Орус бийлиги бул чара менчикти улутташтыруу эмес экенин билдирүүдө. Көз карандысыз эксперттер болсо коопсуздук жүйөсү жеке менчикти кайра бөлүштүрүүнүн жаңы куралына айланышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Дрон чабуулдары жана жаңы талап
Путиндин жарлыгы 24-августта Орусиянын укуктук маалыматтар порталында жарыяланды. Мындай документ даярдалып жатканы буга чейин расмий кабарланган эмес.
Жарлыктын кириш сөзүндө документ Орусия Украинада жүргүзүп жаткан согуш маалында «критикалык инфраструктура объектилерине коркунуч күчөгөнүнө байланыштуу» кабыл алынганы белгиленет. Москва Украинага каршы согушун «атайын аскердик операция» деп атап келет.
Эгер маанилүү объектинин ээси анын коопсуздугун камсыз кыла албаса, көрүлгөн чаралар натыйжасыз деп табылса же чабуулдан жабыркаган ишкана өз убагында калыбына келтирилбесе, өкмөт ал жакка тышкы башкаруу киргизе алат.
Жарлыкта дрон чабуулун токтотууга багытталган чаралар натыйжасыз болгону аныкталса да ушундай чечим кабыл алынары өзүнчө көрсөтүлгөн.
Стратегиялык инфраструктуранын тизмесине мунай иштетүүчү заводдор, энергетикалык жана атомдук объектилер, жолдор, аэропорттор, байланыш түйүндөрү, логистикалык борборлор, транспорт жана коммуналдык ишканалар кирет.
Мындан тышкары, өлкөнүн коопсуздугуна, экономикалык туруктуулугуна жана калктын жашоосуна өзгөчө маанилүү деп табылган башка объектилер да ушул категорияга кошулушу мүмкүн.
Убактылуу башкаруу кандай иштейт?
Тышкы башкарууну киргизүү же токтотуу тууралуу чечимди президенттин тапшырмасы менен Орусиянын өкмөтү кабыл алат.
Мындай учурда менчик укугу формалдуу түрдө мурдагы ээсинде калат. Бирок ишкананы башкаруу боюнча негизги укуктар убактылуу башкаруучуга өтөт. Ал каржылык жана чарбалык чечимдерди кабыл алып, жетекчилерди алмаштырып, каражаттын кандай багытта жумшаларын аныктай алат.
Мүлктү негизинен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттик "Росимущество" башкарат. Ошол эле учурда өкмөт башка компанияны же адамды да убактылуу башкаруучу кылып дайындай алат.
Transparency International Russia уюмунун эксперти Наталья Мухинанын айтымында, менчик ээси кагаз жүзүндө өзгөрбөгөнү менен ишкананын үстүнөн реалдуу көзөмөл башка тарапка өтөт.
«Убактылуу башкаруучу же администрация компаниянын ишмердигине толук финансылык көзөмөл алат. Ал каржылоо, жетекчилерди жана бүтүндөй башкаруу командасын алмаштыруу боюнча чечим кабыл алат. Башкача айтканда, бардык чарбалык чечимдерди кабыл алат. Иш жүзүндө бул мүлктү тескөө дегенди билдирет», - деди Мухина.
Жарлыкта тышкы башкаруу чабуулга кабылган заводго же кампага гана эмес, анын ээсине таандык акцияларга, компаниялардагы үлүштөргө жана башка мүлккө да жайылтылышы мүмкүн экени белгиленген.
"Улутташтыруу эмес"
Орусиянын вице-премьери Денис Мантуровдун айтымында жаңы механизм жеке менчикти мамлекетке өткөрүп берүү дегенди билдирбейт.
«Бул жерде улутташтыруу же менчик формасын өзгөртүү жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Жарлык коопсуздук тармагындагы конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттин ишкананы башкарууга киришин карайт», - деди Мантуров.
Ал кошумчалагандай, жаңы тартип жапырт түрдө колдонулбайт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жарлыктын максаты ишканаларды дрондордон коргоону күчөтүү экенин билдирди. Анын айтымында, айрым ишканалардын ээлери коопсуздук маселесине жетиштүү көңүл бурбай келет.
Ишканалар өзүн өзү коргошу керекпи?
Жарлык украин армиясы Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жана башка энергетикалык объектилерине чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди.
Украин армиясы Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү ишканаларга дээрлик жума сайын сокку урууда. Июль айынын ортосунан тартып Wildberries маркетплейсинин кампалары менен логистикалык борборлору да чабуулдардын бутасына айланды.
Путин жаңы жарлыкка кол койгон күнү Ozon компаниясынын логистикалык объектилерине дрондор чабуул койду. Маркетплейстердин кампалары да жаңы документте көрсөтүлгөн логистикалык инфраструктурага кирет.
Орус бийлиги 2026-жылы жеке ишканаларды өз объектилерин коргоого көбүрөөк каражат жумшоого чакырган.
Май айында РБК басылмасы жеке компанияларга зениттик артиллерия, радарлар, радиоэлектрондук күрөш каражаттары жана атайын автоунааларды сатып алууга уруксат берилгенин жазган.
Ишкерлер сатып алган курал-жаракты резервдегилерден, ыктыярчылардан жана компания кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү ок атуучу топтор колдонору кабарланган.
Бирок мындай жеке абадан коргонуу системасын ири корпорациялар гана каржылай алары, чакан жана орто ишканалардын ага мүмкүнчүлүгү жетпей турганы айтылууда.
"Гибриддик улутташтыруу"
Адвокат Андрей Гривцов белгилегендей, жаңы жарлыктагы талаптарды кеңири чечмелөөгө болот. Анын айтымында, коопсуздук бир гана имаратты дрондон коргоо менен чектелбейт. Маалымат базасы жетиштүү корголбогон авиациялык же байланыш компаниясы да критикалык инфраструктуранын коопсуздугун камсыздай алган жок деп табылышы мүмкүн.
«Мамлекет бизнеске "инфраструктураңарды коргоого акча жумшагыла, эгер жумшабасаңар, башкарууну өзүбүзгө алабыз" деп жатат. Талаптар так болбосо, бул жеке менчикти коопсуздук кызыкчылыгы деген жүйө менен кайра бөлүштүрүүнүн жаңы ыкмасына айланат», — деди адвокат.
Re-Russia долбоорунун директору Кирилл Рогов жарлык чабуул үчүн жоопкерчиликти мамлекеттен ишкананын ээсине жүктөй турганын айтууда.
Саясат таануучу Аббас Галлямов жаңы механизмди «гибриддик улутташтыруу» деп атады. Анын баамында, эми ишкерлер украин дрондорунун чабуулунан гана эмес, жабыркаган ишканасын мамлекеттин башкаруусуна жоготуп алуу тобокелдигинен да чочулайт.
The Bell басылмасы да формалдуу түрдө менчик укугу ээсинде каларын, бирок чет өлкөлүк компанияларга карата колдонулган ушундай механизм көп учурда кожоюндун алмашуусуна алып келгенин белгиледи. Басылма жаңы тартиптин алгачкы талапкерлери катары акыркы жумаларда кампалары чабуулга кабылган маркетплейстерди атады.
Наталья Мухина бул механизм Орусияда биринчи жолу колдонулуп жатпаганын эске салды. Буга чейин «дос эмес мамлекеттердин» компанияларына таандык активдер убактылуу башкарууга өткөрүлүп, кийин алардын айрымдары башка ээлерге өткөн.
«Чечим кандай кабыл алынарын жана эмне үчүн дал ошол ишкана тандаларын түшүнбөй жатабыз. Ушундан улам жеке менчикте калган ишканалардын баары коркунуч алдында турат», -деди Мухина.
Саясат таануучу Дмитрий Орешкин болсо жарлыкты согуш учурунда экономиканы мамлекетке көбүрөөк баш ийдирүү аракетинин белгиси катары баалады. Анын пикиринде, Москва согушту советтик үлгүдөгү мамлекеттик мобилизациянын ыкмалары менен улантууга даярданып жатат.
Жаңы документ ишканалардын кайсы коргонуу чарасы «жетиштүү» же «натыйжасыз» деп табыларын толук аныктабайт. Аны ким жана кандай критерий менен баалары да азырынча белгисиз. Эксперттердин негизги кооптонуусу да ушунда: коопсуздук жөнүндө жарлык тандалган жеке бизнести мамлекеттин же ага жакын компаниялардын көзөмөлүнө өткөрүүчү курал болуп калышы мүмкүн.
Шерине