Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылды. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты.
Кыргызстандын экономикасынын негизги түркүктөрүнүн бири саналган тигүү тармагы кризиске кептелди. Бул тармакка аралашып, калктын калың бөлүгү тиричилик кылчу. Тигүү тармагы кантип талкаланып, чоң базардан сүрүлүп калды? “Азаттык” өлкөдөгү жеңил өнөр жай тармагынын азыркы абалына кызыкты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Бишкекте 50 миң кишиге ылайыкталган “Бишкек арена” стадионунда өттү. Оюн 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Ага дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. Мелдештер спорттун 42 түрү боюнча уюштурулат.
Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деп таанылган Кыргызстан 35 жыл ичинде бир топ олуттуу сыноолорду башынан өткөрдү. Азыркы бийлик өлкө эми гана өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мисал тартып келүүдө.
Бишкектин “Мадина” базарында 30-августта эртең менен өрт чыгып, түштөн кийин гана толук чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 1000 чарчы метр жерге жайылган. Өрттү өчүрүүдө эки кызматкер жаракат алган. Соодагерлер базарды кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап өрттөлүшү мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтып жатышат.
Акын, композитор Аскат Жетиген жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, 19-августта абактан чыкты.
Кыргызстанга алып келинген электр унааларын бажы алымысыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.
2025-жылы мигранттар Кыргызстанга которгон акча 3,5 миллиард доллардан ашып, жаңы рекорддук чекке жеткени расмий кабарланды. Ар башка мамлекеттерде диаспораларды уюштуруп, кыргыз тилин, маданиятын жайылтууга салым кошуп келаткан журтташтар коомду өзгөртүүгө кандай салым кошуп жатышат?
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек.
Тажик акыны Сиявуш Жунайдинин 33 жылдык өмүрү чет элде өткөн. Украинада, Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда жашаган акын кийин Кыргызстандан орун-очок алган. Өзүнүн айтымында, туулган жерден кетүүгө Советтер Союзу ыдырагандан кийинки мекениндеги оор жагдай түрткү болуптур.
Жогорку Сот 3-августта социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолгон Каныкей Аранованын арызын четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы отурумду өткөрүүгө Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо өтүнүчү себеп болгонун айтууда.
Чолпон-Атада 31-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу болду. Ал Украинадагы согуш күчөп, Орусияда мунай базаларына жасалган украиналык дрон чабуулдарынан улам аймактагы бир катар өлкөлөр бензин кризисине кириптер болгон учурга туш келди.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуулардын жыйынтыгында 12 документке кол коюлду. Эки коңшу өлкө ортосунда союздаштык мамиле жөнүндө келишим түзүлүп, Мирзиёевге биринчи даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.
Бишкектеги “Мадина” базарынын соодагерлери 28-июлда мэриянын өкүлдөрү менен жолукту. Жыйында соодагерлер мэриянын жаңы “Ала Тоо” базарына "көчкүлө" деген талабына каршы экенин билдиришти.
Ошто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда.