болсо күнөөлүүлөр табылса Камчыбек Ташиев негизсиз койгон дооматтары үчүн кечирим сурашы керектигин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG