Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Франция паранжага тыюу салууда


Эгер жаңы мыйзам күчүнө кирсе Францияда мындай кийим менен көчөгө чыгууга болбойт.
Эгер жаңы мыйзам күчүнө кирсе Францияда мындай кийим менен көчөгө чыгууга болбойт.

Францияда кыз-келиндердин коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүрүүсүнө тыюу салуучу талаштуу мыйзамды шейшембинин кечинде парламенттин жогорку палатасы – Сенат жактырды. Мындай чаранын күчүнө кириши өлкөдөгү мусулман азчылыгына таасир берет.

Франция Батыш Европанын мусулман жамааты эң көп жашаган өлкөсү катары эсептелинет. Маалыматтарга караганда, 64 миллион адамдын 5тен 10 пайызга чейинкиси мусулмандар. Алардын көпчүлүгү теги боюнча бир кезде Франциянын колониясы болгон Алжир менен Мароккодон чыккандар. Сунуш кылынган мыйзам адатта мусулман аялдар кийүүчү паранжа, никаб же бурка болобу, аны менен коомдук жайларга, көчөлөргө чыгууга тыюу салат. Документти Сенатка чейин быйыл июлда парламенттин төмөнкү палатасы жактырган.

Кайчылаш аргументтер

Документтин жактоочулары никаб же паранжачан жүрүү коопсуздукка коркунуч келтирет, Франциянын секулярдык баалуулуктарына жана республикалык принциптерине каршы келет, ошондой эле аялдардын ар-намысына да шек туудурат деп эсептешет. Өлкөнүн юстиция министри Мишель Аллио-Мари Сенаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкүчө баалады:

- Менимче, Франция республикасы бүгүн кечинде өзүнүн Сенаты жана сенаторлору менен сыймыктана алат.

Анткен менен Францияда мыйзамга каршылар да бар. Алардын пикиринде, мындай кадам жарандык укуктарды чектегендик болот. Каршы тараптын айрым өкүлдөрү ошондой эле маселе жок эле жерден иммиграцияга каршы шайлоочулардын көңүлүн алуу, коомчулукту Франциянын экономикалык көйгөйлөрүн алагды кылуу үчүн чыгарылды деп эсептешет. Мусулман жамаатынын кээ бир лидерлери паранжа боюнча талкуулар француздардын улуттук иденттүүлүгү жөнүндөгү маселе менен шайкеш талкууланганына нааразылык билдиришкен.

Париждеги мусулман ассоциациялары биримдигинин баш катчысы Мухаммед Хенникке “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, аялдарга кантип кийинүү керектиги жөнүндө буйрук берилбеши керек:

- Бул - жарандардын эркиндигин чектөө жагынан өтө коркунучтуу кадам. Биз, мисалы, Иранда аялдарды паранжа кийүүгө мажбурлоого, Суданда аялдардын шым кийүүсүнө тыюу салынышына каршыбыз. Ушул эле нерсени биз Францияда да айтып жатабыз. Бизде аялдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салгыдай укук жок. Биз дайыма алар тарапта болуубуз керек жана аялдарга баладай мамиле жасообуз абзел.

Коомдук пикир

Бирок сурамжылоолор мыйзам француз коомчулугунда кеңири колдоого ээ экендигин көргөзүүдө. Вашингтондогу Пью борбору өткөргөн соңку сурамжылоо боюнча ар бир он француздун кеминде сегизи муну жактайт. Ушундай эле маанай коңшу Германия, Испания, Британияда бар. Ал жердеги сурамжылоолор да калктын 65-70 пайызы бети-баштын чүмкөлүшүнө тыюу салууну жактарын көргөзгөн.

Конституцияга шайкештик

Коомдогу маанайга карабай Франциянын эң жогорку административдик мекемеси – Мамлекеттик кеңеш тыюу салуунун Конституцияга шайкештигинен күмөн саноодо. Бул органдын эскертүүсүнө караганда, ал мыйзам укуктук талаш-тартышсыз, шыдыр күчүнө киргидей жолду көрбөй турат. Ушундан улам мыйзам парламенттен өткөнү менен Конституциялык кеңеште кармалуусу мүмкүн. Кеңеш мыйзамдын Конституцияга шайкештиги бююнча аныктамасын бир ай ичи чыгарат. Эгер ал жерде четке кагылбаса, документ октябрь айынын орто ченине барып жарыяланат. Бирок эксперттер мыйзамга каршы доо-арыз Адам укуктары боюнча Европа сотуна да берилүүсү мүмкүн экендигин айтышууда. Ал соттун чечими аткарууга милдеттүү деп эсептелинет.

Мыйзам боюнча эрежени бузгандарга 150 евро айып пул салынат. Документтин бул жоболору ал күчүнө киргенден алты айдан кийин гана колдонула баштайт. Бул мөөнөт аралыгында, коомчулукта, паранжасын же никабын чечүүдөн такыр эле баш тарткан мусулман аялдар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү абзел.

Ал эми аялдарды бети-башын чүмкөөгө мажбурлагандар бир жылга абакка кесилет жана 30 миң евро айыпка жыгылат. Эгер жабыр тарткандар жашы жете эле өспүрүмдөр болсо, айыптын өлчөмү эки эсе көбөйтүлөт.

Буга чейин Франция 2004-жылы мамлекеттик мектептерде кыздардын жоолукчан, ошондой эле окуучулардын башка диний символдор менен жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алып, ал да коомчулукта олуттуу талаш-тартыш жараткан болчу.

Европадагы жараян


Аялдардын коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам Европадан Бельгияда да быйыл апрелде кабыл алган. Ал жерде да документ эми парламенттин жогорку палатасы тарабынан бекитилүүсү керек.

Барселона быйыл июнда Европанын ошондой тартипти күчүнө киргизген алгачкы ири шаары болду. Швейцариянын кантондору да ушундай эле чаралардары көрө баштады, Италияда да айрым шаарлар жергиликтүү бийликтин токтомдорунун негизинде ушундай эреже киргизүүгө аракеттенип жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG