"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу
Бишкектеги “Мадина” базарынын соодагерлери 28-июлда мэриянын өкүлдөрү менен жолукту. Жыйында соодагерлер мэриянын жаңы “Ала Тоо” базарына "көчкүлө" деген талабына каршы экенин билдиришти. Алар эски базардагы орундарын сатып алышканын, жаңы базарда шарт жоктугун жана ижара акысы кымбат экенин айтышууда. Жыйынга ондогон адам чогулуп, бийлик өкүлдөрүн милиция курчап турду. Мэриянын өкүлдөрү сатуучулардын суроо-талабы боюнча атайын комиссия иштеп жатканын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
Шерине