Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстандык мушкер Кытайда жеңишке жетти


28-августтан бери Бээжинде чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндар өтүүдө. Кыргызстандык боксчу Эрмек Сакенов алтын медаль жеңди.

Мурда чыгыш өнөрлөрү, жеке таймашуулар боюнча дүйнө жана континенталдык чемпионаттар, биринчиликтер өткөрүлүп келсе, 28-августтан бери Кытайдын борбору Бээжинде чыгыш спорттун 13 түрүнөн дүйнөлүк биринчи оюндар өтүүдө.

Бул таймашуулар спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча болууда. Жеке таймашуулар: айкидо, бокс, дзю-до, джиу-джитсу, каратэ, кендо, кикбоксинг, тай бокс, самбо, сумо, тхэквондо жана башка чыгыш өнөрлөрү боюнча мөрөй талашуулар өтүүдө.

Командалык эсепте баш байгеге Кытай, Орусия жана Жапон өлкөлөрү талапкер болуп, алдыңкы орундарды ээлеп жатышат.

Учурда өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги спорттун олимпиадалык түрлөрүнө басым жасап, Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасына команда жиберип, 16-Азия оюндарына даярдык көрүп, Бээжиндеги чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарга барууга спортчуларга каражат бөлө албады. Ошондуктан спорттун айрым гана түрлөрү боюнча чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарына саналуу гана спортчулар барып, өлкө намысын коргоп жатышат.

Бокс боюнча таймашууга Ала-Тоодон алты бокс чебери Бээжиндеги чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарда өлкө намысын коргоду. Алардын үчөө жарым финалга чыгып, 60 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Таласбаев польшалык Томас Михелусту 15:2 эсебинде утуп, баш байгеге талапкер болду.

64 кг салмакта өлкө чемпиону Эрмек Сакенов да жарым финалда польшалык Михаиль Зероминскини 12:4 эсебинде утуп, ал да баш байге үчүн таймашууга укук алды. 69 кг салмактагы өлкө чемпиону Максат Алибаев жарым финалда утулуп калып, коло медалга арзыды.

2-сентябрда бокс боюнча чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарынын финалдык күч сынашуулары болуп, кыргызстандык эки жигиттин бири Эрмек Сакенов биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Финалдык таймашуулардын жыйынтыктары тууралуу өлкөдө боксту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мамыт Акеров “Азаттыкка” билдирди.

- 64 кг салмакта өлкө чемпиону Эрмек Сакенов финалда кытайлык аттандашын жеңип, биринчи орунду ээлеп, чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарынын алтын медаль тагынды. 60 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү жана үч олимпиаданын катышуучусу Асылбек Таласбаев финалда утулуп калды. Бирок Асылбекке күмүш медаль тапшырылды. 69 кг салмактагы өлкө чемпиону Максат Алибаев болсо жарым финалда утулуп калып, коло медалга арзыды.

Кыргызстандык бокс чеберлери Медер Мамакеев, Асадулло Баймурадов жана Мыктыбек Мамасалиев чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарынында ийгилик жарата алышкан жок. Ошентип кыргызстандык үч бокс чебери Эрмек Сакенов, Асылбек Таласбаев жана Максат Алибаев 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байгелүү болуп, өлкөнү таанытты.

Кыргызстандын намысын тай бокс таймашууларында коргоп жаткан дүйнөнүн көп жолку чемпиону Валентина Шевченко коргоп, жарым финалда германиялык Анна Футцту экиничи раундда эле эсин оодара согуу менен баш байгеге талапкер болду.

Тай боксчу Валентина Шевченконун апасы Елена Белованын билдиргенине караганда, 2-сентябрда кечинде финалдык беттешүү башталат.

- Кызым Валентина буга чейин тай бокс боюнча дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып, алты жолу чемпион болгон. Бээжинде чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарында тай бокстан 88 кыз-келин мөрөй талашууда. Валентина Түштүк Африкалык, германиялык аттандаштарын утуп алуу менен финалга чыкты. Баш байге үчүн ал австралиялык атаандашы менен күч сынашканы турат.

Бээжинде өтүп жаткан чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарында бел кур күрөшү боюнча кыргызстандык Кубанычбек Макешов да жарым финалга чейин жетип, үчүнчү орун үчүн таймашууда ирандык Абдивахед Мохаммадиден жеңилүү ызасын тартып калды. Кубанычбек ага чейин тажикстандык Шавкат Зарипов менен ганалык Камару Салауну артыкчылык менен утуп алган эле.

4-сентябрда Бээжинде чыгыш өнөрү, жеке таймаштар боюнча дүйнөлүк биринчи оюндарынын алкагында самбо күрөшүнөн мөрөй талашуулар башталат.

Кыргызстандын намысын тандалган 4 балбан: Анара Эстебесова, Рахат Асангазиева, Замир Сыргабаев жана Түгөлбай Арапбай уулу коргойт.
XS
SM
MD
LG