Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

ТАШКЕН ЖЫЙЫНЫ: КАГАЗ, СӨЗ, ИЗГИ ТИЛЕК, ИЛГЕРИ ҮМҮТ


“Шаңкай кызматташуу уюмундагы Кыргызстандын кызыкчылыгы экономикалык карым-катышка байланышкан”. Мындай пикирин Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев ШКУнун өкмөт башчыларынын Ташкендеги жыйынында билдирди. Шаңкай кызматташуу уюмунун алкагында Кыргызстан авто, темир жол тармагын өркүндөтүү, өндүрүлгөн товарларды тоскоолдуксуз жанындагы коңшу өлкөлөрдүн базарына алып чыгуу максатын көздөйт. Бирок да жакшы долбоор, илгери үмүт, изги тилектердин көбү кагаз жүзүндө калууда. Экономикалык кызматташууга чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өзү анчалык кызыкдар эмес.

Кыргызстан аймагы аркылуу өтчү темир жол, ошондой эле «Ош-Сарыташ-Эркештам» автожолу Шаңкай кызматташуу уюмунун орток долбооруна киргизилген. Автожол курулушун каржылоого Азия өнүгүү банкы да катышат. Бирок да кийинки кездери кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө үмүт арткан долбоору Шаңкай кызматташуу уюмунун банкчылар кеңешинин каржылоосунда ишке ашырылчу чаралар болууда.

Ташкендеги Шаңкай кызматташуу уюмунун өкмөт башчыларынын кеңешмесинде А.Атамбаев Кыргызстан экономикалык кызматташууга өзгөчө маани бере тургандыгын белгилеп, соода, инвестициянын эркин жүрүшүнө жетиштүү шарт түзүп берүү зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Чыңгыз Эгембердиев жыйында экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын ырастап, бирок да анда кандай маселелер талкууланып жатканына кабардар эместигин билдирди.

- Бул экономикалык жолугушуу.

Өзбекстандык саясат таануучу Ташбулат Юлдашев алдагыдай каадалуу жыйындарда негизинен экономикалык маселелер талкууга алынарын белгилеп, бирок анын натыйжасы анчалык көрүнбөй жатканын айтты. Анын негизги себеби, саясат таануучунун пикиринде, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын кайчы келип жатышканына байланыштуу.

- Негизинен экономикалык маселелер талкууланат. Анткени жыйынга катышкандар - өкмөт башчылары. Алардын милдетине кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн соода-экономикалык карым-катышын өнүктүрүү кирет. Бирок да Өзбекстан үчүн экономикалык карым-катнаш маселелери кыйла эле проблемалуу. Себеп дегенде, Өзбекстан өкмөтү баарынан окчундоо саясатын жүргүзөт. Өлкө экономикасы атаандаштыкка туруштук бере албайт.


Саясат таануучунун пикиринде, экономикалык карым-катыштын өнүгүшүнө уюмга кирген үч өлкө - Орусия, Кытай, Казакстан өзгөчө кызыкдар. Үчүлтүктүн экономикасы ушу тапта ургалдуу өнүгүп, өндүрүлгөн буюмдарын сатуу үчүн кенен-кесир базар табышка кызыкдар. Ушундай эле максатты Кыргызстан да көздөйт. Бирок да анын экономикалык өнүгүшү коңшу өлкөлөр, атап айтканда, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Орусияга көбүрөөк көз каранды.

- Уюмга кирген лөк өлкөлөр инфраструктуранын өнүгүшүнө кызыкдар. Мисалы, Кытай, темир жол аркылуу жалаң Борбор Азия эмес, КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү менен кызматташууга кызыкдар. Алар темир жолду Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан аркылуу өткөрүштү каалайт. Андан ары Орусияга чыгууга куштар,- дейт Т.Юлдашев.

Темир, автожол долбоору Шаңкай кызматташуу уюмунун банк кеңешинин бапкесинде кезегин күтүп туру. Эгер жаңы долбоорлор ишке ашырыла турган болсо ал Кытай мамлекеттик банкы тарабынан каржыланып, Азия менен Европанын ортосундагы карым-катышты, айрыкча темир жол байланышын жакшыртууга өбөлгө түзмөкчү. Мындан тышкары заманбап байланыш тармагын өнүктүрүү, чөлкөмдүн экономикалык потенциалын жандантуу аракети да уюмдун алдына койгон экономикалык максаттарына кирет. Бирок да экономикалык жагынан ыкчам өнүгүп бараткан Кытай, Орусия, Казакстандын жолоюна түшүүгө Борбор Азияда мамлекеттеринин ичара салкын-суз мамилеси, чекара, бажы тоскоолдору товарлардын эркин ташылуусуна, соода-сатыкка ыңгайлуу шарт түзүүгө кедергисин тийгизип, чөлкөм проблемаларын чечүү уюмдун негизги экономикалык кызыкчылыктарынын ишке ашуусуна тоскоол болгонун байкоочулар кыйладан бери айтып келатат.

XS
SM
MD
LG