- Курултайдан азыртадан ишине күмөн санагандар бар экен. Сиздин оюңузчу курултайдан эмнени күтсө болот, бул маселе чече алабы?
- Биринчи, мурунку курултайдан өзгөчөлүгү бар мунун. Себеби курултай өзү тагдыр чечүүчү ири маселелерди карай турган элдик жыйын, илгерки тарыхтан калган салт.
Азыркы өзгөчөлүгү мурункудай саясий максатты көздөп, анан бир партиянын чечимдерин кабыл алыш үчүн чогулган курултай эмес. Бул бүткүл элдин, бүткүл түрлүү палитранын, Кыргызстандагы 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган элди бир багытка алып келе турган ынтымак деп бекер айтылган жок, бул ошондой курултай.
Мунун эки чоң максаты турат. Биринчиси, бүткүл элди ынтымакка келтириш. Экинчиси, ошол ынтымакты кыргыз деген ядронун айланасына топтош. Мына ушул эки идеяны аткарса, анда бул курултай ишке ашат.
Азыр миграция, таза суу же ушуга окшогон майда көйгөй маселелерди айтып атышат жер-жерлерде элдер. Бирок менин оюмча бул маселелерди кароо курултайдын максаты эмес. Бизде парламент бар, жергиликтүү бийликтер бар, алардын өздөрүнүн кыла турган иштери бар да. Алар ошону караш керек. Бирок курултай деген бул тагдыр чечүүчү чоң-чоң маселерди караш керек.
- Мисалы кайсы маселелерди караш керек?
- Мисалы, айталы Орто Азиянын суу проблемаларын. Азыр Кыргызстанда ушул маселе актуалдуу болуп баратат. Анткени суу кийинки убактарда алтындан дагы, башка ресурстардан кымбат ресурс болот. Же мамлекеттин бүтүндүгү, чек ара маселелери. Же болбосо башында айткан ынтымак маселелери.
Ынтымак деген ал элдин эле ынтымагы эмес, ал жерде саясий көп түрдүүлүктүн ынтымагы, оппозиция менен позициянын ынтымагы, же болбосо этникалык же дин ынтымактары, түрлүү саясий көз караштардын ынтымагы. Мына ушул жөнүндө кеп болуп атат.
Ар кандай ача пикирлер болушу мүмкүн, бирок ынтымак деген бул негизги биримдик. Андай болмоюнча мамлекеттин өнүгүүсү жок. Ошон үчүн бул чоң идеяны караш керек деп ойлойм.
- Рахмат чоң.