Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Иликтөөчү журналист абактан чыкты


Эл аралык укук коргоо уюмдары азери бийлигинен Мухтарлыны бошотууну талап кылып келишкен.
Эл аралык укук коргоо уюмдары азери бийлигинен Мухтарлыны бошотууну талап кылып келишкен.

Азербайжанда сот белгилүү иликтөөчү журналист Афган Мухтарлыны 17-мартта мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Ал 2017-жылы Грузияда баш калкалап жүргөндө ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Көп өтпөй эле аны Тбилисиден азери атайын кызматы уурдап кеткени белгилүү болгон. Афган Мухтарлы эң ириде корррупция, президент Илхам Алиевдин байлыгы тууралуу макалалары менен коомчулукка таанылган.

Сот Афган Мухтарлыны мөөнөтүнөн мурда шарттуу күтүүсүз бошотту. Мындай чечимге эмне себеп болгону азырынча белгисиз, азери бийлиги буга байланыштуу комментарий бере элек. Журналисттин жакындары жана укук коргоочулар ал абактан чыгары менен Германияга, үй-бүлөсүнө учуп кеткенин билдиришти.

Афган Мухтарлы 2015-жылы өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып Азербайжандан Грузияга качууга аргасыз болгон. Анын кесиптеши, журналист Хадижа Исмаилованын айтымында, Мухтарлы коомчулукка коррупция тууралуу иликтөө макалалары менен аты чыккан:

«2015-жылы Афган Мухтарлы Грузияда жүргөндө Алиевдердин үй-бүлөсүнүн, аларга жакын адамдардын байлык-мүлкү жана бизнестери тууралуу бир катар иликтөө макалаларды жарыялаган. Ага чейин Афган Мухтарлы коргоо тармагындагы мамлекеттик сатып алуудагы коррупция тууралуу макалалардын түрмөгүн жарыялаган. Анда армияны ким кантип кийиндирет, ким кантип курсагын тойгузат, эмнеге бул фирмалар тандалып алынган деген кызыктуу, коррупциянын жүзүн ачкан иликтөө материалдары болгон. Бул ошол кездеги эң чуулгандуу иликтөө болгон».


Азери атайын кызматынын өкүлдөрү Афган Мухтарлыны 2017-жылы Грузиядан уурдап кетишкен. Анын алдында журналист артынан кимдир-бирөөлөр сая түшүп аңдый баштаганына тынчсызданган. Журналисттин адвокаты жана аялы ал ур-токмокко кабылганын билдиришкен.

Бакуда Мухтарлынын бошотулушун талап кылган бир катар нааразылык акциялары өткөн. Анын уурдалганына байланыштуу Грузияда да нааразылык акциялары өткөн. Тбилисиде иликтөө башталганы айтылганы менен андан жыйынтык чыккан эмес.

Прокуратура Афган Мухтарлыны «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен алып жүргөн» жана «расмий адамдарга акарат келтирген» деп айыптаган. 2018-жылы январь айында сот аны алты жылга эркинен ажыраткан. Журналист сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары сыпаттаган жана президент «Илхам Алиевдин өкмөтү биздин үнүбүздү баса албайт» деп айткан. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары азери бийлигинен Мухтарлыны бошотууну талап кылып келишкен.

2018-жылы июнь айында Европа парламенти «Афган Мухтарлынын иши жана Азербайжандагы журналисттердин абалы» деген резолюция кабыл алган. Анда Бакуну журналистти чукул арада бошотууга чакырышкан, Тбилиси болсо журналисттин тымызын уурдалышы боюнча иликтөө жүргүзүшү керектиги жазылган.

Азербайжан «Фридом Хаус» уюмунун жалпы эркиндиктер жана басма сөз эркиндиги боюнча индекстеринде «эркин эмес» өлкөлөрдүн тизмесинде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG