Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Кыргызстанга сырттан зыяндуу азык-түлүктөр киреби?


Кыргызстанга алып келинген эттин 90% Америкадан, 10 пайызы Кытайдан келет.
Кыргызстанга алып келинген эттин 90% Америкадан, 10 пайызы Кытайдан келет.

Кыргызстанга сырттан ташылган азык-түлүктөрдүн арасында курамында ден-соолукка зыяндуу кошулмалары бар азыктар да жок эмес.

Жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан алып келинген азык-түлүк жалпы эсеп менен 267,1 млн. долларды түзгөн. Мунун ичинде сапаты, курамында адам баласынын ден-соолугуна зыяндуу кошулмалар бар, ошондой эле генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктар да жок эмес.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы сегиз айда Кыргызстанга сырттан алып келинген азык-түлүк өткөн жылга караганда азыраак. Ошентсе да быйыл чет мамлекеттерден малдын, канаттуулардын эти көп алып келинип, өткөн жылга караганда 14 миң тонна көбөйүп, 46,3 миң тоннага чыкты. Кыргызстанга алып келинген эттин 90% Америка өлкөлөрүнөн, 10 пайызы Кытайдан келет. Министрликтин маалыматы боюнча, сырттан келген азык-түлүктөрдү текшерүү жылына 3-4 жолу болот, үстүбүздөгү жылы март айында жүргүзүлгөн текшерүү Кытайдан апкелинген азыктардан эч кандай кынтык таба алган эмес.

Айыл чарба министрлигинин ветеринария департаментинин адис кызматкери Көчөркул Кудакеевдин айтуусунда, кыргызстандык текшерүүчүлөр Кытайдын өзүнө барып, 7 эт комбинатын текшерүүгө алышкан, аларга болгону малга берилген тоюттун курамын иликтөөгө уруксат берилген эмес. Адис уруксат берилген күндө да генетикалык жактан өзгөртүлгөн тоютту аныктоочу лабораториялар Кыргызстанда жок болгондуктан, натыйжа чыкпастыгын айтат.
Сырттан апкелинген эттин 90% Америка өлкөлөрүнөн келет

Адам эмес, акча бийлейт

Чындыгында айыл чарба тармагы сырттан келип жаткан азык-түлүктөрдү тиешелүү текшерүүдөн өткөрүүчү лабораторияларга ээ эмес. “Жаныбарлардын саламаттыгы” аттуу коомдук уюмдун жетекчиси, ветеринария департаментинин мурдагы башчысы Калысбек Жумаканов Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө сырттан азык-түлүк алып келүү менен шугулданган атайын адамдар болорун, алардын саясатына бийлик өкүлдөрү да каршы тура албасын ачыктады:


- Мен Айыл чарба министрлигинде ветеринария департаментин жетектеп турган учурда бир нече вагон этти жегенге жаратпай, өрттөткөн учурлар болгон. Ошол бир нече миң тонна эт Индиядан жана башка өлкөлөрдөн келген. Сиздер билесиздер, Кыргызстанга “үчүнчү дүйнөнүн өлкөсү” деген шылтоо менен өнүккөн өлкөлөргө өтпөй калган, сапатсыз азык-түлүктөрдү жибере беришчү. Кытайдан келген меламин кошулган ундун чатагы да эсиңиздерден чыга элек болсо керек, анда да дал ушундай эле аракет болгон. Элдин керектөөсүнө сапатсыз азык-түлүктөрдүн сырттан эч кандай тоскоолсуз келип жатышына бийлик башында отурган адамдар да себепкер болушат, анткени алар көбүнчө мына ушундай азык-түлүктөрдүн өлкөгө киришине мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Мунун баары акча, жакшы билесиздер.

Калысбек Жумаканов меламин кошулган ун чатагы жана үй жаныбарларын дарылоочу сапатсыз дарылардын агымын токтотууга жасаган аракети үчүн Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринария департаментинин жетекчилигинен алынганы белгилүү.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан жылына 67 тонна гана эт экспорттойт, мунун көпчүлүгү аба жолдору аркылуу Иранга ташылат. Ал эми коңшулаш Казакстан, Орусия, Өзбекстан, атүгүл Кытай Кыргызстандан эт импорттоодон баш тартканы белгилүү. Алар бизде эл аралык талапка жооп берген касапканалардын жана эттин сапатын аныктоочу атайын лабораториялардын жоктугун себеп кылышат. Ал эми бизге келип жаткан азык-түлүктүн сапатын аны Кыргызстанга экспорттогон мамлекеттер аныктап берет, жергиликтүү текшерүүчүлөр болсо алар берген кагазга ишенүүгө аргасыз дейт “Жаныбарлардын саламаттыгы” бейөкмөт уюмунун башчысы, ветеринария департаментинин мурдагы жетекчиси Калысбек Жумаканов:

- Өрдөктү, тоокту жумурткадан баштап, эки айда чоңойтуп, эт кылып берип жатат. Сырттан алынган азыктардын баары: жумуртка, эт, сүт азыктары баары генетикалык жактан өзгөртүлгөн. Өзгөчө Кытайдан келген азык-түлүктөр. Анын баарын далилдөө да оңой эмес, анткени булар АКШ, Канада, Европа менен бирге эл аралык стандартка жооп берүүчү лабораторияларды куруп коюшкан, ошолордун сертификаттарын алып чыгып көрсөтүшөт. А биз аны кайра текшерүүдөн өткөрүшүбүз керек да, бизде болсо андай укук да жок. Анткени биз деген Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз.

ГМО деген эмне өзү?

ГМО - генетикасы өзгөртүлгөн организмдер деген түшүнүктүн орусчадан которулбастан айтылышы. Генетикалык жактан өзгөртүлгөн азык-түлүктөрдү колдонуудан адам баласынын генине да зыян болорун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айтып келет.

Азык-түлүктөрдүн генетикалык жактан өзгөртүлгөнүн аныктоочу атайын лаборатория саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы молекулярдык-генетикалык-микробиологиялык изилдөө борборунда бар. Аталган борбордун жетекчиси Калия Касымбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктарды аныктоочу сапаттуу жабдыктар жана тест-системалар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына үч жыл мурун апкелинген. К. Касымбекова жетектеген борбор чийки эт же малга берилүүчү тоюттун курамын изилдей албайт, алар негизинен даяр тамак-аштардын курамында генетикалык жактан өзгөртүлгөн кошулмалар бар-жогун аныкташат:

- Мурдарак негизинен сырттан алып келинген азык-түлүктөрдө мындай жасалма курамдар бар экени билинчү. Акыркы жылдары жергиликтүү ишканаларда жасалган тамак-аштар: колбаса, сосиска, паштет сыяктуу азыктардын курамында да генетикалык жактан өзгөртүлгөн кошулмалар бар экени аныктала баштады. Анткени алар деле көбүнчө сырттан алып келинген ар кандай даам берүүчү, жыт берүүчү кошумчаларды колдонушат.

Текшерилет, талапка жооп бербесе жок кылынат

Сырттан кирип жаткан азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүү максатында мурдагы жылдары бажы кызматы менен катар чек аралардагы көзөмөл пункттарына санитардык-ветеринардык кызматкерлер да отургузулган. Кыргызстандын бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев алар чек аранын ары жагынан келип жаткан азык-түлүк жана башка товарлардын сапатын аныктап, талапка жооп берсе гана сатыкка чыгарууга уруксат беришерин “Азаттыкка” маалымдады:

- Дал келүүчүлүк сертификат деген бар. Мына ошол кагазды биздин ветеринария жана санитардык-эпидемиологиялык департамент бермейинче, сырттан алып келинген товарлар сатыкка чыгарылбайт. Сырттан келген тамак-аштын сапаты биздин талаптарга жооп бербесе, анда алар жок кылынат.

Өткөн жылы Кара-Суу районунда Кытайдан алып келинген 1 миллиондон ашуун даана жумуртка кармалып, сапаты начардыгын атайын комиссия тастыктаган соң, жок кылынган эле.

Жебей койсоң кутуласың

Байкоочулар болсо сырттан кирип жаткан азык-түлүктөрдү сапатына, генетикалык жактан өзгөртүлгөнүнө карабай, өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынбай турганын айтышат, анткени Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп эсептелет. Ошондуктан, ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн мындай азык-түлүктөрдү пайдаланууга чек коюусу керек, деп эскертет Саламаттык сактоо министрлиги.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы соода түйүндөрүндө жана базарларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн ичинен колбаса, сосиска, сарделькалар, жүгөрү таякчаларынын, картошкадан жасалуучу чипсыларда курамында генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктар колдонулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары Кытайдан апкелинген тамак-ашка кошулуучу жыпар жыттуу кошумчаларда да мындай кошулмалар бар. Ошондой эле Америкадан келүүчү тоок эттери да генетикалык жактан өзгөртүлгөн азык-түлүк болуп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG