Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

К. Абдымен: “Ак жол” жылуу-жумшак шартта түзүлгөн


Саясат таануучу Кубан Абдымен “Азаттыкка” “Ак жол” партиясынын курултайынан улам аталган партиянын ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.

- Иштегенине бир жарым жыл болгон, бийликте туруп алып баардыгына кийлигишкен партиянын ишмердигине баа бериш кыйын. Себеби партия түзүлгүчөктү эле, партияга кире турган адамдардын баары бийликте отуруп алып, аны түптөгөнгө, калыптандырууга, сапатын өстүргөнгө аракет кылууда. Андыктан башка партиялардан өзгөчөлөнүп жылуу-жумшак шартта түзүлгөндүктөн накта баа
бийликтеги бир жарым жылдык партиянын өзүн башкалардан өйдө эсептеп, үстөмдүк көрсөткөн иш-аракеттери мактоого арзый элек
берүүгө азырынча эртелик кылат.

Башка партияларга окшоп, 5-10 жыл өзүнчө иш алып баргандан кийин саясатта орчундуу иштерди жасаганга жарап, жакшы ойлорду сунуш кылып, андан кийин бийликке келсе, ошондо гана накта саясий сыноолордон өткөн партия катары баа берсек болмок.

Бул жерде бир жарым жылдык партия бийликте туруп алып, өзүн башкалардан өйдө эсептеп, үстөмдүгүн көрсөткөн иш-аракеттери азырынча мактоого арзый элек. Партия өзү эле түзүлүп, өзүнүн арасынан бирөөнү президенттикке көрсөтүп чыкса, ошондой накта партия болду деп айтканга мүмкүнчүлүк бар эле. Бул жерде тескерисинче болуп жатат. Президент бийликте туруп, андан кийин бийликке таянып өзүнүн партиясын түзгөндүктөн, бул партия жасалма жол менен жасалган партиялардын катарына кирет.

- Алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу эмне айта аласыз? Мисалы муруну ошол “Ак жол” партиясынын катарында жүргөн, мурунку вице-премьер министр Элмира Ибраимова “Азаттыкктагы” маегинде шайлоо алдын ала түзүлгөн сценарий менен эле өтөт дегендей пикирин айтты эле.

"Ак жол" партиясы курултайында Курманбек Бакиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү
- Бул ой жаңы эмес, муну бир топ саясат таануучулар, байкоочулар, саясатчылардын арасынан айткандар деле көп. Бул президенттик шайлоо белгиленген мөөнөтүнөн эрте өтүп аткандыгына байланыштуу, талапкерлер начар даярдыкта катыша турганы билинип калды. Андыктан эң эле күчтүү талапкер азыркы президент болгондуктан жыйынтыгын азыр эле айтьп койсок болот. Президент болуп кайра эле азыркы президент К. Бакиев шайланат да, калгандары анын тегерегиндеги көлөкө катары көмөк көрсөтүп, шайлоонун өтүшүнө мыйзамдуу жол ачып бере тургандай маанайда калышат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG