Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Баткен: "кетсин" деп келгендер кол чаап тарашты


Баткен облустук акимчилигинин имараты.
Баткен облустук акимчилигинин имараты.

Чек ара аймактарында абал оорлоп жатканына нааразы болгон топ облустук акимчиликтин алдына чыкты. Алар губернатор Султанбай Айжигитов эл менен жолугушууларга чыкпай жатканын айтып, анын ордуна мурда облусту жетектеп кеткен Мамат Айбалаевди алып келүү талабын да коюшту.

23-июлда Баткен облусунун ар кайсы аймагынан келген жүздөй киши облустук акимчилик астына жыйналып, губернатор Султанбай Айжигитовдун иши начар болуп жаткандыгын, Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан пайдаланып жаткан газ, мунай куурларын Кыргызстанга кайтарып алуу, чек ара маселелерин чечүү үчүн облус башына мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди алып келүү талаптарын айтышты. Облус жетекчиси жыйында болгондуктан чогулгандар менен түштөн кийин гана жолугуша алды.

Баткен районунун Самаркандек айылынан келген Мурат Маматов облусту Мамат Айбалаев жетектесе Өзбекстан пайдаланып жаткан көгүлтүр отун жана мунай чыккан жерди өлкөгө кайтармак деген пикирде:

- Бүргөндүдө нефт, газ бар. Айбалаев болгондо Өзбекстан пайдаланган биздин кен байлыктарды эсептеп чыгып, мойнуна коюп төлөйсүң демек. Биздин облуска ошол жерден чыккан газ менен мунай жетмек.

Ал эми Көк-Таш айылынан келген Ахат Байзаков кошуна Тажикстандын жарандары Баткен районуна келчү чоң каналдын бир нече жерлерин тешип, сууну сураксыз эле алып жатканын, аны эч ким көзөмөлдөбөгөнүн, бул багытта облус жетекчилигинин аракети начар болуп жатканын айтты:

- Тажик жарандары каналды он жеринен тешип алды. Бизге келе турган суунун азыр бир канчасы кетип атат.

Лейлек районунан бул нааразылыкка келген Санталат Аширова болсо облустук “Баткен таңы” гезитинин мурдагы редактору Адылбек Акматовду кайрадан кызматына алып келүүнү облус жеткечилигинен сурады:

- Мен Адылбек Акматовдун окуткан эжекеси болом. Ушундай иштеп жаткан, тажрыйбага каныккан, билимдүү кадрды эмнеге куугунтуктайсыз. Биз сизден суранабыз, биздин кадрды жайына койсоңуз.

“Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматовго бир ай мурда прокуратура кылмыш ишин козгогондуктан ордунан четтетилген эле.

Жыйналгандар менен жолуккан облус губернатору Султанбай Айжигитов кызматка келгенден берки эки айда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу болбой, эл менен жолугушууларга чыгууга мүмкүнчүлүк бобой жатканын белгиледи. Ошондой эле
элдин облус жетекчисине конкреттүү нараазычылыктары жок экенин айтып, бүгүнкүдөй элди чогултууну кимдир-бирөөлөр атайын жасаганын кошумчалады:

- Сиздерди кимдер уюштуруп, бул жерге чыгарды? Менимче, Мамат Айбалаевдин, Адыл Акматовдун жактоочулары, туугандары...

Мындан тышкары чек арада тирешүүлөр болгон учурда губернатор өз демилгеси менен жасаган айланма жолдор чоң жардам бергенин билдирди:

- Согмент-Таян жолу менин планым боюнча болгон, мурда губернатор болуп турганда акчасын да даярдап таштап кеткем. Суу боюнча алты долбоор бар, ошону да мен ишке ашырып бергем. Мындан тышкары Кызыл-Кыядан тартып Лейлекке чейин темир жол курабыз дегем. Кечээ тополоңдордо мына ушул мен курган жолдор элди сактап калды.

Губернатор облустук “Баткен таңы” гезитинин башкы редакторунун маселесин сот чечээрин айтып, Адылбек Акматовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун да айта кетти:

- Биринчиден, баасы алты миллион сом турган имаратты эки жарым миллион сомго сатып жиберген. Экинчиден, сатылсын деген кагазды жасалма документ кылып туруп өзү өткөргөн. Мындан тышкары өкмөттүн үч машинасын өзү менчиктештирип туруп, сатып жиберген. Эми бул маселени сот чечет.

Айдаркен шаарчасынан келген Эрдөөлөт Якубов губернатордун мындай сөздөрүнөн кийин облус жетекчилиги жасап жаткан иш боюнча маалымат элге жетпей жаткандыктан ушундай нараазылыктар болуп жатат деген пикирин ачыктады:

- Жергиликтүү гезиттер сиздин кылган ишиңизди элге жеткирбегендиктен эл ушинтип чыгып атат. Азыр айткан сөзүңүз элге жакты. Ушул нерселерди эл билген болсо, сизге каршы чыкпайт эле.

Эрдөөлөт аксакалдын мындай сөзүн чогулгандардын көпчүлүгү шатырата кол чаап, кубаттап жиберишти. Ошентип облус жетекчисине нааразылык билдирип аны “кетсин” деп келгендер губернаторго мындан ары чек ара маселелерине көбүрөөк көңүл буруу, эл менен тез-тез жолугушуп туруу сыяктуу каалоо-тилектерин айтышып, тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG