Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Б.Обаманын Нобел сыйлыгы: алатоолуктардын баасы


АКШнын президенти Барак Обама Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына татыды. Кыргыз саясатчылары ушул жылы гана президенттик кызматка келген Обаманын мындай мартабалуу сыйлыкка ээ болушуна түрдүү пикирлерин айтып жатышат.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Роза Отунбаева кара түстүү адамдын президент болушунун өзүн чоң окуя катары баалайт.

- Кара түстүү адамдын президент болушу дүйнө жүзүндөгү адамзат үчүн чоң үмүт. Анткени Барак Обаманын келиши чоң окуя. Ал дүйнөлүк кризистин убагында жоопкерчиликти, жүктү өзүнүн мойнуна алып жатат. Азыркы кризистен чыгып кетишибиз Америкага көз каранды. Бул адам прогрессивдүү көз карашта. Жарым жылдан бери башкарып жатат. Ушул убакыт ичинде ишинде да, оюнда да шек келтире турган эч нерсе байкалган жок. Биринчиден, Б.Обамага президент болгондон кийин абдан аз убакыт аралыгында Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгынын берилиши күтүүсүз. Ошентсе да эң жакшы ойлорубузду байлап, сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт элек.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, мурдагы спикер Өмүрбек Текебаев Барак Обаманын Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына ээ болушун бир аз эртерээк деп ойлойт. Ал бул сыйлык жаңы шайланган президент үчүн баштаган иштерин улантууга дем катары баалады:

- Барак Обаманын президент болушунун өзүндө эле чоң символикалуу маани бар. Бул жалпы эле дүйнөдө коом өнүгүп жатканынын далили. Бирок Нобел сыйлыгынын комиссиясы деле кээде саясий жагын карап, эйфорияга кирип кетет окшойт деген ой калтырып жатат. Анктени президенттиктин алгачкы жылы бүтүп-бүтпөй, баштаган ишинин жыйынтыгы чыкпай эле мындай баа берилишин шашкалактык деп эсептейм. Балким комиссиянын мүчөлөрү президент баштаган саясатын колдоп ушундай чечим кабыл алышы да мүмкүн.

Мурдагы премьер-министр, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев Обама Ооганстандагы иштерди жаңы нукка салып жаткандыгы үчүн Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына татыктуу деп ойлойт.

- Б.Обаманын иштеген иши, өтөгөн жолу, айткан сөздөрү жана жазган китептеринин бардыгы ушундай жыйынтыкка алып келди го деп ойлойм. Менимче, ал президент болбой туруп деле көрсөтсө Нобел сыйлыгынын лауреаты болмок. Америка “тынчтыкты, демократияны курабыз, ооган элине жардам беребиз” деп жатпайбы. Обама Ооганстандагы иштерди жаңы нукка салып жатканы үчүн да ушундай сыйлыкка татыктуу болду го дейм.

Кыргыз-демократиялык кыймылынын теңтөрагасы Жыпар Жекшеев Обама президент катары өтө олуттуу чечимдерди кабыл албаса да, тынчтык үчүн жакшы кадамдарга барып жатат деген пикирин айтты.

- Чындыгында Барак Обаманын президент катары эмгеги сиңип, жалпы дүйнөгө таанылып чоң иш кыла элек. Бирок ишти жакшы баштап жатат. Артыкча, Европадагы ракетага каршы коргоого мараторий жарыялап токтотуп койду. Каршылашып турган Орусияны өзүнүн эң ишенимдүү, конструктивдүү кызматташы катары саясатын жарыялап койду. Мына ушунун өзү сый-урматка татыктуу кадам деп ойлойм. Идеологиялык каршылаш майданынан баш тартып, практика жүзүндө көргөзө алды. Европага жайгаштыра турган куралдын баарын жокко чыгарганы - жалпы дүйнө жүзүнө тынчтык үчүн кошкон чоң салымы деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG