27 жаштагы келиндин жана жарык дүйнөгө былтыр эле келген наристесинин сөөгү 6-апрелде жерге берилди. Тажиясы келиндин атасынын үйүндө өттү.
Маркумдун эжелеринин бири Айкан сиңдисинин үй-бүлөлүк турмушунда соңку убактарда болгон окуялар тууралуу "Азаттыкка" буларды айтып берди:
“Ал бир тууган инисине маалыматтарды айтып турган. "Жездең менен конфликт болуп жатат, атама айтпа" деп айткан экен. Атасынын кант оорусу болгондуктан жашырып келген. Буга чейин күйөөсү чогуу иштеген кызын аларын айтып, аялы менен ажырашарын билдирген. Бирок туугандары ага Элвина менен жашоону улантуу керек экенин айтышкан. Кудаларыбыз жакшы адамдар. Элвинанын иниси жакында эле үйүнө барса эшиктин туткалары сынган экен. "Эмне болду?" деп сураса уруш болгонунун айткан экен".
Сөөк чыккан үйгө келиндин кайындары да барышты. Маркумдун кайын эжеси Жумагүл Салиева жубайлардын ортосунда чыр-чатак болгонуна ишенбей турганын айтып, суук кабар аларды нес кылганын билдирди.
Ал окуяга күбө болгон коңшулар менен да сүйлөшкөн экен:
"Мен иним менен келинимдин ортосунда эч кандай чыр-чатакты көргөн эмесмин. Бул кабарды укканда өзүмдү жоготуп, дароо үйүнө бардым. Кошуналардын айтымында, окуяны көргөн эки күбө бар экен. Алар "Биринчи ымыркайы түшүп кеткен, аны кармайм деп кызы да түшүп кеткен. Андан кийин Жанат деп кыйкырып, эки баласын көргөндө шок абалда өзү да боюн таштап жиберген" деп жатышат. Биз киргенде газга тамак бышып жатыптыр. Эгер өз жанын кыюуну ойлосо, тамак жасап отурмак эмес".
Окуянын өзү кандайча болгону тууралуу азырынча так маалымат жок.
Айрым кошуналар адегенде беш жашар кыз кулап кеткенин, артынан келин колундагы ымыркайы менен кулаганын 5-апрелде журналисттерге айтып беришкен.
Жубайлар үч баланын ата-энеси экени белгилүү болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, кырсык болгон күнү төрт жашар ортончу уулу атасы менен үйдө эмес болчу.
Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.
Милиция ал өзү жана кичүүсү ошол жерден жан бергенин, беш жашар кызы ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин билдирүүдө. Министр Дамир Осмонов Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, кыздын абалы менен таанышты.
"Бала өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтаптын мээси жабыркаган, жаагы сынган, оң колунун ийин сөөгү сынган, өпкөсү жана башка ички органдары, ошондой эле ооз көңдөйү жабыркаган. Профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү”, - деп билдирди министрлик 5-апрелде.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармады. Шектүү убактылуу кармоо жайына жеткирилди.
"2026-жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 18:11 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына медициналык мекемеден билдирүү келип түшкөн. Анда 2021-жылы туулган Ж.А. реанимация бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Аныкталгандай, ошол эле күнү саат болжол менен 17:10 чамасында Жал кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин 6-кабатындагы терезеден эки жашы жете элек бала 1999-жылы туулган апасы менен кошо кулап кеткен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду”, - деп айтылды Бишкек шаардык милициясы тараткан маалыматта.
Милиция коомчулуктун үрөйүн учуруп, талкуу жараткан бул каргаша тууралуу башка фактыларды ачыктаган жок.
Жогоруда баяндалгандай, маркумдун туугандары соңку кезде үй-бүлө ичинде чыр-чатак болуп келгенин айтышты. Ал эми шектүүнүн туугандары мындай маалыматты четке кагууда.
Көз жумган келиндин кошуналарынын бири окуя боюнча ачык сүйлөп берүүдөн карманып, бул үй-бүлө тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
"Бул кошунам менен кирип-чыкканда учурашып турчубуз. Кээде үйдүн алдында чогуу отуруп калчу элек. Ынтымактуу үй-бүлө эле. Үй-бүлөдө чыр-чатакты уккан эмеспиз. Күйөөсү деле сылык, маданияттуу адам эле. Ал өзүнүн жанын кыйганга бара турган аял эмес эле. Мен кошуналарымдан уктум, кызынын атын айтып катуу кыйкырып, андан кийин катуу үн чыкты дешти".
Келиндин сөөгү республикалык соттук-медициналык өлүкканада кароо жүргүзүү үчүн жеткирилген.
Маркум Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ал эми жолдошу Ноокат районунан болот.
Бул каргашалуу окуя Кыргызстанда аялдардын жана балдардын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан талкууга чыгарды. 2025-жылдын 11 айында (январдан ноябрга чейин) өлкөдө ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (15 миң 675 факт) 27,5% же 4320 фактыга көп.
Шерине