Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Э. Эрматов: “Ак жолдун” куйруктары Баткенде да олку-солку кылганга аракет кылышты


Өрүкзарлуу Баткен аймагы
Өрүкзарлуу Баткен аймагы

Алыскы Баткен аймагындагы акыркы кырдаал, эл арасындагы маанай тууралуу Социал-демократтар партиясынын бул аймактагы мүчөлөрүнүн бири, акын Эгемберди Эрматов кеп салып берди.

- Баткенде бийлик алмашкандан кийинки кырдаал кандай? Өзгөрүүнү сезип жатасыздарбы?

- Бийлик алмашкандан бери Баткенде бир топ өзгөрүүлөр болду. Өзгөрүүлөр - жер-жерлерде бийлик тынч жол менен алмашты. Андан башка элдин маанайы азырынча жакшы. Бирок кечээ болуп өткөн 12-13-14-майдагы окуяларга байланыштуу бир аз пикирлер болуп атат, мындайча айтканда эски бийликтин калдыктары, «Ак жол» партиясынын бул жердеги куйруктары, элди түн ичинде үндөп, кайрадан олку-солку кылууга аракет кылышты дагы, Баткен облусунун акмичилигин басып алууга бир топ аракет жасашты. Бирок мындан эч нерсе чыккан жок.

- Азыр Бишкекте конституциялык реформалар тууралуу кызуу талкуу, иш-аракеттер жүрүп жатат. Баткенде Конституцияны кеп кылгандар барбы?

- Албетте, Баткендин эли дагы Конституция боюнча ойлору бар. Эл дагы жаңы бийликтин азыр сунуш кыла турган Конституция долбоору боюнча талкуусун теледен абдан дыкаттык менен көрүшүп, гезитке чыккан жаны варианттарын окушуп, айыл өкмөттөрдө, окуу жайларда, университеттерде, эл чогулган жерлерде кызуу талкуулар болуп жатат.

- Улуттар аралык араздашууну атайлап тутанткысы келгендер бар деп айтып жатышат. Баткенде бул жаатта маанай кандай?

- Бул жакта албетте, Баткенде майда чырлар болушу мүмкүн. Бирок биздин Баткен чөлкөмүн өзүңүздөр билесиздер, анклавдары бар, айрыкча улуттук маселеде олуттуу көңүл бура турган аймак. Ошондуктан бул жерде бийлик ушул маселеге абдан көңүл буруш керек. Мына тажик анклавы бар, өзбек анклавы бар. Биздин турмуш-тиричилигибиздин көпчүлүгү Өзбекстан менен алакада болуп жаткандыктан азыр барыш-келиш кыйын болуп калды, күйүүчү майлар жетпей атат, Өзбекстанга жакын тургандыктан эл ушул жерден алышып, тиричилигин өткөрүп жатат. Бирок улут аралык араздашууга акыл-эстүү адам эч качан барбайт. Биздин эл өзбек, тажик менен мазары, базары бир болуп келген эл. Биздин карапайым элдин арасында андай маанай жок.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG