Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Э. Үмөталиев: IT-технологияда иштеген жаштардан үмүт чоң


Эмил Үмөталиев, экономикалык тескөө министри.
Эмил Үмөталиев, экономикалык тескөө министри.

Бүгүн башталып жаткан ишкердиктин глобалдык аптасынын маани-маңызы тууралуу экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев кеп салат.

Э. Үмөталиев: Бул иш-чараны биздин коомубуздун өсүшүнүн жаңы кадамы катары далил кылсак болот. Анткени муну биз ойлоп чыгарган жокпуз. Бул чиновниктер сунуштаган иш деле эмес. Биз азыр өзүбүздүн ниетибиз менен бул демилгени колдоп гана берип жатабыз. Демилге болсо кыргыздын жарандары, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнө таандык. Мына биздин Кыргызстанда бир нече жылдан бери Борбор Азиядагы Эркин рыноктун институту ачылып иштеп жатат. Аны жаш демилгечилердин бири Мирсулжан Намазалиевдин тобу ачкан. Ошолор көп жылдардан бери активдүү жаштарды топтоп, Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азиянын жаштарын чакырып алып активдүү иштерди жүргүзүп атат. Мына ошолордун демилгеси.

Жаштар арасында ишкердикти таратып, анын маанилүү жактарын көрсөтүү максат кылынып жатат. Бир жуманын ичинде 30-50дөй иш чара өткөрүлөт. Алардын арасында маалыматтар таратылат, билимин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар болот. Ага катышкан жаштардын өздөрүнүн өнөрлөрүн чыңоо жана бири-бири менен пайдалуу катнаштарды түзүү жолдору изделүүдө. Биз карап көрсөк, эки миңге жакын адам катышат экен. Угуучу катары эмес, активдүү түрдө катышат.

“Азаттык”: Жаштар деп айтып жатасыз, сиздин баамыңызда, азыр жаштар кайсы чөйрөлөрдө ишкердиктин мыкты өнөрүн жана ийгиликтерин далилдеп жатышат?

Э. Үмөталиев: Баардык. Баардык жерлерде бар. Азыр чоң бизнестерде мындай катышуучу гана болуп, тейлөө кызматтарында товарларын сатып берип атса дагы, азырынча чоң кызматтардын ээси боло элек болсо дагы, бир аз убакыттан кийин чоң бизнеске айлана турган иштердин баарында катышууда.

Жаштар өзгөчө жаңы маалыматка, жаңы илимге, жаңы өнөргө аябай жакын болушат жана иштетип кете алышат. Ошондуктан IT-технологиялардын үмүтүбүз күчтүү. Карап көрсөк Жапонияга (Эми чындыгында Жапония менен соода мамилебиз анча көп эмес) экспортубуздун алдыңкысын биздеги IT-технологиясында иштеген компаниябыз чыгарып жатыптыр. Анын жетекчиси Азиз Абакиров жаш ишкер. Биок эл аралык деңгээлде иштеген ишкер. Англисче, жапончо сүйлөйт, анан IT-технологияда терең өнөрү, билими бар. Ошолордун иши азыр алдыңкы экспортер болуп чыгып атыптыр.

“Азаттык”: Дүйнөлүк тажрыйба айгинелегендей, орто катмар, мындайча айтканда колунда иши, чөнтөгүндө акчасы бар адамдар катмары мамлекеттин жана коомдун туруктуулугуна өбөлгө болушат экен. Иши бар адамдар саясий иш чараларга, маселен, митингдерге чыгышпайт эмеспи. Ишкер жана министр катары Кыргызстанда ушундай орто катмар качан кыртыш алат деп айта аласыз?

Э. Үмөталиев: Биз министрлик болгондон бери эле, апрель-майдан тарта өзүбүзгө керектүү саясий багыттардын бири катары алган тапшырмабыз бар. Мурда бизнестердин баары чакан гана топтун колунда болуп, алар экономиканын көлөмүнө ээ болгон. Саясий иш, саясий чечимдердин баары ошолорго жасалган, ылдый жактагылар аз эле бизнестерге ээ болуп келген. Биз мындай шартты өзгөртүшүбүз керек. Мына Конституция аркылуу биз саясий бийликти толугу менен демонополдоп, бир топтон, бир үй-бүлөдөн башка көбүрөөк топторго, анан тең салмактуу топторго бөлүп бердик. Бул конституциялык реформа, саясий плюрализм жана парламенттик башкаруу аркылуу ишке ашууда.

Ушунун артынан экономика деле, рынок деле ошентип эле тең салмактуу болуп бөлүнүп кете берет. Бирок ага өз убагында көбүрөөк көңүл буруп, көп жардамдарды беришибиз керек. Биз эми саясий чечимдер аркылуу экономикалык чечимдердин баарын тең салмактуулукка түртүшүбүз керек. Монополизацияга жол бербей, жалаң гана чоң ишканалардын кызыкчылыгын колдобой, экономикалык кызыкчылыктарды ортого салып, коомчулуктун кызыкчылыгын тең алганга көңүл буруп, чакан орто ишканаларды эсепке алышыбыз керек.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG