Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

COVID-19: Алматынын четиндеги сырдуу көрүстөн


Коронавирустан ажал тапкандар көмүлгөн атайын көрүстөн Алматы шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Коронавирустан ажал тапкандар көмүлгөн атайын көрүстөн Алматы шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Казакстандын Алматы шаарынан анча алыс эмес жерде коронавирустан ажал тапкандар көмүлгөн атайын көрүстөндө жайлардын саны дагы көбөйдү.

Алматы облусуна караштуу Кара-Ой айылынын чет жакасында коронавирустан каза болгондор көмүлгөн атайын көрүстөндөгү жайлардын саны 60тан ашты. Муну "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары 16-июнда аталган жайга барганда санап келишти. Өткөн айдын аягында эле мындай жайлардын саны 30дан ашык болчу.

Кабарчылар көрүстөнгө барганда коргоочу кийимчен адамдар жалпысынан төрт сөөктү жерге жашырып жатканына күбө болушкан. Ал жерде молдо жайдан алда канча алыс туруп жаназа окуган. Ошондой эле атайын кийимчен адамдар жаңы мүрзөлөрдүн үстүнө белгисиз ак затты чачышкан, дагы бир канча жайларды казып жатышкан.

Көрүстөндө сөөк жашырып жүргөндөр кабарчыларга сүйлөп берүүдөн баш тартышкан. Ошондой эле бир нече жай казылып жатканын көрүшкөн.

COVID-19: Алматынын сыртындагы көрүстөндө 32 жай табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00


Өзүн Сергей деп тааныштырган Алматы шаарынын тургуну бул жерге 88 жаштагы энеси жерге берилгенин айтып берди. Ал апасынын көзү өткөндөн кийин гана коронавирус жуккан деген диагноз коюлганын, бирок өзү ага ишенбей турганын билдирди.

Расмий маалымат боюнча, Алматы шаарында пандемия маалында бул оорудан 12 адам ажал тапкан, ал эми Алматы облусунда көз жумгандар катталган эмес.

"Азаттыктын" казак кызматы атайын көрүстөнгө жерге берилгендер эмнеге расмий эсепке алынбай жатканы тууралуу бийлик өкүлдөрүнөн комментарий алууга аракет кылды. Шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин мындай маалыматты шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы гана бере аларын айтты.

"Каза болгон жарандар боюнча шаардык саламаттык сактоо бөлүмү маалымат берет. Аларда комиссия бар, алар диагноз коюшат. Ошолор гана айта алат. Алардын баарына санитардык дарыгер диагноз койбойт".

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан бул макала жазылып жаткан маалда комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Казакстанда расмий маалымат боюнча, пандемия маалында 81 бейтап көз жумду.


Ушул айдын башында саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Алматы шаарынын четиндеги атайын көрүстөнгө көмүлгөн 37 бейтап COVID-19га чалдыкканы аныкталганы менен, башка өнөкөт ооруларынан ажал тапкан деп билдирген.

Дүйшөмбү күнү казак премьер-министри Аскар Мамин да өзүн обочолоп, карантинге чыкканы белгилүү болду. Анын алдында саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылганы аныкталган болчу. Маминге удаа эле билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев аралыктан иштөөгө өттү. Шейшембиде Павлодар облусунун акиминин орун басары Асхат Оралов коронавирусту жугузуп алганы маалым болду.

Апта башында Алматы шаарындагы "Рахат" кондитердик фабрикасында иштеген 1,5 миңдей жумушчунун теңинен көбү бул ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Фабриканын жанындагы жашылча-жемиш сатылган базар да карантинге жабылган, анын алдында базардын администрациясынын бир кызматкери коронавирустан ажал тапкан.

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус 983 адамдан табылды. Ошентип бул өлкөдө ооругандардын жалпы саны 20 миң адамдан ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG