Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Иракта дале ит тартыш


Ирак -- Экс-премьер Ияд Аллави анын шайлоо алянсына кысым жасоо башталганын ырастап, мунун арты саясий чоң кризиске айланышы мүмкүн экенин эскертти жана жагдайга кийлигишүүнү суранып, Улуттар Уюмуна кайрылды.
Ирак -- Экс-премьер Ияд Аллави анын шайлоо алянсына кысым жасоо башталганын ырастап, мунун арты саясий чоң кризиске айланышы мүмкүн экенин эскертти жана жагдайга кийлигишүүнү суранып, Улуттар Уюмуна кайрылды.

Иракта парламенттик шайлоо 7-мартта болгон. Ошондон бери анын жыйынтыгы чыга элек, ар кайсы саясий күчтөрдүн талашы ырбап баратат. Бул учурда өлкөдө кооп-козголоң кайра күч алды, апрелде эле ар кандай кыянаттардын айынан жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Дүйшөмбү күнү улуттук шайлоо комиссиясы 7-мартта 52 талапкер үчүн берилген добуштарды жаратпай салды. Алардын баары эски "Баас" партиясы менен байланышы бар деп айыпталды. Мандаты жыдыгандар арасында экс-премьер Ияд Аллавинин "ал-Иракия" шайлоо бирикмесинен бир нече киши бар. Бул блоктон дагы тогуз талапкердин иши боюнча комиссиянын чечими чыкканы жатат.

Экс-премьердин алянсы парламенттеги 325 мандаттын 91ин утуп алган, азыркы өкмөттүн башчысы Нури ал-Маликинин шийиттерден куралган "Мыйзамчыл мамлекет" блогу Аллавинин бирикмесинен эки эле мандат көп алды. Мындай абал ал-Маликиге кайрадан өкмөттү жетектегенге мүмкүндүк бербейт. Башка саясий коалицияларда ага ылым санагандар аз.

Ал эми Аллави болсо өзү шийиттерден болгону менен шайлоого жалпы улуттук коалиция курап катышкан. Ага сүннүлөр, шийиттер, ошондой эле күрттөрдүн, башка да улуттук азчылыктын өкүлдөрү киришкен. Кокус Аллави парламенттен 70 орун алган Ирак улуттук алянсынан, 17 мандаты бар көз карандысыз жана майда партиялар өкүлдөрүнөн колдоо тапса, өкмөт түзгөнгө толук мүмкүндүк ачылат. Ушул жагдайды эске алып, ал-Малики бир катар жерлерде добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган.

"Тилекке каршы, саясий процессти ооздуктаган бир катар чечимдер кабыл алынып кетти, алардын баары кырдаалды оорлотту. Ошентсе да биз мыйзамдардын күчүнө үмүт кылабыз", - деп айтты Аллави.

Ал ошондой эле Улуттар Уюмуна кайрылып, жагдайга кийлигишкенге чакырды. "Буга анын азыр деле толук укугу бар, антпесе саясий процесс жылбай калды, шайлоонун жыйынтыгы жана добуштардын санагы абдан саясатташып кетти",- деп кошумчалады ал.

Ирактагы ит тартыш абалга Вашингтон кыжаалат болуп жатканын АКШнын Багдаддагы элчиси Кристофер Хилл ырастады.

Эл аралык мунапыс уюму да шайлоодон бери жети апта өткөнүнө карабай алиге чейин добуштардын ырасмий жыйынтыктары чыгарылбай, башкаруучу коалиция түзүлбөй жатканы коопсуздук абалына терс таасирин тийгизип жатканын эскертти.

XS
SM
MD
LG