Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

"Уруксат бербей жатышат". Электромобиль кубаттоо бизнесиндеги кооптонуу

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте электромобилдерди кубаттаган станцияларды орноткон ишкерлер мэриянын чектөөсүнө кабылып жатканын айтып даттанууда. Алардын айтымында, мындай станцияларды курууга талап жогору экенине карабай мэрия уруксат бербей жатат. Калаа бийлиги бул чектөөлөр убактылуу экенин билдирүүдө.

Кыргызстанга акыркы жылдары Кытайдан электр менен жүрүүчү машиналар көп ташылып келип, Бишкек баш болгон шаарларда тейлөөнүн жаңы түрү – электромобилдерди кубаттоочу станциялар курула баштады.

Мындай станцияларды унаа токтотуучу жайлардан көрүүгө болот. Учурда Бишкекте эле 500гө жакын жайда бар.

Бирок март айынан тартып мындай станцияларды орнотууга бийлик уруксат бербей жатканын ишкерлер айтып чыгышты.

Ушу тапта өлкө аймагы боюнча жалпы 15 миңден ашык электромобил катталган.

Ишкерликтин мына ушул түрү менен алектенип жаткан Дүйшөн Казакбаев уруксат алуу жагынан маселе жаралып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Дүйшөн Казакбаев
Дүйшөн Казакбаев

“Курулуш министрлигинен берилген уруксаттарды токтотуу жана уруксат бербөө боюнча чечим чыккан. Ошонун негизинде уруксат бербей жатабыз дешти. Эми архитектура органдары деле аткаруучулар да. Азыр эми биз кат даярдап жатабыз Курулуш министрлигине эмне себептен станцияларды орнотууга макулдук бербей жатканы боюнча. Жаңы арыздарды албаганы мейли, бирок жарым-жартылай башталып калгандары да бар да”.

Электр транспортун жана инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясынын директору Адылбек Курбанов ушул тапта ишкерлер алып келип алган 124 кубаттоочу станция бар экенин, бирок аларды орното албай турганын айтты:

Адылбек Курбанов
Адылбек Курбанов

“Менин айткым келгени 2024-жылдын башында өлкө боюнча 77 гана станция болгон. Бүгүнкү күнү анын саны 484 болуп, 500гө жакындап жатат. Уруксат кагаздарын берүү токтотулганына байланыштуу учурда 124 долбоор арсар абалда турат. 124 долбоор бул кубаттоочу жабдык орнотулушу керек болгон 124 локация дегенди билдирет. Ишкерлер уруксат кагаздарын алуу маселесин өздөрү чечип жатышат. Алар архитектура мекемесине кайрылууда, электр тармагына кошулуу үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына кайрылып жатышат. Бирок "жок" деген жооп алууда. Ошол эле учурда ал анчейин түшүндүрүлбөгөн жооп экенин айткыбыз келет. Биздин өнөктөштөр чектөө боюнча документтерди колуна ала алышкан жок”.

Ишкерлер өкмөттүн буга чейинки экологиялык абалды жакшыртуу максатында электромобилдерди өлкөгө алып келүүнү, кубаттоочу станцияларды куруу боюнча ишкердикти колдогон убадаларын эске салып, бирок тиешелүү документтерди алуу түйшүгүн айтып беришти.

“Мисалы, Турусбеков көчөсүндөгү бул аппараттарды коюуга сегиз ай убакыт кетти. Уруксат кагаздарын алуу үчүн эле. Орнотуу көп деле убакытты албайт, болгону кагаздарына убакыт кетет. Мына, кичине эле муздаткычтын көлөмүндөй жерди ээлеп турган аппаратка бир кабат имарат салгандай эле кагаздарды талап кылышат. Ушуну куруу үчүн болжол менен 12дей ишкана менен макулдашыш керек болот. Аларды бүтүргөндөн кийин гана мэриянын жерлерди көзөмөлдөгөн ишканасы макулдук берет”, - деди ишкер Дүйшөн Казакбаев.

Быйыл февраль айында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү мекемелерге кат жолдоп, муниципалдык жерлерге кубаттоочу каражат орнотуу үчүн архитектуралык-техникалык корутунду берүүнү тез арада токтотууну, буга чейин түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн узартпоону өтүнгөн.

Бишкек мэриясы бул каттын максаты боюнча түшүндүрмө бере элек жана ишкерлердин кайрылуусуна да расмий жооп бериле элек болууда.

Мэриянын маалымат кызматы бул убактылуу гана чектөө экенин айтты.

Ал тапта ишкерлер арасында тейлөө бизнесинин бул түрүн мамлекет өз колуна алгысы келип жатабы деген пикир жаралууда.

Нурбек
Нурбек

“Аларга "булар миллиард сом таап жатышат" деген маалымат барган да. Андай эмес, араң эле иштеп жатабыз. Төрт компания болсо, баары кирешесин көрсөтүп беришти. Башында президенттин демилгеси менен катышып, алкыш баракчаларын алганбыз. Бул өкмөттүн программасы эле да. Биз эми турукташып калганда токтотуп койгону туура эмес. Монополияга айланган иш деп угуп жатабыз”, - деди өзүн Нурбек деп тааныштырган ишкерлердин бири.

Курулуш министрлиги жогоруда ишкерлер айткандай чечим чынында эле бар экенин "Азаттыкка" тастыктады. Мекеменин маалыматында бул тууралуу төмөнкүчө түшүндүрмө берилди:

“Аталган чечим убактылуу жана жөнгө салуучу мүнөзгө ээ. Бул иштин максаты - электр транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө системалуу мамилени толук калыптандыруу, ошондой эле кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо маселелерин иретке келтирүү. Жер тилкелеринин реестрин түзүү боюнча Энергетика министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары зарыл болгон иштерди жүргүзүп жаткандыктан уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулууда”.

Мына ушундай шартта Энергетика министрлиги электр кубаттандыруучу станцияларды чыгарган кытайлык компаниялар менен кызматташа турганын социалдык баракчаларына жарыялай баштаганы да кыргызстандык ишкерлерде суроо жаратууда.

Мекеменин маалыматында министр Таалайбек Ибраев жакында Кытайга барганы, Кыргызстанда орнотулуп жаткан электр заряддоо станциялар тууралуу маалымат берип, аларды орнотуу, заманбап технологиялар менен колдонуу жана өнүктүрүү учурдун талабы деп баса белгилегени айтылган. Бирок бул жерде өз каражатына ошондой станция орнотуп, ишкерлик кылып жаткан бизнесмендерге жардам тууралуу сөз болуп жатабы же мамлекеттин өз алдынча аракетиби, белгисиз.

Юрист Илим Карыпбеков мамлекеттик органдар ишкерлерди узак убакытка белгисиз абалга салуусу туура эмес кадам деген пикирде:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

"Убактылуу токтотуп койгону кандайдыр нерсени ойлонуп, бирок кандай багытта барары аягына чейин чыкпай жаткан болсо керек. Жеке ишкерлерди мындай белгисиз абалда калтырбаш керек. Анткени көпчүлүк ишкерлердин акчасы өзүнүкү эмес. Алар насыя алышат, карыз алат, ал акчанын пайыздары бар. Мындай жагдайдан көбү банкрот болот. Ушунун баары эле топтолуп келип коомдо чыңалууну пайда кылат. Ошондуктан бул маселени эртерээк чечиш керек. Мен колдобойм, эгер мамлекет өзүбүз колго алабыз десе. Андан көрө алар башкаруу системасын эле колго алыш керек".

Ишкер Тилек Токтогазиев мамлекеттин жеке жарандар жүргүзгөн бизнеске кийлигишүүсүн бир тармакты монополияга айлантуу аракети катары сыпаттап, өлкөдөгү бир канча мекеме жеке тараптар жүргүзгөн иштерди өзүнө ыйгарып алуусу кадимки көрүнүшкө айланып баратканын айтты:

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Менин мындай аракетти терс кабыл алам. Бул деген эркин базардан кайра эле мамлекеттик капитализмге болгон кадам десе болот. Азыр көп тармактарда ушундай тенденцияны байкап жатабыз. Ошол эле айдоочулукка окутуу, спирт чыгаруучу заводдордун жабылышы... Мындай терс көрүнүштөр Кыргызстандын инвестициялык климатына да терс таасирин тийгизет. Мамлекет жөнгө салуучу болушу керек. Ал эрежелерди аныктап, алардын сакталышын гана камсыздашы керек”.

Суук түшкөндө ыштан арылбаган Бишкектин экологиялык абалын эске алып, электр менен жүрүүчү унааны көбөйтүү учурдун талабы экенин өкмөт кыйла жылдан бери эле айтып келүүдө.

Быйыл Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүүгө 15 миң машинеге квота берилген. Учурда Бишкекте электромобилдерди кубаттаган станция курган бир нече компания иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаров ишкер корккон абалда, басым-кысым алдында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт деп эсептей турганын быйыл 27-февралда Ынтымак ордодо өтүп жаткан кеңешмеде билдирген.

Ал укук коргоо органдарына кайрылып, ак ниети менен иштеген жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптуу корголушу керектигин эскерткен:

“Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Мындан, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, мэрлерди, акимдерди, бизнесмендерди негизгиз текшергенди токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, текшерип же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганды койгула”, - деген Жапаров.

Президент бизнес үчүн зарыл шарттарды түзүү уланарын, туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер кирерин кошумчалаган жана жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, коррупциядан алыс болууга, чынчыл иштөөгө чакырган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG