Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Обама Нобел тынчтык сыйлыгына арзыды


Осло -- Нобел сыйлыгынын Норвегия комитетинин төрагасы Торнборн Ягланд быйылкы тынчтык сыйлыгы АКШ президенти Барак Обамага ыйгарылганын жарыялады.
Осло -- Нобел сыйлыгынын Норвегия комитетинин төрагасы Торнборн Ягланд быйылкы тынчтык сыйлыгы АКШ президенти Барак Обамага ыйгарылганын жарыялады.

Нобел тынчтык сыйлыгы АКШ президенти Барак Обамага ыйгарылды. Комитет чечиминде айтылгандай, бул сыйлыкка ал "эл аралык дипломатияны жана адамдар арасындагы кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө күч-аракети" үчүн арзыды.

"Обама өңдөнүп көңкү дүйнөнүн көңүлүн өзүнө байлап, жаркын келечекке адамдардын үмүтүн жандыра алгандар сейрек болгон", - деп айтылат Нобел комитетинин чечиминде.

"Комитет бир кылымдан ашуун мезгилден бери дүйнөнүн мурат-мудаасына төп келген эл аралык саясатты жана мамилени кадыр тутуп келгенин, Обама азыр ошондой ой-тилекти туюнткан ишмерге айланганын" Торнборн Ягланд да белгиледи.

Комитеттин төрагасы глобалдык чалкештиктерге ортоктошо жооп табууда ар ким өзүнө тийиштүү жүк көтөрүшү керектигин көрсөткөн Обаманын чакырыгы да айрыкча кубаттай турган иш экенин кошумчалады.

"Обама президент иретинде эл аралык жаңы климат түздү. Көп тараптуу дипломатия кайра башкы орунга чыкты, Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык башка институттар аркалай турган озуйпаларга өзгөчө басым жасалды. Карым-катнаш жана сүйлөшүү эң татаал жаңжалдарды чечүүнүн артыкча маанидеги каражаты болуп таанылды",-деп айтты комитет төрагасы Ягланд.

Комитет Обаманын дүйнөнү атом куралынан арылтуу мүдөөсүн да артыкча маанилүү иш деп эсептеди.

Комитеттин чечимин айрым баяндамчылар күтүүсүз жаңылык катары баалашты жана мартабалуу бу сыйлык Обамага реалдуу жетишкендиктери үчүн эмес, анын ой-тилектерин жүзөгө ашырууга дем берүү иретинде ыйгарылды деген ойго келишти.

Москвадагы Саясий технологиялар борборунун директору Игор Буниндин баамында, "Обама бул сыйлыкка АКШнын жалпы саясатын өзгөрткөнү үчүн арзыды. Ал Буштун өмгөктөмө тарыйкасынан баш тартты, ракетадан коргонуу проблемасын өзгөрттү, Ирактан аскерлерди чыгарууну чечти, "Ал-Каиданы" "Талибандан" бөлүп карай баштады жана бардык чалкеш маселелерде, алардын ичинде арап-израил жаңжалында сүйлөшүүлөр ыкмасын тандап алды".

Москвадагы Хелсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева бул сыйлыктын Обамага ыйгарылышы бир жагынан өтө эле эрте болгонун белгилеп, ошол эле учурда ага кыйын-кычык милдеттерди чечкенге демөөр болот деп үмүттөнөт.

Орус илимдер академиясынын Европа институнун орунбасар директору Сергей Караганов Нобел сыйлыгы Обаманы республикачылардын сынынан коргоп калбайт,бирок дүйнөлүк коомчулуктун көзүнчө анын позициясын бир топ бекемдейт деп ишенет.

Обаманы сыйлыгы менен Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу,ооган президенти Хамид Карзай, МАГАТЭинин директору Мохаммед ал-Барадей жана башка ишмерлер биринчилерден болуп куттукташты.

Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, Обама өзү бул кабарды укканда абдан оңтойсуз абалда калганын моюнга алган.

Нобел тынчтык сыйлыгы 10-декабрда Ослодо тапшырылат. Обама Нобелдин сүрөтү чегерилген медал менен бирге 10 миллион швед кронун (бир миллион евро) алат.

Азаттыктын видео архивинен:

АКШ президенти Барак Обама 4-июнда Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылып, эл аралык коомчулук көптөн назар кадап күткөн сөзүн айтты.

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG