Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Ошто өзгөчө кырдаал киргизилди


11-июнга караган түнү Ошто тополоң окуялар башталып, ок атышуулар болду. Саламаттык сактоо министрлиги тополоңдо 45 киши өлүп, 632 адам жаракат алып, анын ичинен 406 ооруканага жеткирилгенин, алардын жарымынын абалы оор экенин билдирди. Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди

Ош шаарында түндө болгон башаламандыктар маалында 10 чакты имарат талкаланды. Ички иштер министри Болот Шердин маалымдашынча, шаарда тополоңду уюштурду деген шек менен беш киши кармалды.

Убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык, Ош шаарында түндө чыккан тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, түнкү саат экиден тарта коменданттык саат киргизилди. Комендант болуп ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков дайындалды. Коменданттык саат кечки сегизден таңкы саат алтыга чейин созулат.

Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, азыр шаарда кырдаал салыштырмалуу тынчып турат. Ош облустук акимчиликтин алдында азыр үч жүздөй адам чогулду. Бирок алар кандай талап менен чыгышканын айтыша элек.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева эртең мененки саат 7де Улуттук телерадио корпорациясында билдирүү жасады. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунда адамдардын өлүмүнө алып келген жаштар топторунун кагылышуулары болду, деп билдирди. Бул аймакта акыркы бир жумадан бери түрдүү топтордун ортосунда мамиле кыйла курчуп келгенин белгиледи. Р. Отунбаева Убактылуу өкмөт чукул чаралар менен өлкөдө баш аламандык уюштургусу келген деструктивдүү күчтөрдүн аракетин ишке ашырган жок, деп баса белгиледи. Бул максатта асманга эскертүү үчүн ок атылды. Ош шаарына аскердик оор техникалар киргизилди.

Отунбаева өз билдирүүсүндө Ошто тополоң уюштургусу келген чагымчылар четинен кармала баштаганын, оперативдүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстандын бардык аймагында укук коргоо органдары жогорку даярдык абалга келтирилди, Убактылуу өкмөт өлкөнүн коопсуздугун сактап, бейпил турмуш камсыз кылуу үчүн бардык ресурстарды колдонууда, дейт Р. Отунбаева.

Ал эми “Азаттыктын” таңкы уктуруусунда Өзгөн шаардык элге билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Илхомжан Абылкасымов мындай тополоң адамдын кадырын билбеген, бийликке кумар болгондордун иши болушу мүмкүн экендигин айтып, “Ош окуясы бизге сабак болушу керек” деп билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, учурда өлкөдөгү кырдаалдан бир топ адам колдонуп калууга аракет жасап жатканын, андайлардын арасында мурдагы бийликтин өкүлдөрү да болгонун, алар 27-июнга белгиленген референдумду болтурбоого аракеттенип жатканын белгиледи.

Темир Сариев Оштогу кырдаал тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

XS
SM
MD
LG