Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Кеңейтилген коалиция түзүүгө саясатчылардын эрки жетеби?


Коалиция түшүнүгү кыргыз парламентине биринчи жолу кирип жатат. (Сүрөттө: мурдагы парламенттин СДП фракциясы)
Коалиция түшүнүгү кыргыз парламентине биринчи жолу кирип жатат. (Сүрөттө: мурдагы парламенттин СДП фракциясы)

“Республика” партиясы беш партиядан турган кеңейтилген коалиция түзүүнү сунуштаган билдирүү менен чыкты.

Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн ар кандай саясий амбицияларды артка таштап, биргелешип иш алып барууга даярдыгын башка партиялар да билдирип келишет. Байкоочулар болсо өкмөт куроо, парламенттеги башкаруу орундарын бөлүштүрүү маселесине келгенде кандай болот деген суроо коюшууда.

“Ата-Журт”, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс”... Эми "Республика"

Кеңейтилген коалиция түзүү сунушун парламенттик шайлоодон кийин алгачкылардан болуп “Ата-Журт”, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” партиялары айтып чыгышкан. Ал эми “Республика” партиясы Социал-демократиялык партия менен биригүүгө даярдыгын билдирген. “Республиканын” бүгүн кеңейтилген коалиция түзүү демилгесин көтөрүп чыгуусуна эң биринчи – элдин биримдиги, кырдаалдын туруктуулугу, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгы себеп болду деп билдирди “Азаттыкка” партиянын өкүлү Кубат Болотканов:

- Бөлүнүп-жарылбай, беш партиядан турган кеңири коалиция түзүүнү сунуштап жатабыз. Бул жерде портфель, кызмат бөлүштүрүүгө эмес, экономикалык өнүгүүнүн өкмөтүн түзөлү деген максат болуп жатат. Стабилдүү экономикалык өнүгүү, атуулдардын коопсуздугу, мамлекеттүүлүктү чыңдоо деген принциптердин негизинде бул сунуш келип чыгып атат. Буга чейин деле кеңири коалиция түзүү тууралуу партиянын ичинде айтылып келген.

Кубат Болотканов “Республика” партиясынын Социал-демократиялык партия менен түзгөн чогуу иштөө келишими күчүндө кала берерин кошумчалады.

Принцибинде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн ар кандай саясий амбицияларды, жеке пикир келишпестиктерди артка таштап, биргелешип иш алып барууга шайлоодо жеңишке жетишкен бардык эле партиялар даярдыгын билдиришүүдө. Шайлоодо эң көп добушка ээ болгон “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев атүгүл, элдин тынчтыгы үчүн бардык бийлик орундарын башкаруучу партияларга берип, оппозицияга өтүүгө даяр экенин журналисттерге билдирген.

“Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Курманбек Осмонов башкаруу системасында кеңейтилген коалиция менен иш алып баруу жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы, элдин тынчтыгы үчүн жакшы болмок деп эсептейт.

Ырыс алды - ынтымак

Мамлекеттин келечеги үчүн ынтымакташып иш алып баруудан тышкары өкмөт курамын куроодо шайлоодо 5% босогодон өтө албай, бирок көпчүлүк добушка ээ болгон партияларды да тартуу сунушун “Ар-Намыс” партиясы билдирген. Партия лидери Феликс Кулов элдик ишеним өкмөтүн түзүүгө 2% жогору добуш алган саясий партиялардын кесипкөй, адис талапкерлерин тартуу зарылчылыгын айтып чыккан.

Партия тизмесинде Ф. Куловдон кийин турган талапкер Акылбек Жапаров парламентке келгенде партиялар өкмөттө, Жогорку Кеңеште орун, папка талаша турган болсо, кырдаал жакшы жагына өзгөрбөйт деген пикирде:

- Менин билишим боюнча, биздин каржы министрлигибиз ноябрь, декабрь айларында катуу каржылык каатчылыкка кептелгени турат. Мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы 28 млрд. сомго чейин жетип отурат. Буга чейин мындай болгон эмес, алдыда кыш келатат. Ошондуктан, саясатчылар өкмөттүн эртерээк куралып ишке киришин, жок дегенде кыштан аман-эсен чыгууну ойлой турган болсо, жеке амбицияларын жокко чыгарып, биригүүгө аргасыз болуусу керек.


Дүйнөлүк практикага кайрылып көрсөк, кеңейтилген коалиция эки учурда түзүлүп, пайдаланылып келген. Биринчиси - экономикалык жактан системалуу түрдө кризис болсо, экинчиси - мамлекетте кандайдыр бир жарака кеткен учурда. “Ата Мекен” партиясынын лидеринин орун басары Равшан Жээнбеков дал ушундай зарылчылык Кыргызстанда түзүлүп отурат деп эсептейт:

- Бизде азыр эки элемент тең бар. Биринчиси - өлкө түндүк-түштүккө бөлүнүп турат, экинчиси –экономикабыз толугу менен кыйрады. Ошондуктан, кеңейтилген коалиция түзүү – туура ой. Менин жеке оюмда, кеңири коалиция түзүлгөндөн кийин андан бир же эки партиянын чыгып кеткени да анчалык коркунуч алып келбейт, анткени калган партиялар көпчүлүктү түзүп тура берет. Ошол үчүн эгерде кеңири коалиция түзүлүп кала турган болсо, ал бүгүнкү күн үчүн тескерисинче бир топ туруктуу коалиция болот.

Баары келип саясий эркке такалат

Элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү, экономикалык кызыкчылык үчүн чогуу, бирге иш алып барууга дээрлик бардык саясий партиялар даярдыгын көрсөтүп жатышат, бирок иш жүзүнө келгенде буга саясатчылардын эрки жетеби деген суроо туулат. Айрым талдоочулар парламент төрагалыгын, өкмөт башчыларын, мүчөлөрүн бекитүүгө келгенде баягы эле талаш-тартыш келип чыгат деп тынчсызданышат.

Саясий эксперт Кубан Абдымен мындай учурда талаш-тартыштар партиялар арасында гана болбойт, буга сырттан, башка мамлекеттердин да таасиринин алдында болушу ыктымал деп айтты:


- Акыркы маалыматтардан улам “Ата Мекен” партиясы Жогорку Кеңештин төрагалыгын көздөп турганы – бул талашуу партиялар арасында абдан чоң деңгээлге чыгып баратканын көрсөтүп тургансыйт. Менин жеке оюмда, бул эле талашуу эмес, талашуунун артында тышкы күчтөрдүн таасири чоң болуп жатканы. Айрым партиялар муну түшүнүп турса, кээ бир партиялар ага көңүл бурбай, көңүл бурса да аны менен эсептешпей, саясий талаштарга кирип жатканы чоң кемчилик. Бул алардын коалициялык өкмөт түзүүсүнө да кедергисин тийгизип, кыйынчылыкка кептеп жатат.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодо утуп чыккан партиялар 1-отурумуна 5-ноябрь күнү чогулмак болушууда. Бул күнү аларга Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты тапшырылат, андан тышкары коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү берилет. Саясий партиялар бүгүнкү айтып турган позицияларын канчалык деңгээлде карманып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө канчалык деңгээлде даяр экени ошол отурумдан тартып көрүнө баштайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG