Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

БШКдагы шайлоо: Жаңы курамга кимдер кирди?

БШКнын жаңы курамына киргендер. Коллаж
БШКнын жаңы курамына киргендер. Коллаж

3-июнда парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Президент жана Жогорку Кеңеш сунуштаган БШКнын жаңы курамына мурдагы депутаттар жана бийликке жакын адамдар кирди. Буга чейин БШКнын мүчөлөрүнүн саны азайтылып, бул органдын көз карандысыздыгына байланыштуу талкуулар болгон эле.

Шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Тынчтыбек Шайназаров кайрадан шайланды. Президенттик шайлоо алдында түзүлгөн БШКнын жаңы курамына кимдер кирди?

Жогорку Кеңеш 3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын сегиз мүчөсүн талкуусуз шайлады. Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, Боршайкомдун мүчөлөрү 12ден 8ге кыскарган.

“Биз азыр суроо-жооп кылбай эле колдоп коё берели. Бирок келечектеги БШК мүчөлөрү ошону унутпаса, өзгөчө 2030-жылы. Авансты унутпагыла”, - деди депутат Дастан Бекешев.

Депутаттардан талапкерлерге суроо берилбегени менен ар кандай каалоо-тилектер айтылды.

Депутаты Камила Талиева: “Бешинчи чакырылышта Бөдөш Аманбаевна менен депутат болдук. Бул жерде гендердик маселе эске алыныптыр. Лейла Лурова менен да өткөн чакырылшта жакшы иштештик. Руслан Жакышев кыргыздын күрүлдөгөн мыкты жигити. Бул жерде Сукем (Сүйүнбек Касмамбетов) отурат. Тааныгандардан айтайын. Баарыңыздарга ийгилик каалайм”, - деди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы. 3-июнь, 2026-жыл.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы. 3-июнь, 2026-жыл.


Боршайкомдун сегиз мүчөсүнүн тең жарымын президент сунуштаса, калган төртөөнү парламенттеги депутаттык топтор көрсөттү. Сегиз мүчөсүн экөөсү – төрага Тынчтык Шайназаров менен Сүйүнбек Касмамбетов кайра шайланды.

“Президент менен Жогорку Кеңеш өз талапкерлерин көрсөттү. Мени “Эл үмүтү – Ата Журт” тобу көрсөттү. Жогорку Кеңештин атынан баратам. Бул мыйзамдуу көрүнүш. 2021-жылы БШКнын курамы шайланган. Мөөнөт бүттү, жаңы курам шайланышы керек. Баары ошол бойдон, коюлган пландын негизинде иштер уланып жатат. Маселе жок”, - деди Тынчтык Шайназаров.

"Талкуусу жок эле шайлап коелу". БШКнын жаңы курамына кимдер кирди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:33 0:00



Мындан тышкары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бөдөш Мамырова, Лейла Лурова, Миргүл Темирбаева жана Русланбек Жакышев жаңы шайланды. Жаңы шайланган мүчөлөрдүн бири Тимур Оторбаев президент Садыр Жапаров 2005-жылдан соң Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жардамчысы болуп иштеген. Анын ысымы Апрель окуясынан кийинки мародерчулукка байланыштуу иште айтылган.

Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин уулу Алмаз Айбалаев да президенттин квотасы менен келди. Ал буга чейин банк жана каржы тармагында иштеп келген. Депутат Кубанычбек Самаков азыркы курамдын кандай иштей турганын мезгил көрсөтөт деген ою менен бөлүштү:

“БШК бизге негиздеме бергенде 12 адамга караганда сегиз мүчө ишмердигин эффективдүү алып бара алат деп белгилеген. Иш жүзүндө көрөлү. Анткени мурдагы курам башынан чоң шайлоолорду, референдум өткөрдү. Азыр алар же булар жакшы иштейт дегенден алысмын”.

Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:04 0:00



Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердиги тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргени жана мүчөлөрдүн санынын азайышы коомчулукта талкууга түшкөн. Бул жараянды келерки жылы күтүлгөн президенттик шайлоого байланыштыргандар да болгон.

Буга чейинки мыйзамда БШКнын курамына парламенттик оппозициянын атынан да мүчөлөр кирчү. Бирок бул шайлоо мыйзамынын өзгөрүшүнө байланыштуу алынып калган. Эксперттер Кыргызстандагы ыңкылаптардын дээрлик бардыгына шайлоодогу мыйзамсыздыктар себеп болгонун айтып, БШКнын курамы өтө маанилүү экенин белгилеп келишет.


Бул жагынан алганда БШКнын жаңы курамында плюрализм сакталбай калды деген сын-пикирлер да айтылууда:

Анткен менен парламенттин айрым депутаттары мындай пикирге анчейин кошулбайт.

“Мыйзам жаңы эле өзгөрдү. Маанилүү саясий кампаниялар бар, эл тарабынан аныкталат. Жогорку Кеңештин шайлоосу жана президенттин шайлоосу. Бул дагы өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү саясий кампания. Бул үчүн биринчи кезекте обьективдүү, ачык-айкындыкты камсыз кыла турган мыйзамдар керек. Ошого байланыштуу БШКда бул мыйзамдарды туура пайдаланып, туура чечмелеп, мыйзам чегинде иштей турган адамдар керек. Бул саясий кампания өтө жоопкерчиликтүү болгондуктан тынч, ачык жана адилеттүү өтүшү үчүн мындай өзгөртүүлөр керек”, - деди депутат Талант Мамытов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы ушул эле күнү алгачкы жыйынын өткөрүп, Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болуп кайра шайланды.

Парламенттин экс-депутаты, кесиби боюнча прокурор Шайназаров былтыр февралдан бери бул кызматты ээлеп келген.


  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG