Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Убактылуу өкмөттүн “жол картасы” бар


Убактылуу өкмөттүн алдында белгиленген “жол картасы” бар, ал Кыргызстанды саздан чыгаруу аракетин көрөт. Мындай билдирүүнү 25-майда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Сокулук районуна барганда жасады.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева эл менен жолугушууда өлкөдөгү саясий, социалдык жагдай, анын ичинде алдыда күтүлүп жаткан референдумга камылгалар тууралуу маалымат берди. Биринчи кезекте коомчулуктун көңүлүн бурган жагдай – Р.Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президенти болуп келишинин себебин ачыкташы болду:

- Азыр бизде Кыргызстанды алдыга сүйрөп кетиш үчүн абдан жоопкерчиликтүү абал болуп турат. Биз башкача болобуз, жашоону өзгөртүүгө, ушул кырадаалдан чыгарууга болгон аркетибизди жасайбыз деп ант бергенбиз. Бизде азыр кайда турабыз, кийинки пункт кайда, мындан ары кайда бара турган багытыбызды көрсөткөн "жол картабыз" бар.

Р.Отунбаеванын айтымында, ал башка көрүнүктүү саясатчылардын катарында пррезиденттик шайлоого катышса деле болмок, бирок өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн ушул жолду тандап алган.

Бул аралыкта Р.Отунбаева жетектеген өкмөт мүчөлөрүнүн арасында пикир келишпестик уланууда. Буга Алмаз Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун, А.Бекназаров менен Темир Сариевдин жана А.Бекназаров менен Жалал-Абад облусунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун ортосундагы телефондук жеке сүйлөшүүлөрдүн коомчулукка тарап кетиши себеп болду. Маселен, Алмаз Атамбаев эки күн катары менен маалымат жыйынын уюштуруп, акыркы маалымат жыйынында:

- Эгерде бул өкмөт иштебей жатып момунтип баштап жатса, аягы Бакиевдин бийлигинен жаман болот - деп өзү иштеп жаткан өкмөттү сындаган.

Айрым талдоочулар ушундай жагдайда Роза Отунбаеванын убактылуу өкмөттү башкаруусу кыйла олуттуу проблемалар менен коштолуп жатканын айтышууда. Р.Отунбаева өзү болсо Сокулукта сүйлөгөн сөзүндө буларды белгиледи:

- Албетте саясатта ар кандай тирешүү, кагылышуу боло берет. Бирок бул жарылуу менен аяктабашы керек. Бүгүн биздин мойнубузда абдан чоң жоопкерчилик турат. Ал - өлкөнү саздан чыгарып кетүү. Биз ушул милдетибизди аткарууга кириштик.

Ошол эле мезгилде саясат талдоочу Орозбек Модалиев Убактылуу өкмөттүн өлкөнүн сатиблдүүлүгү үчүн жасап жаткан иш аракеттерин оң баалап, бирок жетекчи катары Р.Отунбаеванын чечкиндүү чаралдарды көрүүсү зарылдыгын белгилейт.

- Р.Отунбаева баткактан чыгалы деп туура айтып атат. Ошону өздөрүнөн баштаса, калган эл биз деле тазаланалы дейт да. Анын үстүнө Убактылуу өкмөткө мындай шектенүүлөр болуп жатат. Мисалы, коррупция боюнча өтө алгылыктуу деле иштер жасалган жок. Чынын айтыш керек, алгандар алып эле атышат. Элдин ишениминде болгон адам башкарып кетет, мен андан шегим жок. Бирок чечкиндүү кадамдарды жасаш керек.

Р.Отунбаева жетектеген азыркы өкмөттө өз ара араздашуулар ушуну менен тыйылып, ага жараша Отунбаеванын өткөөл мезгилде мамлекетти башкаруусу жеңил болот дегенге ишенбегендер да аз эмес. Муну биринчи кезекте алдыда күтүлүп жаткан референдум жана парламенттик шайлоого байланыштырышууда.

"Азаттыктын" архивинен: Отунбаева акыркы коңгуроо салтанатына катышты

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Сокулук районунда иш сапар менен болуп, акыркы коңгуроо салтанатына катышты. MiT.

Отунбаева акыркы коңгуроо салтанатына катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG