Аксы районунда 25 жаштагы Айчүрөктүн асынып каза болгону айтылганына бүгүн кырк күн болду. Жакындары экспертизанын жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыкпаганын айтып, иштин калыс жана адилет тергелишин талап кылууда.
Фергана өрөөнү 15 миллиондой киши мекендеген, дүйнөдө калк жыш отурукташкан чөлкөмдүн бири саналат. Бул жерде үч мамлекеттин чек аралары кесилишип, жүздөгөн айыл-кыштактын эли сууга көз каранды.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.
Кыргызстанда археологиянын артынан түшкөн окумуштуулардын жана ага кызыккан жаштардын саны аз экени айтылып келет.
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
Турак жайы жок балдарын жалгыз асыраган атанын түйшүгү. Баа түшүп кетип дыйкандар дагы эле пахтасын сата албай турат. Ошто креативдүү жаштар үчүн борбор түптөгүсү келген уюм элден каражат топтоп жатат. Мариинск театрынын солисти Канат Надырбектин сагынычы.
"Данисте" түрмөгүнүн "Тагдырды өзгөрткөн мугалим" сериясынын каарманы Атыркүл Кутманова. Ал Чаткалдын алыскы айылдарынын биринде 30 жылдан бери математикадан сабак берет. Элеттик агартуучу алыскы айыл жериндеги миңдеген мугалимдин образын тасмада чагылдырып, дүйнөгө таанылган.
Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда 2017-жылы 16-январда учак кыйраган. Каргашада 35 жергиликтүү тургун жана учактын төрт учкучу курман болгон. Дача СУдагы кырсыктан кийин "Манас" аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн.
Өлкөнүн эң аптаптуу аймагы Ноокенде жыйым-терим аяктап жатат. Быйыл түшүм жакшы. Бирок ошол эле маалда баанын кымбаттаганына дыйкандар кыйла бушайман.
Гүлайым, Нурайым, Элина Сапаровалар Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлүп өсүшкөн. Эже-сиңдилердин ата-энеси Советтер союзу тараган жылдары Орусияга иштегени келип, калып калган. Отуз жылдан бери бөтөн жерде жашаган ата-эне мекенинен үзүлө албай жүрсө, ал жакта өсүп калган кыздары Кыргызстанга бай
"Азаттык" Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендиктин балдары" түрмөгүн баштады. Алгачкы каарманбыз, 30 жаштагы Данияр Назаралиев -90-жылдардагы каатчылыктан улам мекенин таштап, мигрант болуп кеткен үй-бүлөлөрдүн биринин уулу.
Нарында жылкыларга электрондук чип басыла баштады. Түнү таксиде иштеп, күндүзү сахнада бийлеген балет артисттери. Өмүрүн өнөргө байлаган актердун устачылык сыры.
Дагы жүктөңүз